Орто кылымдарда Жапонияда чыккан Кисса Йожокинин жылбаянында көк чай жүрөккө пайдалуу экендиги, узак жашоого өбөлгө түзөрү белгиленген.
Калк арасында да мындай түшүнүк кеңири жайылган. Азыркы заманда чай өндүргөн жана биологиялык активдүү кошулмаларды саткан компаниялар көк чайдын түмөн түрүн өндүрүп, чоң киреше алып келчү тармакка айлантканын «Newsweek» журналы маалымдап, анын саламаттыкка пайдалуу негизги өзгөчөлүктөрүн санап өткөн.
«Чайдын кандай пайдалуу жактары бар? Аны кимдер иче албайт?» деген суроолорго жооп издедик.
«Кан басымымды жөнгө салыш үчүн ичем»
63 жаштагы бишкектик Азиза көп жылдан бери кан басымы жогорулап жүрөт. Ал көк чайды дал ушул себептен улам ичерин айтты:
- Негизи мен кара чай ичсем, кан басымым көтөрүлүп, башым ооруп чыгат. Жеңилдейин деп көк чай ичем. Эртең менен, анан түшкүсүн демдеп ичем. Себеби бирөөлөрдөн уккан элем, «кечкисин ичсе болбойт» деп. Анан жумушта жүргөндө иче албай калам, айла жок кара чай ичүүгө туура келет. Организмимде катуу өзгөрүү деле болбойт, ошентсе да кичине жеңилдеп, башымдын ооруганы басыла түшөт.
Мээрим Сайдилканова да көк чайды көп ичкендердин катарында. Ал аны эртең мененки суунун ордуна да ичет.
- Төрт жылдан бери эртең менен турганда суунун ордуна эле иче салам, - дейт ал. - Организмди тазалайт деп ойлойм. Жатарда да ичем. Кара чайдагыдай кошулмасы жок, табигый болуп жатпайбы. Ошондой эле көптөгөн оорулардын алдын алат жана арыктаганга жардам берет деп уккам. Экинчи баламды төрөгөндөн кийин 10 килограмм арыктагам. Эртең менен турганда дароо көк чай ичип, күндүз да түшкү тамакта калтырбай иччүмүн. Жатарда да кайсы маалда жатсам да аны жарым саат мурда ичип жатчумун. Арыктоонун жакшы дабасы экен, көп жыл болуп калды. Үзбөй ичип жатам.
«Жапондордун жаштык сыры»
Кара чайдын да, көк чайдын да мекени - Кытай. Бул камелия тобундагы чай өсүмдүгү болуп саналат. Кара чайдан айырмасы - анын жалбырактары боёлбойт жана химиялык ар түрдүү аралашмалар кошулбайт, ферменттелбейт.
Көк чайдын экинчи мекени - Жапония. Бул өлкөдө жылына 100 миң тонна өндүрүлөт. Талап да катуу коюлат. Күн чыгыш өлкөсүндө иштеп жүргөн кыргызстандык Нурбек Ибрагим көк чай жапон маданиятынын ажырагыс бөлүгү экенин кеп кылды:
- Жакында эле биздин техникалык кызматкер жапон аял менен сүйлөшүп калдым. Жашы 62-63кө чыгып калган эле улгайган эже. Аны жаңы жылы менен куттуктап: «Кандай эс алдыңыз, кайда бардыңыз?» десем, биз жашаган шаардан кичине алыс жайгашкан жерде апасы жашайт экен. Ал жаңы жылды энеси менен чогуу тосконун, энеси дагы эле тың, чуркап жүргөнүн айтып берди. Ойлоп көрсөм, кесиптешимдин жашы алтымыштан ашса, энеси сексенден ашып, токсонго караган эле байбиче да. Мен жапон эжеден: «Узак жашайсыңар, карысаңар да жаш балдардай тыңсыңар, мунун сыры эмнеде?» - деп сурап калдым. Анын айтымында, жапондор байыртан бери эле көк чайды басып-туруп тынбай иче беришет, жаштыктын, дени сактыктын дабасы дал ушул көк чай экен. Чындыгында жапониялыктар аябай узак жашары баарына эле маалым. Анан калса жүздөн ашкан чал-кемпирлери өтө тың, акыл-эси ордунда болот.
Химиялык курамында бардык заттар кезигет
Гарвард медициналык мектеби көк чайдын курамындагы флавоноиддер адамдын кан тамырын бүтөп калган бүртүкчөлөрдү тазалай тургандыгын, ушундан улам кан басымы жөнгө салынарын аныкташты. Ошондой эле чайдын бул түрү организмдеги холестериндин деңгээлин да түшүрөт.
Тибет медицинасынын профессору Анархан Надирова анын химиялык курамы тууралуу буларды айтып берди:
- Биринчи кезекте, көк чайда кофеин кара чайга салыштырмалуу көбүрөөк. Себеби, ал ферментациядан өтпөйт да. Мындан сырткары, Менделеевдин таблицасындагы бардык заттардын жарымынан көбү бар деп айтсам жаңылбаймын. Салыштырмалуу кара чай менен сары чайда микроэлементтер азыраак. Көк чайда алтындын бөлүкчөлөрү болот, бул металл көп эле өсүмдүктө кездеше бербейт. Ал тургай көк чай ферментация болсо деле калып калат. Ошондой эле биздин организмге керек марганец, калий, натрий, магний, витаминдердин ичинен адам денесине абдан пайдалуу В тобундагылар мол учурайт. Буга кошумча амминокычкылдар көп. Ушул заттардын баары чогулуп, биздин организмибизге абдан чоң пайда алып келет. Болгондо да биринчи кезекте денебизди тазалайт.
Батыш окумуштуулары дал ушул аминокычкыл заттар адамдагы залалдуу шишиктин клеткаларын азайтып, тазалоочу касиетке ээ экенин белгилешет. Адистер айрыкча уйку без, жоон ичеги, өпкө шишигинен жабыркагандар көк чайды ичсе пайдалуу дешет. Ошондой эле ооздогу жагымсыз жыттарды азайтат. Ооз көңдөйүндөгү бактерияларды тазалап, вируска каршы иммунитетти пайда кылат.
Профессор Надирова да муну ырастап, дене табы көтөрүлгөн маалда аны ичүү пайдалуу экенин белгиледи:
- Жаш балабы, улгайып калган кишиби, бардык курактагылар суук тийип ооруп калганда ысытманы түшүрүш үчүн дал ушул көк чайды ичсе болот. Дары-дармектин баары эле вирустарды, микробдорду токтотуучу жана өлтүрүүчү деп экиге бөлүнөт эмеспи. Көк чай микробду өлтүрүүчү түргө кирет. Андыктан вирустук жана бактериялык жугуштуу ооруларда кеңири колдонсо пайдалуу.
АКШнын Тамак-аш жана дары департаменти көк чай адамдын нерв системасын калыбына келтирерин да аныктады. Анын курамындагы кофеин чыңалган нервди бошотот. Гамма аминокычкылдар нейрондордун жакшы иштешин шарттап, коркуу сезимин азайтат, эстутумду курчутуп, мээнин иштешин жөнгө салат.
Кимдер иче албайт?
Көк чайды кимдер ичсе болбойт? Надированын айтымында ашказанында, ичеги-кардында жарасы барлар, кош бойлуулар, бала эмизген аялдар жана кан басымы төмөн кишилер бул чайды ичпеши керек.
- Эгерде жоон, он эки эли же ичке ичегиде жара болсо, өнөкөт ашказан оорусунан жабыркаса, оору күчөп турган маалда ичкенге болбойт, - дейт адис.
- Анан кош бойлуу аялдар менен бала эмизгендер да иче албайт. Бала эмизгендер өтө этият болушу керек. Анан көк чайды жатарда ичкен да туура эмес. Себеби, анын курамында кофеин бар экенин айтпадыкпы, ал уйкуну качырат. Ошондой эле чайдын бул түрү денедеги суюктуктарды айдап чыккандыктан, түнкүсүн табарсык улам-улам бошой бериши мүмкүн.
Мындан тышкары, көк чай косметологияда да кеңири колдонулат. Надирова аялдар жатарда жана эртең менен бетти, моюнду көк чай менен жууса бырыштары кетип, тери оңой дем аларын да айтты.