Карыз төлөндү. Газ өчпөйт

“Кыргызгаз” Өзбекстанга болгон 3 млн. доллар карызын төлөдү. 20-декабрдан кийин кыргыз делегациясы келерки жылга газ сатып алуу боюнча сүйлөшүү үчүн Ташкенге сапар алууда.
15-декабрда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Данияр Үсөнов Өзбекстандан телеграмма келгенин, анда эгерде карыз төлөнбөсө
газ берүү токтотулары эскертилгенин кабарлаган. Маселени чечүү үчүн бюджеттин эсебинен “Кыргызгазга” 100 млн. сом насыя берүүнү премьер-министр сунуштаган.

Өкмөттүн киришүүсү менен натыйжада Өзбекстанга 3 млн. доллар 16-декабрда которулганын “Кыргызгаздын” маалымат катчысы Айзада Тойгонбаева “Азаттыка” билдирди:

- Бүгүн “Өзбекнефтигаздын” эсебине “Кыргызгаздан” 3 млн. доллар которулду. Учурда карыз жок.

Ал ошондой эле 20-декабрдан кийин “Кыргызгаздын” делегациясы келерки жылга контракт түзүү үчүн Ташкенге сапар аларын кошумчалады:

- Жакында, 20-декабрдан кийин сүйлөшүүлөр башталат. Учурда Кыргызстандагы бюджеттик мекеме, өнөр жай ишканалардын, калктын бир жылдык керектөөсүнүн көлөмү аныкталып жатат.

“Кыргызгазга” элдин 187 млн сом, бюджеттик мекемелердин 18.5 млн сом жана өнөр жай ишканаларынын 92.2 млн сом карызы бар экени буга чейин кабарланган. Азыркы мезгилде төлөмдөрдү камсыз кылуу үчүн 800 сомдон ашык карызы бар керектөөчүлөрдүн газ кууру кесилип салынууда.

Өзбекстандын эскертүүсүнөн кийин аварияга байланыштуу түштүк регионго газ берүү чектелгени кабарланган. Бул чектөө чын эле Өзбекстанда болгон кырсыкка байланыштуу болгонун, ал жакынкы күндөрү оңдолуп, газ берүү калыбына келтирилерин “Кыргызгаздын” маалымат кызматы билдирүүдө.

Бирок Жалал-Абаддагы “Азаттыктын” кабарчысына облустук газ чарбасынын жетекчисинин орун басары Акрам Нарбаев 60 млн.сом карызга байланыштуу газ берүү токтотулганын ачыктаган.

20-декабрдан кийин баштала турган келерки жылга газ алуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан бааны арзандатууга аракет кылаары маалым. Анткени андай аракеттер буга чейин эле жасалган. Белгилүү болгондой кыргыз тарап быйылкы контракт боюнча 1000 куб метр газга 240 доллардан төлөөдө.

Энергетика тармагынын жетекчилеринин газды арзандатуу боюнча аркетинен майнап чыгышы кыйын дейт Кыргызстан нефтитрейдерлер бирикмесинин башчысы Базарбай Мамбетов:

- Биз 2009-жылы 240 доллардан алып отуруп жылдын аягына чыктык. Ошону менен өзбек туугандарды көндүрдүк. Эми алар 2010-жылга 240 доллардан төмөн түшпөйт. Ушуну кыргыз коомчулугуна айтып коеюн деген пикирим бар. Бул газдын баасы боюнча маселе Өзбекстандын президенти менен Кыргызстандын президенти экөө сүйлөшүп, сөз тапмайын чечилбейт.

Газ боюнча сүйлөшүүнү Кыргызстан менен Өзбекстан кычыраган кыш мезгилде жүргүзөт. Бул Ташкенге сүйлөшүүдө артыкчылык берип келет. Бул жагдайды Ташкен өз ыңгайына пайдаланып келе жатканын Базарбай Мамбетов белгилейт:

- Булар эч качан газ жөнүндө проблеманы, газ боюнча карызыбыз болсо дагы жазында, сугат башталганда эч бир көтөрбөйт.Бул өзбек туугандардын көп жылдан бери келе жаткан адаты.

Мына ушундай жагдайларга байланыштуу Кыргызстан өзүнүн газ базарын Россиянын “Газпром” компаниясына өткөрүп берүүнү да караштырып жаткан. Бирок Мамлекеттик мүлк министрлиги бул маселе боюнча Москва менен сүйлөшүүлөр токтоп калганын билдирген жайы бар.