Борбор Азия газы: Орусия баш тартса, Кытай бар

Орусиянын “Газпрому” жакынкы келечекте Өзбекстандан жана Түркмөнстандан газ сатып алуудан таптакыр баш тартышы мүмкүн.

Гигант концерн өкүлдөрү Орусия маалымат булактарында пайда болгон бул кабарды азырынча четке кагууда. Ал ортодо Борбор Азия газына Кытай кызыкдарлыгын билдирүүдө. Орусиянын “Ведомости” басылмасы “Интерфакс” маалымат агенттигине таянып, “Газпром” жакынкы келечекте түркмөн жана өзбек газынан таптакыр баш тартышы мүмкүн экендигин жазып чыкты. Кабарда “Газпром” өкүлү компаниянын Өзбекстан жана Түркмөнстан газынан баш тартуу ниети бардыгын, учурда муну ишке ашыруу үчүн контракттарды жөнгө салып турган мамлекет аралык келишимдерди жокко чыгаруу жолдору изделип жатканын маалымдаган.

Ал арада “Газпромдун” Газ, газ конденсаты жана мунай казып алуу департамент жетекчиси Всеволод Черепанов IV Петербург Эл аралык газ форумунда “кийинки жылга балансты тартипке салууда компания Борбор Азия газын сатып алуудан баш тарткан жок” деп тактап, өзбек жана түркмөн газын сатып алууга байланышкан башка кошумча комментарий бере алган жок.

“Газпромдун” тышкы алакалар департамент башчысы Ольга Морева “Азаттыктын” өзбек кызматына жооп берип жатып, концерндин бул маселе боюнча расмий келишимине токтолду:

- Интерфакс кандайдыр бир адиске таянып бул кабарды чыгарыптыр. Чындыгында Черепанов бул тууралуу айтып жатып мындай версияны четке каккан эле. Азырынча сатып алынып жаткан газ көлөмүн азайтуу боюнча бир да расмий кабарыбыз жок. Кандайдыр бир адистин бир нерсе айтканы - бул анык маалымат эмес.

​“Газпром” өкүлүнүн бул сөздөрүн Өзбекстанда газ казып алуу жана геологиялык чалгындоо иштери менен шугулданган “Газпром зарубежнефтегаз” ишканасынын өкүлү Иван Гоголев да тастыктап өттү:

- Биз Өзбекстанда чалгындоо, казуу, бургулоо иштери менен шугулданып келебиз. Менимче, бизде эч кандай маселе жок. Тескерисинче жаңы программалардын ишке кириши пландалууда.

Эксперттер Газпромдун Борбор Азия менен болгон кызматташуусунун солгундоо планы түпкүрүндө Европага, аныгыраагы Украинага барып такалаарын айтышат.

“Газпром” соңку жылдарда Европага газ экспортун кыскартып жатканын байкоого болот. Белгилеп кетчү жагдай, сентябрь айынын башынан бери Украина экономикалык муктаждыктан улам газдын негизги бөлүгүн Словакия, Польша жана Венгриядан реверс катары ала баштады.

Москва эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия боюнча эксперти Леонид Гусевдин пикиринде, Украина кризиси, Орусия менен ЕБ ортосундагы ажырым жана саясий сахнадагы өзгөрүүлөр Орусияны Борбор Азия өлкөлөрү менен мурда кабыл алынган келишимдерге өзгөртүү киргизүүгө аргасыз кылууда. Ал буга чейин өзбек жана түркмөн газынын негизги бөлүгү Украинага жөнөтүлүп келгенин да белгилеп өттү:

- Менимче, чындыгында бул кеп-сөздөрдүн пайда болушу эң оболу Украинадагы абал менен байланыштуу. Илгери түркмөн жана өзбек газы орус газы менен аралаштырылып, Украинага жеткирилип турган. Акыркы айларда Украинага Орусиядан газ берүү кескин кыскартылды. Адашпасам, Украинанын газ үчүн 5 млрд. доллар карызы бар. Эгерде Европага орус газынын агымы азайса, демек Борбор Азиядан сатылып алынып жаткан газ көлөмү да кемитилет. Бул маселе тууралуу жакын арада “Газпром” жетекчилиги расмий билдирүү жасайт деген ойдомун.

Эксперт Леонид Гусев, экинчи тарабынан Борбор Азия мунай-газына башка ири мамлекет кызыкдар болуп жатканын ачыктады.

- Эмитен эле Өзбекстан газынын Кытай мамлекетине жеткирүү көлөмү өскөнүн байкаса болот. Кытай 2009-жылда Түркмөнстандан Өзбекстан, Казакстан аркылуу өтүүчү газ куурун тарткан болчу. Маалыматтарга таянсам Кытай дагы бир түйүндү ишке киргизмекчи. Бул мамлекеттин газ-отунга муктаждыгы жыл сайын өсүүдө. Мындан сырткары Кытайга өткөн эки мунай куурун унутпаңыз. Ушул себептерден улам да Кытайдын Борбор Азияга жакындашуусун байкасак болот.

2003-жылдан бери өзбек газын сатып алып келе жаткан "Газпром" 2013-жылы Өзбекстандан жети жарым миллиард кубометр газ алган.

Өзбекстан эчактан бери эле кошуналары Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанга да газ сатып келет. Быйыл апрелден баштап Кыргызстандын түштүгүнө берип турган газ агымын келишим ээси алмашты деген таризде бир тараптуу жаап салган.