Депутат аялдын жеке жашоосу чуу жаратты

Грузия парламентинин депутаты Эка Бесилия. 28-декабрь, 2018-жыл.

Грузин парламентинин депутаты, бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын мүчөсү Эка Беселия “моралдык террорго” кабылганын айтып чыкты. Жакында эле Интернеттеги социалдык тармактарда анын жеке жашоосуна байланыштуу видеотасма жайылып кеткен.

Депутат Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин баарына каршы чыкканы үчүн кимдир бирөө ушундай ыплас жол менен "өч алып жатат" деген ойдо.

"Эми менден абайлагыла!”

“Эми менден абайлагыла!”- Эка Бесилия “Фейсбук” социалдык тармагындагы баракчасына жазган узун билдирүүсүн мына ушундай сөздөр менен баштаган.

Депутат айым өз постун андан ыплас жол менен саясий өч алууга белсенгендерге эскертүү катары багыттаган.

- Ушундай ыплас жол менен таркатылган видеонун мазмуну тууралуу эч нерсе айта албайм, милдеттүү да эмесмин. Бул жеке жашоого кийлигишүү жана жашыруун камера менен жеке адамдын жашоосун тартуу. Муну менен эч кимдин иши болбошу керек, жеке жашоого кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок, - деп жазат Бесилия.

Билдирүүдө бул видеотасмалар бир нече жыл мурда Михаил Саакашвилинин бийлигин тушунда тартылганы айтылган.

2008-жылдан бери парламенттин депутаты болуп келген 48 жаштагы Бесилия бир ай мурда Юридикалык маселелер боюнча комитеттин башчылыгынан кеткен.

- Силер мени эч токтото албайсыңар, силер менин үнүмдү баса албайсыңар жана жоголуп кетүүгө мажбурлай албайсыңар. Силер, тескерисинче жаңы Эканы ойготуп алдыңар. Ал Эка өзүнө ишенет жана өтө жоопкерчиликтүү. Аялды өзүнөн башка ким мыкты коргой алмак эле?, - деди 28-январда “Фейсбукка” жазган билдирүүсүндө.

Грузин парламентинин депутаты Эка Беселия. 24-январь, 2019-жыл.

Бесилиянын интимдик жашоосун чагылдырган видеолордун социалдык тармактарда пайда болушу укук коргоочулардын, активисттердин нааразылыгын жаратты.

Грузияда таасирдүү саясатчылардын, журналисттердин, дегеле коомчулукка таанымал инсандардын жеке жашоосун чагылдырган видеолор байма-бай чыгып турат.

Байкоочулар бирөөнүн интимдик жашоосун элге жарыялоо совет доорунан калган ыкма экенин белгилешет. Мындай тактика соңку жылдары Орусия менен Азербайжанда көп колдонулууда. Кыргызстанда да чыгып кеткен учурлар болгон.

Грузияда 2004-жылдан 2012-жылга чейин бийликте турган Михаил Саакашвилинин өкмөтү оппозициянын өкүлдөрүнүн жеке жашоосун жашыруун камералар менен тартып, аларга каршы компроматтардын ири коллекциясын чогулткан деген сөздөр грузин саясий чөйрөсүндө айтылып келет.

Кийин 181 сааттык видеотасмалар элге көрсөтүлбөй, коомчулуктун көзүнчө жок кылынганы менен көптөр көчүрмөлөр сакталып калышы мүмкүн деп кооптонуп жүрүшөт.

“Саясатчы аялдарга эскертүү”

Беселиянын махабат мамилесин чагылдырган видеотасмалар Саакашвилинин башкы атаандашы, миллиардер Бидзина Иванишвили колдогон Саломе Зурабвишивили өлкө тарыхында биринчи аял президент болуп шайлангандан кийин чыкты.

Видео жарыяланып кеткен соң парламент төрагасы Ираклий Кобахидзе муну “адепсиздик” деп атап, тиешелүү органдарды видеону тараткандарды жана тарттыргандарды таап, жазалоого чакырды.

- Мен өзүм жеке укук коргоо органдары менен сүйлөшүү жүргүздүм жана аларды дагы бир жолу бул ишти толук иликтөөгө чакырам, - деди ал 29-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Грузия парламентинин төрагасы Иракли Кобахидзе. 18-ноябрь, 2016-жыл.

Анткен менен мындай сексуалдык чуулардын чыгышынан Грузияда эркек саясатчыларга караганда аялдар көбүрөөк запкы жешет. Коомчулук эркек саясатчылардын ушундай эле мазмундагы видеотасмалары чыкса, “боло берет” деген мааниде, көп сындабаганга аракет кылат.

“Бул сенин да башыңа түшөт. Алар тыңшап жатышат” деп аталган жарандык кыймыл тараткан билдирүүдө секс-видеолор көбүнчө аял саясатчыларга каршы колдонулары белгиленет:

“Мындай аракеттер бир гана ошол видеосу жарыяланып кеткен адамды гана эмес, жалпы эле аткаминерлерди сындаган активисттерди коркутуп-үркүтүүгө багытталган. Мындай ыкмалар негизинен активдүү аялдарга каршы колдонулат жана кандайдыр бир мааниде аларга карата эскертүү болуп саналат”.

Аялдардын укугун коргоо менен алектенген Union Sapari уюмунун башчысы Байя Патария мындай видеолордун жарыяланышын эркектер басымдуулук кылган коомдо ийгиликке жеткен, эркектерге чакырык таштаган аялдарга карата аёосуз чабуул деген пикирде.

Патария бирөөнүн интимдик жашоосун жашыруун камера менен тартылышы жана таркатылышы саясатка аттанган аялдарга эскертүү деп эсептейт.

On.ge. кабарлар агенттигине берген комментарийинде укук коргоочу «Аялдардын сексуалдык эркиндиги жана жеке жашоосу табу деп эсептелгендиктен мындай тасмалар аялдарга каршы курал катар колдонулат” деп айткан.

Грузияда 2016-жылы жеке жашоого кийлигишүүгө каршы акциялар өткөн. Тбилиси.

“Мен укук коргоо органдарынын тез арада жооп беришин талап кылам...Азыр эмне болуп атат? Ким мындай жол менен менден өч алууну чечти? Бул кадрларды ким сактап жүргөн? Мындай мыйзамсыз видео кимдин буйругу менен жасалды жана ким мага моралдык басым жасоого аракет кылды?”, - деген суроо салды өз билдирүүсүндө 48 жаштагы депутат Эка Беселия. Ал 2008-жылдан бери парламенттин депутаты.

2018-жылдын декабрь айында Юстициянын жогорку кеңеши парламенттин кароосуна Грузиянын Жогору сотунун судьялыгына талапкер 10 адамдын тизмесин жөнөткөн. Бул тизмедегилерге каршы бейөкмөт уюмдар жана бийликтеги партиянын айрым мүчөлөрү да каршы чыгышкан. Алар муну судьялардын кээ бирлери Михаил Саакашвилинин учурунда адилетсиз чечим чыгарышкан деп түшүндүрүшкөн. “Грузин кыялынын” мүчөлөрүнүн ичинен Эка Беселия тизмеге каршы болгон. Мындан улам партия ичинде келишпестик чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.