ЧЕХИЯ: Элишка Новакова 120 жаштын чайын ичип жатканы чынбы?

Жалган Элишка чоң эне. 6.1.2020.

Чехияда айрым шойкомдуу интернет барактарында 1896-жылы туулган чоң эне дагы эле жашап жатат дегендей жалган кабар таркатылды. Мынчалык каратып туруп калп айтуунун максаты эмнеде?

Укмуштуунун төөсү жорго деген ушу!

Кыргызстанда бир калемгер жана саякатчы карыя тээ Тибетке чейин барып, анда жашап жаткан кыргыздарга жолукканын айтып жөн болбостон, уккандын оозун ого бетер ачыруу үчүн «бул камбагал тибеттик кыргыздар 250 жашка чейин өмүр сүрүшөт экен!» деп балп эттиргени эсибизде.

Мындай «жаңылыкты» уккан соң, албетте, анын кийинки саякаттарына сүрөөнчү болом деген «жаңы байлар» ого бетер көбөйсө керек!

Дагы караңыз 250дөгү тибеттик кыргызды учураттыңызбы?

«Тибеттик кыргыз баласы 250 жашка чыгат» деген кабар, сыягы, Гиннестин китебине кирчү кабар болуп калгансыды. Жок эле дегенде барон Мүнхаузен тууралуу уламыштардын жана «туула электе эле чоң атамдын жылкыларын бакчумун» деген илгерки кыргыз калпынын катарынан орун алгысы бардыр...

Ал эми Чехияда «жомокчулар» мынчалык кетишкен жок. Бирок, чынында, европалык стандарт үчүн алар деле укмуштуудай ооз ачырган жомок чыгарышты десек болот.

Айрым жалганчы интернет барактарында (алардын домени Чехияда эмес, Чыгыш Европа жакта экен дешүүдө) таркалган кабарга келсек, анда «120 жашка чыккан Элишка Новакова деген чоң эне» тууралуу маалыматты учуратасыз.

Мисалы, алардын биринде мындайча маалымат бар:

„Chci se dožít 150 let!“ Známá česká dlouhověká obyvatelka řekla, jak prodlužuje život

17:13, 6.01.2020.

Eliška Nováková se narodila v roce 1896 v Rakousku-Uhersku, přežila revoluci, dvě světové války, komunismus, i všechny bývalé panovníky a prezidenty. V České knize rekordů je uvedena jako nejstarší žijící osoba - 14. března dosáhla věku 120 let.

Eliška přežila nejen své vrstevníky, ale také mnoho dětí svých vrstevníků.

Кыргызча котормосу:

«“150 жашка чыккым келет!” Чехтердин узак жашаган белгилүү айымы дагы эле өмүр сүрүүсүн улантуу менен дал ушундайча билдирди.

(Бул – ушундай узун тема, андан кийин саатын жана датасын көрүп турасыздар. – ТЧ).

17:13, 6.01.2020.

Элишка Новакова (Eliška Nováková) 1896-жылы Австро-Венгрияда туулган; ал ыңкылапты, дүйнөлүк эки согушту, коммунизмди көрдү, жана мурдагы падышалар менен президенттердин бардыгынан да узак жашады.

Чехиянын рекорддор катталган китебинде ал өзгөчө узак жашап жаткан инсан катары көрсөтүлгөн: 14-мартта ал 120 жашка чыкты.

Элишка өзүнүн курбалдаштарынан гана эмес, алардын көптөгөн балдарынан да узак жашады».

Опе-ей, укмуш чоң эне турбайбы, бу Элишка эне!

Андан ары текст акырындап өзүнө арбап кирет:

«Tato prababička pravidelně podstupuje lékařské prohlídky. Každý rok doktoři říkají to samé: úplně zdravá, klidně bychom vás zítra mohli poslat do vesmíru...»

«Бул чоң чоң эне ар дайым медициналык көзөмөлдөн өтүп турат. Ар жылы дарыгерлер ага бирдей эле сөз менен кайрылышат: саламаттыгыңыз –– мыкты, ал түгүл Сизди эртең космоско аттандырсак деле болот».

Кандай ажайып!

Эл ишениши үчүн чоң чоң эне (“prababička”) болгон Элишка Новакованын төмөнкүдөй фото сүрөтү да тиркелген:

Элишка Новакова аттуу 1896-жылы туулгандыгы жоромол кылынган жалган рекламалык кейипкердин жалган сүрөтү. 06.1.2020.

Опе-ей!

Түспөлүнө караганда бул чоң эне укмуштай жаш, тың көрүнөт ко?!.

Албетте, далай чехтер бул сыяктуу макалаларды окуп келе жатып эле “сандырак сөз” деп баалап, башка нерсени окуу үчүн интернет барагын алмаштырат, же болбосо “мындан көрө барып досторум менен сыра ичкеним артык” деп басып кетишет.

Бирок чех журналисттери жөн калбастан, бул маалыматтарды лупа менен карай башташкан.

Маселен, “Прима” сыналгы каналы дароо эле жогорудагы интернеттик макаланын жалган жактарын санап берди. Биринчиден, эгерде тиги чоң чоң эне 1896-жылы туулган болсо (биз атайылап чоң чоң эне деп жаздык, ал – чоң энелерге да эне болуп жатпайбы!), анда ал азыр 124кө чыкмак (120 жаш эмес). Экинчиден, чоң энени чех улутунда деп, ал түгүл аты “Элишка” деп көрсөтүшкөнү менен, сүрөттө араптардын хижабын кийген жана түспөлү европалыкка окшошпогон эне көрсөтүлгөн.

Талданып жаткан макала андан ары дарыгер окумуштуу, аты аталбаган университеттик ооруканада (Fakultní nemocnice) доцент болуп иштеген Вилем Рон (Vilém Ron) дегенге шилтеме жасайт.

Чехияда миллиард киши жашабайт, анын калкы болгону 10,6 миллион кишиден турат. Демек, алардын ичинен окумуштуу медиктерди таап алуу –– саман үймөктөн ийне издегендей оор деле жумуш эмес. Анын үстүнө бул жактагы чыныгы илимпоздор өздөрүнүн кимдигин жашырбайт. (Мурда СССРде өзөктүк курал жана космостук иликтөө жаатында иштеген окумуштуулардын кимдиги мамлекеттик сыр болоор эле).

Чех журналисттери Вилем Рон деген илимпоз чын эле бар экендигин, бирок алиги шойкомдуу баракта бул илимпоздукуна окшош ысымды жазып, таптакыр башка сүрөттү жабыштырып коюшкандыгын да тастыкташты.

Праганын Мотол ооруканасында иштеген чыныгы Доктор Вилем Рон (оңдо) жана жалган доктор Вилем Рон (солдо). Салыштыруу үчүн жалгаштырылган сүрөт. 2020.

Чыныгы Вилем Рон (бирок ысымы латынча Vilém Ron эмес –– Vilém Rohn) Прага шаарындагы даңазалуу Мотол ооруканасында иштейт жана доцент катары студенттерге сабак берет. Мотол ооруканасы Европадагы эң эски университеттердин бири болгон Карл университети менен тыгыз байланышта илимий-өндүрүштүк иш алып барат.

Албетте, бул жалган маалыматтын авторго (же авторлор тобуна) кандайча зарылдыгы бар эле?

Жалган дары –– алтынга тете...

Эми бул жалган маалыматты жазып, алтын убакытты коротууга эмне азап дээрсиздер!

Көрсө, макаладагы алиги Элишка чоң чоң эненин "космоско да учууга" шайма-шай болуп турган себеби –– бул маалыматты интернетте жарыялагандардын баланча деген дарыны сатуу аракетинде болгон экен!

Ошол дарынын аталышын (же аталыштарын) бир саамдан соң атай кетмекчибиз.

Алиги дарыга түкүнчө деген чехиялык мекемелер уруксат беришкен деген саптарда да шойкомдуу авторлор Чехияда таптакыр жок мекемелердин аталыштарын көрсөтүшкөн.

Чехиянын Дары-дармекти көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик институту жогорудагы макалада аталган дарыга эч качан уруксат бербегендигин “Прима” сыналгы каналына маалымдаган. Бул мекеме ал түгүл кооптуу делген дары-дармектер жөнүндө атайын интернет барагында жарыялап турат (караңыз: www.nebezpecneleky.cz).

Чехиянын саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз башкармалыгынын өкүлү Давид Шима (David Šíma) мырза шойкомдуу интернеттик реклама жарыялары жана барактары Чехиянын жана Европа Биримдигинин атуулдары тарабынан жарыяланчу болсо, аларды мыйзамдык жактан тизгиндөө мүмкүн экендигин, бирок үчүнчү өлкөлөрдүн аймагынан чыккан маалыматтын ээсинин документтерин табуу кыйынга тураарын билдирген.

Приманын” журналисттеринин жазышынча, алиги шойкомдуу маалымат орусиялык интернеттик доменге таандык болгондуктан, жалганчылардын сары изине чөп салуу дээрлик мүмкүн эмес.

Адатта, көп маселелерди үстүрт гана карап, чала-моңол үйрөнө калып жыйынтык чыгарчу айрым замандаштарыбызга “Тибетте тектешибиз 250 жашка чыккыча жашайт экен” деген сыяктуу сөздөр да, “сонун дары менен 120га чейин чыга алат турбайбызбы” деген үгүт да сыйкырчынын амалындай эле эс тандырчу таасир берет көрүнбөйбү!

Алиги кыйыр рекламалык маалыматтагы “фейк журналист” турмушта жок Элишка чоң энеден ден соолугу эмнеликтен мынчалык мыкты болуп жатканына кызыгып сурайт.

“Элишка чоң чоң эне” болсо мурда өзүнө ылайык дары чөптөрдү токойго барып терип жүргөнүн, эми карылыгы жетип, токойго эч бара албай калганын, бирок акыркы 15 жылдан бери өз кызы немистерден өтө жакшы дары таап келип жатканын, ошону ичсе эле кан тамырлары укмуштай тазаланып калаарын билдирет.

Албетте, окуяны андан ары курчутуу деген ушу да!

Алиги “фейк кабарчы” чоң эненин Германияда жашап жаткан кызына “телефон чалат “(анын ысымы, бирок, бул тымызын рекламалык макалада эч айтылбайт). Ал аял узаткан жоопко караганда, бул дарылар Чехиянын өзүндө эле өндүрүлөт экен!

Ө-өх!

Эптеп чындыкка жеттик. Көрсө, Чехиянын эле дарысы турбайбы! Демек, жергиликтүү чехтерге бул ажайып дарыны Чехиянын өзүнөн эле сатып алууга болот турбайбы!

Ошентип, биз дары таркатууда улам кайталанып жаткан тымызын чынжырдын башкы чекитине келдик.

Биз божомолдогондой эле, бул рекламалык маалыматта “биздин компаниянын гана өзүнүн дары саткычтарына кайрылгыла!” деген тааныш илептеги маалыматка барып такалабыз.

Албетте, бөркүмдөй көрүп турам: ушул эле тымызын рекламалык маалыматка калып болгон кайсы бир текст оболу айрым мусулман өлкөлөрүндө таркатылса керек. Анан алардагы 120 жаштагы “Умм Кулсум апа”, “Санобар апа”, “Зухра апа” сыяктуу тексттер Чехиянын вариантында “Элишка Новакова” болуп калса керек? Ким билет? Балким, мусулман өлкөсүндө кайсы бир чех байбиченин сүрөтү жалган дарыны рекламалап жаткандыр? Балким, Сиздин сүрөтүңүз деле колдонулуп жаткандыр?

(Тек, кыстарып айтсак, чехтер башка учурга, б.а. интернеттик санжыра түзүүгө байланыштуу, “Элишка Новакова” ысымдуу айымдарды тизмелеп чыгышкан. Бирок алардын арасында 1896-жылы туулуп, азыркыга чейин жашап жаткан же жакында эле кайтыш болгон чоң эне жок болуп чыкты. Шилтемени караңыз: www.myheritage.cz/names /eliška_nováková )

Балким, мындан төрт жыл илгери жарыяланган рекламалык вариантта 1896-жылы туулган делген чоң эне 120га чыкты деп санашкан да, коёндой окшош көп ишти тынбай аткарган бечара рекламачылар 2020-жылы эсеп жагын көзгө илбестен (же 124 жашка чыкты дебей, же 1900-жылы туулган болчу деп жазып отурбай эле), эски тексттеги жылды мурдагы күүсү менен колдонуп ийген сыяктуу.

Илгери деле Ала-Тоодо беш жылдык пландын жылдык аткарылышынын көрсөткүчү жасалма жакшыртылган кезеңде “жел козулардын” санын көбүртүп-жабыртып жазып жүрүп, бир айылдын парткому “колхозубузда койдун ар 100үнөн 180ден козу алдык” деп жазам деп, “койдун 180инен 100дөн козу алдык” деп чаташып баяндап алган дешет. Анан эле бул айылга күркүрөп комиссиянын үстүнө комиссия “текшеребиз” деп каптап келген экен...

Непадам бул чех рекламасындагы “кан тамыр тазалагыч” делген дарыны Heart Tonic деп аташабы, же Cardio NRJ, ReCardio, Detonic деп аташабы, же башка да дарыларды сатып алууга ынандыруу үчүн ушул эле текст башка тилдерде саал өзгөртүлгөн вариантта колдонулабы, айтор, карапайым окурман катары биз деле сак болушубуз керек экен.

Учурда Чехияда Cardio NRJ деген дарыны жана ага окшогон жалган дарыларды колдонуудан сак бололу деген мазмундагы макалалар калайыкка сунуш кылынууда.

Чех дарыгерлери жана адистери ар башка аталыштагы жалган дарыны сунуш кылгандар чет өлкөдө жайгашкандыктан, аларды табуу кыйынга тураарын, бирок алардын иш-аракети “эл аралык кылмыштуулук түрүнө” жатаарын белгилешет.

Ал эми окуганына дароо ишенчү кишилерди өз кайырмагына түшүрүү үчүн Cardio NRJ, ReCardio, Detonic сыяктуу ар кыл аталыштагы дарыларды саткандар бул дарынын наркы 1,780 чех кронуна тете экендигин белгилеп, бирок “сиз үчүн гана 890 кронго сатып жатабыз” деп азгырышаарын да чех адистери ачык жазышты (890 крон –– болжол менен 2700 сомго тете).

Шилтеме: www.kupnisila.cz/cardio-nrj-cena-recenze/

Айтмакчы, жалган дары сатуу жаатында кынык алган эл аралык кылмышкерлер бирдей эле кишинин сүрөтүн жана бирдей эле азгырчу окуяны (чоң эненин сыйкырдуу айыгышы же башка аңызды) ар өлкөдө ар башкача аталган жарамсыз жана шойкомдуу дарыларды рекламалоо үчүн колдонуп жатышкандыгы да турмуш чындыгы.

Кокус бул дарыларды саткан ортомчулар “жаза тайып” кармалып калчу болсо, алар деле: “мен жөн гана далдалмын, чыныгы ишкана каякта экенин билбеймин, мен өзүм деле тымызын торго айланган базардын (“сетевой маркет”, ж.у.с.) курмандыгы болуп калган турбаймынбы!” деп суудан кургак чыга бериши ажеп эмес. Балким, ал ортомчу сатуучулар да чын эле курмандыктардыр? Демек, бөөдө жерден жазаланбаш үчүн бул ортомчу сатуучулардын өздөрү да дары саткан бейтааныш тарапты оболу сабаттуулук менен текшерип алууга милдеттүү экенин унутпашы зарыл.

Чех журналисттери кардар болумуш болуп, мындай дарыларды сатып жаткандардын булагын табууга далаалат жасашты. Бирок алар эч бир кадыр-барктуу дары-дармек өндүрүү (фармацевттик) компаниясын таба алышкан жок. Ал эми дарысы чындап пайдалуу болгон дары-дармек ишканалары эч качан бүдөмүктөтүп иш кылышпайт, алардын бардык ишкердик маалыматтары интернетте айдан ачык жарыяланып турат.

Кыскасы...

Деги 250гө деле чыкпай эле коёлу (бирок 120 жаш дегенге кызыкпай коё албайт экенбиз, пендебиз да!), айтор, жалган рекламачылардын шойкомдуу дары-дармеги жок эле (бул да эл аралык жемкорлуктун түрү), жана да, фолк-хистори өкүлдөрүнүн, тил эмизген жемкор саясатчылардын, улам кубулган ар кыл мыкчегерлердин жомокту чындыктай сунуштаган куру чечендигине арбалып калбай, коомдук окуяларды жана көрүнүштөрдү таасын, айкын талдоо жана акыйкаттыкты камсыз кылууга атуулдук үлүш кошуу менен узак жашайлычы, деген ураандарды чакыргандарды колдошубуз абзел.

Прагада дарыканага кезек карантин маалында дал ушундайча уюштурулган. Жөнсүз жанталашып, бири-бири менен түртүшүп турган кардарларды эч көрбөдүм. 24.3.2020.

Караңгылыктын, укуксуздуктун, адилетсиздиктин сазында баш көтөрбөй жүрүп 120 же 250 жашка чыгуу –– азыркы тапта мактаныч деле эмес. Жалгандын тузагынан интернет доорунда да, өзгөчө COVID-19 илдетине каршы жалпы күрөш маалында, абдан этият бололук...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.