Сапар карыса да көч токтобосун

Жолдош Турдубаев.

Өкмөт башчылар бизде 28 жылда 29 ирет алмашыптыр, эми отузунчусу келгендеги кербези… Жаман айтпай жакшы жок – жоопкерчиликти бекемдебесек, көч бүлгүнгө учурап, эгемендиктен кол жууп калышыбыз ыктымал…

Талоончуларды тайраңдаткан тутум

Кумтөрдү талоонго салып беришке көнбөй койгон Насирдин Исанов "өлтүрүлдү" деген имиш да айтылып жүрөт.

Иштей албагандын ордуна иш билгисин дайындаш үчүн эмес, мителердин жеп-ичишине шарт түзүш үчүн өкмөт жетекчилери тез-тез алмаштырылып келди. Ошондуктан «Чейрек кылымдан ашуун мезгилде Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгын ойлогон өкмөт башчы болду беле бизде?» деген суроону бербей эле коюш керек. Андай ниети бар, колунан да иш келгидей жетекчилер бийликке бута атым жолотулбай же кокусунан жетип калган болсо, тез эле болбогон шылтоолор менен кетирилип турду. Ал түгүл Кумтөрдү талоонго салып беришке көнбөй койгон Насирдин Исанов "өлтүрүлдү" деген имиш да айтылып жүрөт.

Биздеги жогорку даражалуу кызмат орундар «май-талкандуу», б.а. коррупциялык жол менен тез байыганга ыңгайлуу болгондуктан, чайкоо товарындай сатылып келди. Алгач ирет муну ушул Сапар Исаковдой эле кыска убакыт өкмөткө жетекчилик кылган Жумабек Ибраимов ачык айтып чыкты эле, "министрдин орду 50 миң долларга сатылат экен" деп таң калып.

Демек, өкмөт алмашкан сайын бир жыл, жарым жыл ичинде күпчөктөй семирип, арааны ого бетер ачылгандар менен катар кичине токбайсынып, ишке көңүлдөнүп калгандар да кетирилип, ордуна жеп-ичкенге ашыккан ач бөрүлөр келтирилип туруптур. «Жаңылар» бийлик чокусундагылардын капчыгын кампайтып, анан өздөрү таламайга киришип…

Биздеги мителерди кутурткан башкаруу тутуму иштин кызыкчылыгына эмес, жеп-ичүүнүн мүдөөсүнө ыңгайлаштырып түзүлгөн. Аткаруу бийлигинде ыйгарым укуктар менен конкреттүү милдет (чечим чыгаруу эркиндиги менен ал үчүн жоопкерчилик) теңдештирилген эмес, тескерисинче, такыр ажыратылып калган. Президенттин каалоосу, ачык же тымызын берилген буйруктары боюнча жасалган иш-аракеттердин натыйжасы үчүн ал өзү эмес, өкмөт оозеки айыпталып, бирок дал ушул жагдайга байланыштуу жоопко да тартылбай, болгону өтө оркойгон жосундардан улам чечимди кабыл алууга түздөн-түз тиешеси жоктор эле кызматынан кетирилип жатты. Премьер-министр менен кошо министрлер да кол жоолуктай алмашып, бир да жетекчи ишти ырааттуу жүргүзүүгө жетишпей, утурумдук опур-топурга убактысы короп турду.

Өкмөттү улам алмаштыра берүү иштин ырааттуу жүрүшүнө мүмкүнчүлүк бербей, бир жетекчи баштаган демилгени кийинкиси улантпай, дээрлик дайым иштегендей гана түр көрсөтүлүп, негизинен жеп-ичмейге кынык алган мителердин гана мүдөөсү канааттандырылаары баарыбызга түшүнүктүү болду окшойт. Эми мындай чалмакейди токтотууга чамабыз жетеби?..

Жоопкерсиздик канткенде жоголот?

Сапары эрте карыган кечээки премьер "эми мындан аркы иштерге президент өзү жооптуу" деди. Туптуура, ушундай болууга тийиш. Бирок жаңы президенттин жана өкмөт башчынын жоопкерчилигин бекемдеш үчүн буга чейинки жетекчилердин баарын териштирип, ар бир мыйзам бузуу фактысы боюнча күнөөлүүлөрдү аныктап, жазалоо зарыл.

Жогорку Кеңеш.

Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген чечимдерди кабыл алгандар, колдогондор чыккынчы катары айыпталып, башкаруу тутумунан алыс куулушу керек. Бул кечиктирбей башталышы өтө зарыл болгон эң минималдуу талап. Андан соң же ошого жанаша эле ар бир «баатырдын» жазык жоопкерчилигин караш керек. Элге, мамлекетке зыяны тийген кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн алып салуу зарыл.

Ырас, Акаев менен Бакиевди алардын доорундагы жеп-ичкендер менен кошо жоопко тартуу оңойго турбайт, бирок такыр мүмкүн эмес дегенге да болбойт. Эгер бюджетти талоонго учураткан, өлкөнүн экономикасына оор зыян келтирген иш-аракеттер боюнча бардык документтерди ачыкка чыгарып, кылдат иликтесе, юридикалык жактан сабаттуу тариздеп кайрылса, эл аралык укук коргоо уюмдары элдин уурдалган ырыскысын офшорлордон, Швейцариядагы банк эсептеринен кайтарып алууга көмөктөшүүсү ыктымал. Өткөөл мезгилде президент болуп турган Роза Отунбаева БУУнун жыйынында ушундай мааниде кеп козгоду эле, эми бул ишти ар тараптан ойлонуштуруп, кайра колго алыш керек.

Бир жерден бүлдүрүп, кызматынан бошотулган адам башка жерге барып дагы бир кызматка туруп калбашы керек.

Мамлекеттик башкаруу тутумун түп-тамырынан бери реформалап, артыкбаш, бири-бирин кайталаган түзүмдөрдү жоюп, эң зарылдарын, реалдуу иштегендерин гана калтырып, ар бир кызматкердин жоопкерчилигин күчөтүп, эмгек акысын базардагы соодагердин орточо кирешесинен калышпагыдай өлчөмдө белгилөө зарыл. Кадрларды даярдап өстүрүү, тандоо, дайындоо, ротациялоо ишин жолго коюш керек. Мурда-кийин былык иштерге аралашкандарды башкаруу тутумунан биротоло кетирүү абзел – бир жерден бүлдүрүп, кызматынан бошотулган адам башка жерге барып дагы бир кызматка туруп калбашы керек. Мамлекеттик кызматтарга дайындоодо ар бир кадрды ким сунуш кылса, анын туура иштеши үчүн саясий жактан жоопкерчиликти моюндашы кажет.

Башкаруу тутумундагы эле эмес, бюджеттен айлык алып иштегендердин баарынын, мисалы, мугалимдер менен дарыгерлердин эмгек акысын ушундай көтөрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Буга кайра бюджеттин ачык-айкындыгын камсыз кылуу, салык төлөөчүлөрдүн (элдин!) эсебинен чогултулуучу бул каражаттардын туура сарпталышы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү аркылуу жетише алабыз. Эгер кычкачты 600 доллар, көчөттү 9000 сом деп элди мазактаган мителер түрмөгө отургузулса, элдин ырыскысын төгүп-чачкандардын баары жазаланса, бюджет куржунунун тешик түбү бүтөлөт да, тышкы карыз азайып, киреше өсө баштайт. Кыргызстан гүлдөп өнүгүү жолуна түшөт.

Пейилибиз оңолсо, көч түзөлөт

Ырас, жаңы өкмөт компромисстик негизде куралып калды, анын түзүмү да өзгөртүлгөн жок. Бирок мүмкүнчүлүк бар, көп кечиктирбей реформа жүргүзүүгө болот. Сот бийлигин эмитен эле паракорлордон тазалап, өз алдынчалыгын бекемдеп, нукура кесипкөй парламентти шайлоого азыртан камына бериш керек.

Эгер президент менен өкмөт ушундай кадамдарды жасаганга саясий эрки жетсе, улут көчү (Атамбаевдики эмес!) өксүбөй уланат. Болбосо, утурумдук уу-дуу менен эле чектелип, коррупцияга каршы күрөш ураанын саясий атаандаштарды куугунтуктоо максатында пайдаланган мурунку бийликтин жосунун кайталаса, анда Кыргызстандын эгемендиги сакталбай калышы ыктымал…

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.