Евробиримдик Грекия менен Түркиянын чек арасын бекемдеп жатат

Түркиядан Грекияга өтүүгө умтулган мигранттардын жолун грек полициясы тосуп жатат. 4-март, 2020-жыл.

Евробиримдиктин чек араны тейлеген орток мекемеси - «Frontex» Грекияга кошумча күч жөнөттү. Алар Жакынкы Чыгыштан агылган мигранттар көбөйгөнүнө байланыштуу грекиялык кызматташтары менен бирге эки ай бою чек араны көзөмөлдөшөт. Мурдараак Австрия менен Кипр Грекияга эки тараптуу алакалардын алкагында өз күчтөрүн жөнөтүшкөн.

Буга чейин грек өкмөтү Түркия менен чек арасына узундугу 36 чакырымга жеткен тосмо куруларын билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги билдиргендей, учурда Түркия менен Грекиянын чек арасында 116 миңдей качкын бар. Алардын 5500дөйү - жакындары жок жүргөн балдар.

Эки жума мурда Түркия Европаны көксөгөн качкындардын жолун ачкан. Грек полиция чек арадан өтүүгө аракет кылгандарды жаш агызчу газ атып жолун тосуп келген.