Гуантанамо - Барак Обаманын ишке ашпаган ыкыбалы

Гуантанамо түрмөсүнүн туткуну сабакта. 30-март, 2010

АКШнын аскерий комиссиясы чукулку апталарда Гуантанамо түрмөсүндө отургандардын ишин териштирүүнү кайра башташы мүмкүн. Барак Обама 2009-жылы президент катары ант берген күнү Гуантанамодогу туткундардын ишин тергөөнү токтоттурган эле.
“Нью-Йорк Таймс” гезитинин 19-январда жазганына караганда, жакында АКШнын коргоо министри Роберт Гэйтс Кубадагы аскерий абакта кармалган адамдарга каршы жаңы иш ачууга тыйуу салган чечимди алып салганы жатат.

Азыр Гуантанамо түрмөсүндө терроризмге тиешеси бар деп шектелип, Ооганстанда жана Иракта кармалган 170 чамалуу “ал-каидачылар” менен талиптер отурат.
Гуантанамо түрмөсүнүн жалпы көрүнүшү.

Барак Обама 2009-жылы 22-январда президент кызматына ырасмий киришкен күнү АКШнын аброюна көп сөз тийгизген абакжайдын кээ бир туткундарынын ишин жарандык сотто кароону жана аны бир жылдын ичинде жабылат деп сөз берген.

Бирок Конгресс өткөн айда Кубанын четиндеги береги түрмөнүн туткундарын Иллинойс штатындагы түрмөгө которууга кетчү аскерий чыгымдарды каржылоону токтотту. Муну менен Обаманын кеңсесинин туткундарды жарандык сотто соттоо сунушу таш капты. Гуантанамодо аскерий сотту улантуу чечими аскерий комиссиянын сынчыларынын арасында чоң нааразылыктарды жаратты.

Билл Боуринг Лондондогу Биркбек (Birkbeck) университинин эл аралык адам укуктары боюнча профессору. Анын пикиринче, президент Обама коопсуздук системасындагы төбөлдөрдүн кызыкчылыгына каршы тура алган жок.

"Бул, менимче, зомбулук,-дейт профессор Бауринг.- Обама Корнгресстин
Багымдат намазын окуп жаткан туткундардын бир тобу. 28-октябрь 2009
эмес, топтордун кызыкчылыгына каршы тура албады деп ойлойм. Менин оюмча, алар аскерий, тагыраак айтканда, коопсуз чөйрөсүндөгү төбөлдөр. Бул Кошмо Штаттардын өзүндө Обама үчүн бар дилинен добуш бергендердин көңүлүн аябай калтырды.

Сынчылардын айтышынча, аскерий комиссияда айыпталуучунун укугу жакшы корголбойт. Анткени анда далил катары кыйноо, уруп-коркутуу сыяктуу жолдор менен алынган сөздөрдү колдонушу ыктымал, дешет алар.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин Ак Үйдүн атын атабаган өкүлүнө шилтеп жазышынча, жакынкы апталарда АКШнын юстиция министрлиги кылмышкер деп аныктаган Гуантанамонун 30дай туткунунун соту болушу этимал. Биринчи болуп, саудиялык Абд ар-Рахим Насири соттолоору болжолдонууда. Ал АКШнын “Destoyer” кемесине 2000-жылы Йеменде жасалган бомба чабуулун пландаган деп айыпталган. Чабуулда америкалык 16 аскер курман болгон. Насири мурдакы президент Буш тушунда айыпталган. Бирок 2009-жылы ноябрда юстиция министри Эрик Холдер аны иши аскерий комиссияда каралсын деп чечкен. Эми Насири аскерий комиссиянын “элегине” түшчү Гуантанамонун “эң баалуу” туткуну болуп калышы ажеп эмес. Насири АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы - ЦРУнун жашыруун түрмөсүндө сууга чөктүрүүнүн калп ыкмасы менен суралган үч туткундун бири.

Экинчи кезекте Ахмед Дабри турат. Ал да Саудиядан. Дабри болсо Ормуз булуңунда мунай тарткан кемеге чабуул жасоону пландаган деп айыпталган. Бул чабуул ишке ашпай калган.

Гуантанамо абакжайы 2002-жылы президент Жорж Буштун администрациясы кезинде ачылган. Анын туткундары ур-токмокко алынып, оор шартта кармалат деген маалыматтардан улам эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар тарабынан катуу сындалган да. ЦРУнун Польшадагы жашыруун түрмөсү жабылган. Анын ишмердүүлүгүн азыр Польшанын соту изилдөөдө.