Грин-карт уткандын баары АКШга кете алабы?

Кошмо Штаттардын Чикаго шаарында турган Шарипа Мөндөшова, Улан Азимбаев жана Эркин Урманбетов.

АКШда жашоого жана иштөөгө укук берген грин-карт (Green card) лотереясына каттоо аяктайын деп калды. Жыл сайын Вашингтон иммиграциялык виза программасынын алкагында ар кайсы өлкөдөн келген иммигранттарга 55 миңге чейин грин-карт берет. Жылына бул лотереяга дүйнө жүзүнөн миллиондогон адам катышат. Соңку жылдары Кыргызстандан да Америкага бул жол менен кетүүнү көздөгөндөрдүн саны кескин көбөйдү. Буга эмне себеп болууда? Грин-карт уткандын баары эле АКШга кете алабы? Ал жактагы жашоо кандай? Ушул жана башка суроолорго "Арай көз чарай" талкуусунда жооп издедик.

Талкуунун катышуучулары - Кошмо Штаттардын Чикаго шаарында турган журтташтарыбыз Шарипа Мөндөшова, Улан Азимбаев жана Эркин Урманбетов.

Азаттык: Улан мырза, сиз Кошмо Штаттарга грин-карт утуп кеткен экенсиз. Бул лотереяга катышууга эмне түрткү болду эле? Эмне себептен Америкага кетүүнү чечтиңиз?

Улан Азимбаев: Мен студент кезимде эле бул лотереяга катышып, бир-эки жолу документ толтуруп көргөм. Кийин үйлөнүп, чет жактарда он жылдай эмгектенип келгенден кийин жубайымдын демилгеси менен толтуруп, утуп алдык. Ошондо үчүнчү жолкудан ийгилик жылмайды. Ага чейин Европада окуп-иштеп, Кыргызстанга "болду, эч жакка барбайм" деген ниет менен кайткам. Кетүүбүзгө каржы маселеси, акча деле себеп болду деп айта албайм. Болгону өзүм чет жакты көрүп келгенден кийин, жубайым, балдарым да башка жактарды көрүп, дүйнө таанымы кеңейсин дедим. Кудайга шүгүр, максаттарым акырындан орундалып жатат. Америкага келгениме өкүнбөйм. Албетте, мен чет өлкөдө жашап, иштеп көргөндүктөн, бул жакка келгенде деле оңой болбосун билгем. Кыйынчылыктарга даяр болчумун, анын үстүнө үй-бүлөң менен кетиш оор эле. Ошентсе дагы бул жакта досторум, тааныштарым колдоп, акырын көнүп кеттик.

Азаттык: Грин-карт утуп алганыңар белгилүү болгондон кийинки документ иштери канча убакыт алды?

Улан Азимбаев: Эки айдын ичинде тийиштүү документтерди толтуруп жөнөттүк. Андан соң беш айдан кийин гана элчиликке интервьюга чакырышты. Сегиз айдан кийин визаны колго алдык. Баш-аягы бир жылдын ичинде Америкага барып калдык.

Эркин Урманбетов: Ушул жерден кыстара кетсем, грин-карт уткандан кийин кейс-номур деген сиздин жеке номуруңузга чоң маани бериш керек. Ал бирге канчалык жакын болсо, визаны алуу мүмкүнчүлүгү да ошончолук жогору. Ал эми бирден алыс, мисалы 30 миңинчи болсо анда сиздин кезегиңиз келбей деле калышы мүмкүн. Менин тааныштарымдан үч үй-бүлө ошентип утуп, бирок келе албай калышкан. Алардын бири "грин-карт уттуң" деген катты алары менен эле той берип, үйүн, машинесин сатып жиберүүгө үлгүргөн. Айтайын, дегеним грин-уткан бир, визаны колго алуу бул - экинчи нерсе. Номурдан тышкары, документтерди баарын туура толтуруу керек. Ошондуктан эч шашылбай, Интернеттен окуп, баарын туура кылуу зарыл. Визаны колго алгандан кийин гана үй-мүлкүңөрдү сатып, көчүүгө камына берсеңер болот.

Азаттык: Акыркы эки жылдан бери грин-картка тапшыргандардын саны абдан көбөйгөнү силерге деле байкалып жатса керек. Сүрөт салондорунда кезекке тургандар көп, акчага толтуруп берем деген атайын компаниялар толтура ачылды. АКШга кетүүнү каалагандардын көбөйүшүн эмнеден көрөсүз?

Шарипа Мөндөшова: Албетте, баары эле бул жактан өз бактысын табам деп келет да. Кошмо Штаттарды биздин мамлекеттер менен салыштырып болбойт. Адам укуктары корголот, сылыктык, маданияттуулук бар. Кантсе да өнүккөн өлкө да. Ошону менен катар көнүп, орун-очок алып кетүү биздикилер үчүн абдан эле кыйын. Психологиялык-эмоционалдык жактан колдоо жок. Моралдык жактан адам даяр болуш керек. Андан тышкары кыз болобу, эркек болобу жок дегенде өзүнө тамак жасаганды билип алса ашыкча болбойт. Анан сөзсүз тил билүү зарыл.

Эркин Урманбетов: Албетте, Кошмо Штаттары бул дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекеттердин бири. Бул жакка келип иштеп, "америка кыялын" ишке ашырууга бардык улуттар ашыгышат. Социалдык тармактардын өнүгүшү менен грин-карт тууралуу маалымат көбүнө жете баштады. Андан тышкары, замандын талабына жараша Кыргызстанда ар кандай агенттиктер ачылып, акысына документтерди толтуруп берип жатышат. Албетте, англис тилин билбегендерге, туура толтура албагандарга бул деле жакшы. Америкага кетүүгө умтулгандардын көбөйүшүнүн себептери көп. Чет жактагы мекендештер эртең менен ойгонорубуз менен эле Кыргызстандагы маалымат агенттиктерин ачып, мекенибиздеги жаңылыктарды окуйбуз. Алардын 90% негатив: өлтүрүп, зордуктап кетти, жол кырсыктары. Саясий-экономикалык абал туруктуу эмес. Эртең эмне болуп кетерин эч ким билбейт. Иштейин десе жумуш жок. Ишкерлик кылайын десе коррупция күч. Ошонун баары эле четке кетүүгө түрткү болуп жатат го. Курсагы ток, туруктуу жумушу бар, эртеңкиси үчүн санаасы тынч адам эле кантип бөтөн жерге кетейин десин.

Талкуунун толук версиясын бул жерден угуңуз:

Азаттык: Грин-карт бул - Америкага кетүүнүн эң мыйзамдуу жолу. Ошентсе да акыркы мезгилде Мексика аркылуу Кошмо Штаттарга өмүрүн тобокелге салып кеткен кыргызстандыктар көбөйгөнү кабарланууда. Дегеле АКШга барарда эмнеге даяр болуу керек?

Улан Азимбаев: Азыр блогерлер, маалымат каражаттары Америкадагы кыргыздардан маек алышканда алар башында кантип кыйналганын айтпай эле, кийин жеткен жыргал жашоосун айта беришет. Анын артында эмне турганы билинбеген бойдон калат. Мындан улам баары эле Кошмо Штаттарда жашоо укмуш экен деп ойлошот. Албетте, башында баарына эле кыйын болот. Тил маселеси бар. Кыргызстандагыдай ал-акыбалыңды сураган киши жок. Жаныңды багып кетиш үчүн 24 сааттын 12-18 саатын баш көтөрбөй иштешиң керек. Ага жашоодо бир так максаты бар гана адам чыдап, иштеп кете алат. Көптөр моралдык колдоо жок чүнчүп кетишет. Ден соолугунан жабыркашат. Мына азыр трак (жүк ташуучу чоң машине) айдагандар жакшы акча табарын айтып келишет. Бирок алар канчалык ден соолугунан ажырап жатканын эч ким билбейт. Бөйрөктөрү ооруйт, грыжа пайда болот.

Эркин Урманбетов: Улан байке туура айтат, мен өзүм дагы Америкадагы он жыл жашоомдун төрт жылын тракта өткөрдүм. Бул убакыт ичинде акча таптым, акыры ден соолугум жабыркап операция болдум. Ага да олчойгон акча төлөдүм. Демек, акча асмандан түшпөйт, ар бир нерсенин өз баасы бар. Инстаграмда эле кооз жашоону көрсөткөндөргө ишенбеш керек.

Шарипа Мөндөшова: Бул жакка келерде саламаттыгын бир сыйра текшерүүдөн өткөрүп, тиштерин толук жасатып, дарылатып келиш керек. Медицина абдан кымбат, догдурга көрүнүү оңой эмес. Дары сатып алыш кыйын.

Азаттык: Четте жүргөн журтташтар мекен үчүн өзгөчө күйүп-бышат эмеспи. Учурда Кыргызстанда силерди эмне түйшөлтөт?

Шарипа Мөндөшова: Бул жакта мыйзам күчтүү, баары ошого баш ийишет. Кыргызстанда да ар бир адам мыйзамды сыйлап, аткарып, алардын укуктары бузулбаса деп ойлоном. Ажааткана, таштанды маселеси түйшөлтөт. Жаштар билимин өркүндөтсө... Кыргызстандын жаштарынан аябай үмүтүм чоң. Эң айласы кеткенде IT тармагында алты ай чыдап окуп, мекенден чыкпай деле жумуш таап алса болот. Анан өмүрүн тобокелге салып, токой аралап, суу кечип АКШга келүүнүн кереги жок. Андан көрө ушул грин-карт толтуруп, утуп, мыйзамдуу келишсин.

Эркин Урманбетов: Өлкөдө болуп жаткан акыркы окуялар жүрөктү өйүтөт. Сөз эркиндиги сакталыш керек. Ар дайым чет жактагы журтташтардын үнү болуп келген "Азаттыктын" сайтынын мекенде жабылышы капалантат. Мисалы, мен азыр керек болсо Америкада Байденге же Трампка каршы пикетке чыксам, мени эч ким камабайт. Анткени бул менин жеке оюм. Мыйзамсыз жолдор менен Америкага келүүгө ашыкпагыла, жакшы жашоону убада кылган блогерлерге ишенбегиле.

Азаттык: Убакыт бөлүп талкууга катышып бергениңерге рахмат. Алыста аман болгула.