Бишкек "жунглиси" көрүүчүлөрдү күтөт

Гүлдөп турган кытай розасы. Бишкектеги оранжерея 1947-жылы курулган.

Оранжерея - Африка, Түштүк-чыгыш Азия жана Түштүк Америка болуп үчкө бөлүнөт. Ар бир бөлүктө жогорудагы аты аталган аймактардын климатында өскөн тропикалык жана субтропикалык өсүмдүктөр өстүрүлөт. 

"Жыл сайын башка өлкөлөрдөн өсүмдүктөрдүн уругун алып, ар бир өсүмдүктү өзүбүз өстүрүп чыгабыз. Оранжерия жакында эле оңдоп-түзөөдөн өттү. Бирок анын жылуулук системасы да оңдоп-түзөөгө муктаж. Тилекке каршы ага акча жок. Кыш келген сайын 2018-жылдын кышындагы окуя кайра кайталанбаса экен деп коркобуз", - деди оранжериянын жетекчиси, биология илимдеринин доктору Ирина Бондарцова.

Жыл сайын мындагы өсүмдүктөрдүн катары толукталып турат. Мында улам бакчада орун жетишсиз. 

Оранжереянын сырткы көрүнүшү.

Оранжереядагы 70 жылдан бери өсүп турган пальма. Пальманын бул түрүнүн мекени Түштүк Америка.

Оранжереянын жылуулук системасы толугу менен оңдоп-түзөөгө муктаж. 2018-жылы кышында ЖЭБде авария болгон учурда оранжереянын жылуулук системасы жарылып, күнөскананы муз каптап, өсүмдүктөрдүн 1167 түрү жок болуп кеткен. 

Оранжереяда кактустун 500гө жакын түрү өсөт. 

Кактустун бул түрүнүн гүлү колго жиптен токулган жылдызчага абдан окшош. 

Оранжереядагы бул банан жыл сайын гүлдөп, түшүм берет.

Банан - жалбырагынын узундугу 3-5 метрге жеткен көп жылдык өсүмдүк. Ал жылуу климатты сүйөт.

Бишкектеги ботаникалык бак Кыргыз улуттук илимдер академиясынын карамагында. 

Наристенин көз жашы деп аталган өсүмдүк. Анын жалбырактары абдан майда. Гүлү күлгүн түстө болуп, формасы жүрөкчөгө окшош. 

Убагында 15 киши иштеген бул оранжереяда бир киши иштеп жатат. Айлык аз болгондуктан жумушчуларды табуу өтө оор.  

Оранжереянын коллекциясындагы айрым өсүмдүктөр күндү жакшы көрсө, кээ бир гүлдөр көлөкөдө жакшы өсөт. Мындан улам теплицанын ичине айрым дарактардын түрлөрү да өстүрүлгөн. 

Оранжереяда гүл өстүрүү боюнча мастер-класстар уюштурулуп, каалоочулар үчүн айрым гүлдөрдүн түрлөрү сатылат. Андан түшкөн каражатка жаңы гүл отургузула турган идиштер сатылып алынат. 

Тирүү таш деп аталган өсүмдүк. 

Бакчага каалаган киши кирип көрсө болот. Кирүү акысы студенттер жана окуучулар үчүн 25 сом.  Чоң кишилер үчүн - 50 сом. Бирок оранжереяга саякатка келгендер өтө эле аз. 

Оранжереянын жетекчилиги көрүүчүлөрдөн түшкөн акчаны чогултууга аракет жасаганы менен, киши көп келбегендиктен каражат чогулбайт. Мындап улам оранжерея мамлекеттик колдоого муктаж.

Бишкектеги Ботаникалык бактын оранжереясында Кыргызстандын флорасында кездешпеген тропикалык жана субтропикалык экзотикалык өсүмдүктөрдүн 500 миңге жакын түрү өсөт.