Кыргызстанда көпчүлүк учурда саясатчылар аралашкан чуулгандуу иштерди укук коргоо органдары иликтеп жаткан кезде тергөөнүн купуялыгы деген негизде көп жагдай коомчулукка ачык айтылбайт.
«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси, юрист Чолпон Жакупова ачык жыйында күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жарыя кылуунун мыйзамдык жагына токтолду:
«Тергөөнүн купуялыгынын көз карашынан алганда деле туура эмес экени көрүнүп турат. Анда эмне үчүн күнөө сот тарабынан далилдениши талап кылынат? Себеби адам өзүнө өзү каршы чыгышы мүмкүн. Кылмыш кылгандыгы тууралуу моюнга алышы жетишсиз, бул жерде толгон-токой фактылар болушу керек. Анын баарын далилдөө базасы деп коюшат. Баарын чогултушат. Бул жерде болсо мындай болуп жатат: мен келдим да, «кайсы бир журналистке жарым миллион сом» бердим деп айттым. Бирок бул болгон иштин аныктыгын билдирбейт. Бул эми оозго келгенди оттоп коюу. Антип бардык кишини айыптуу кылса болот. Мындайга жол берилбеши керек. Болгондо да тергөөчүлөр тарабынан ушундайга жол берилбеши керек эле».
Жакупова тергөөдө күбөдөн сурак учурундагы сөздөрдү жарыя кылбоо боюнча тилкат алынарын белгилеп, бирок тергөөчүлөр өздөрү көрсөтмөлөрдү ачык жарыялап салганын сындады.
Дагы караңыз Жакупова: УКМКнын «далили» - карандай жалаа2-июнда кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отурумунда атайын кызматтын тергөөчүлөрү эки күбөнүн көрсөтмөсүнө таянып, «"Азаттыктын" журналисти акча алган» деп билдиришкен.
Күбөлөрдүн бири - Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу, былтыр ноябрь айынан бери атайын кызматтын тергөө абагында отурган Эркин Мамасалевич Сопоков. Экинчиси – өзүн «Медина шаарында гид болуп иштейм» деп тааныштырган Рустам Сатибаевич Тиллабаев аттуу жаран.
Дагы караңыз Саймаити: Эки күбөнүн көрсөтмөсү жана «Азаттыктын» тактоосуСаясат талдоочу Орозбек Молдалиев чуулгандуу иште күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү башка фактылар менен далилдене электе жарыяланышын атайын жасалган саясат катары баалады. Молдалиевдин пикиринде, мындай көрүнүш депутаттык комиссиянын, тергөө органынын да акыйкат иликтөөсүнөн күмөн жаратат.
«Жогорку Кеңештин комиссиясы чакырып алып, тергөөчүнүн ролун аткарып, тергөө бүтө элек материалдарды жарыя кылган тажрыйбаны көргөн эмесмин, - деди ал. - Бул жерде процедура бузулуп жатат. Жогорку Кеңештин башка максаты жок болсо, маанисиз иштерди деле жабык карап жатпайбы. Бул жерде коомчулукка резонанс жаратыш үчүн ушул материалдарды жарыялап жатканы көрүнүп турат. Экинчиден, «"Азаттыктын" журналисти акча алды» деп айтып жатат. Анын акча алып жатканын бирөө көрүптүрбү? Муну далилдеш керек. «Бердим» деп айта бербейби? Бул жерде саясат болуп жатат. Ары-бери сүйрөп, кээ бир адамдарды актап, кээ бирлери жөнүндө коомдук пикир түзүлүп жатат».
Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.
Дагы караңыз Мүлккө которулган күмөндүү миллиондорАнда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген. Ошондой эле иликтөөдө Кыргызстандан ар кандай жолдор менен 700 миллион доллар чыгарылып кеткени айтылган.
Бул иликтөөдө 10-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында киши колдуу болгон уйгур улутундагы кытай ишкери, бир топ жыл Кыргызстанда иштеп кеткен Айеркен Саймаитинин Хабибулла Абдукадырдын жана Райымбек Матраимовдун ишмердигинин айрым өңүттөрү тууралуу айтып берген билдирүүлөрү да камтылган. Райымбек Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын билдирген.
Жогорудагы иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллион сомдук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.
Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 21-ноябрында Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.
Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.
Бирок талдоочулар иликтөөнүн нугу көмүскө фактыларды ачыкка чыгарган журналисттерге гана бурулуп, башка өңүттөрү унутта калтырылып жатканын белгилешүүдө.
Экс премьер-министр, генерал Феликс Кулов өлкөнүн укук коргоо органдарынын милдети - журналисттик иликтөөдө айтылгандарды так далилдер менен тастыктоо же төгүндөө болушу керек деп эсептейт. Кулов УКМКнын тергөөчүлөрү журналистке каршы көрсөтмө берген эки күбөнүн видео тасмасын эмне максатта ачыкка чыгарганын түшүнбөй турат.
«Журналист иликтөөдө кайсы далилдерди көрсөттү? - деп суроо койду ал. - Документтер туурабы? Мына, ушул маселе. Ал эми журналист жаман же жакшы киши деген маанилүү эмес. Экинчиден, Саймаити тирүү эмес, күбөлөрдүн бири Сопоков. Сопоков ким? Таза адамбы же жокпу - ошону караш керек».
Айрым байкоочулар журналисттерге каршы күбөлөрдүн көрсөтмөсүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы «Белизгейт» чатагы, орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү оппозициялык саясатчыларга колдонулганы менен салыштырып жатышат.
Дагы караңыз «Белизгейт»: Сегизбаевдин «кол тийбестиги»Укук коргоочу Динара Ошурахунова далилденбеген иштери үчүн УКМКнын тиешелүү кызматкерлери жоопкерчиликке тартылбай калгандыктан, атайын кызмат саясий топтордун куралы болуп жатат деп эсептейт.
«УКМКнын жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө бир да жолу сөз болгон эмес. Ошондуктан алардын саясий күчтөргө курал болгону уланууда. Бул орган реформага муктаж болуп турат», - дейт ал.
Анткен менен мурдагы чекист Талант Разаков көпчүлүк кылмыш иштерин кызыкчылыгы бар тараптар саясатташтырып, кээде атайын кызматты жөнү жок жамандап жатат деп эсептейт.
«Баарын эле саясатташтыра берген болбойт, - деди ал. - Бул комитет элдин жашоосунун тынчтыгын камсыз кылып жатат. Кылып жаткан бардык иштерге отчёт бере албайбыз. Өлкө ичинде коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат».
2-июнда депутаттык комиссиянын жыйынынан кийин УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу журналисттерге «акча берүү боюнча документ жок, бул күбөлөрдүн гана көрсөтмөсү» экенин билдирген. Ал учурда тергөө уланып жатканын, депутаттардын талабы менен гана күбөлөрдүн көрсөтмөсү ачыкка чыгарылганын айткан:
«Бул эми пара эмес да, колунан кармап алдык дегендей. Бул жерде күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү эле жетиштүү. Ошол журналисттерди да сурайбыз, беттештирүү болот. Ошон үчүн тергөө деп аталат».
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай «"Азаттыктын" кабарчысы акча алган» деген маалыматты «журналисттерди каралоо» деп баалады.
Эл аралык медианын президенти: «Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт. Матраимов мырза журналист Али Токтакуновду жана «Азаттыктын» кыргыз кызматын сотко берип, былтыр декабрда кызматыбыздын банк эсеби камакка алынып, кийинчерээк кайра чыгарылган. Биз чындыкты бурмалаган мындай аракеттерди айыптап, кыргыз бийлигин иликтөөгө катышкан журналисттердин коопсуздугуна коркунуч келтиргендерди жоопкерчиликке тартууга үндөйбүз» деп айтты.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.