Газа: ХАМАС ок атышууну токтотуу сунушун четке какты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ошто Кытайдан жүк ташыган айдоочулар кайрадан чогулду. Алар тиешелүү органдардын чек арадагы кезекти уюштуруудагы аракеттерине нааразылык билдирүүдө. Израилдин ок атышууну бир аптага токтотуу сунушун АКШ, Евробиримдикте тыюу салынган ХАМАС радикал тобу четке какты.

Газада жөөт армиясы менен жоочулардын айыгышкан салгылашы уланууда. Кыргызстанда талапка жооп бербеген 485 менчик клиника жабылды. Анын ичинде гаражда же батирде ачылган стоматологиялык жана косметологиялык жайлар да бар.