Жунусов: Кыргызстандагы кадр саясаты түшүбүзгө да кирбейт

Жогорку Кеңеш

Экс-советтик Казакстанда өкмөттүк жооптуу кызматка отуруунун тартиби бар. Базарда соода кылган адам облус акими турсун, облустук администрациянын бөлүм башчысы боло албайт.

Профессор Адиль Жунусов - саясат таануучу. Докторлук ишин “Оппозиция өткөөл коомдун өнүгүү фактору“ деген темада жактаган. Совет доорунда комсомолдун жана партиянын борбордук аппаратында, кийин президенттик администрацияда эмгектенген.

Казакстандын Бажы кызматында орун басар төрага, банк төрагасы да болгон адам. Учурда Алматыдагы жеке менчик Жаңы экономикалык университет - Университет Нархоздун Укук жана мамлекеттик башкаруу факультетинин деканы. Ал бийликтин табияты, мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо, жетекчинин этикасы тууралуу ой бөлүшөт.

- Кыргызстан жана башка Борбор Азия республикалары Москвадан күнкорсуздук алганына мына чейрек кылым ашты. Бул өлкөлөрдө өз саясый элитасы калыптанды. Күчтүү же ошондой түр көрсөткөн бюрократиясы бар. Бирок да Кыргызстандан башка Казакстан, Ɵзбекстан, Тажикстанда жетекчилик советтик партиялык башкаруунун салтын улантууда. Кыргызстанда андай эмес. Бирок калыптанган өз маданиятына ээ башкаруучу элитасы, чиновниктери, бюрократиясы бар деп айтуу да мүмкүн эмес. Профессор, ушу маселе боюнча ой бөлүшсөңүз обол?

Проф. А. Жунусов: Эл башкарчу адамдардарда элди жетектегендей даярдыгы болуш керек. Сен совет бийлигинен калган элита дебедиңби... Азыр биздин Казакстандагы министрликтерде, облустардын башчыларынын арасында мурунку комсомолдук, партиялык, советтик ж.б. түзүмдөрдө иштеген адамдар азайып калды.

Бирок Совет заманында кадрлар партиялык мектептен даярдалган, алар жана башка бийлик бутактарын басып өткөн соң гана жетекчи кызматтарга коюлган. Ал жакшы иш. Алсак, Францияда бүгүнкүгө дейре Мамлекеттик башкаруу академиясын (Редактор: Туура аталышы- Башкаруунун улуттук мектеби, французча. École nationale d’Administration) бүткөн адамдар гана чиновник болот. Казакстанда да тартип ошондой жана кадрлардын даярдыгы мыкты. Эгер сен кайсы бир катардагы кызматта иштеп жүрүп, бөлүм башчы болууну кааласаң, коррупция, административдик башкаруу, тил боюнча сынак тапшырууң зарыл. Ошондон кийин гана көксөгөн ордуңа отура аласың. Ошого сенин Казакстандын бийлик аппараты мурдагыдай эле, өзгөргөн жок дегениң натуура сөз. Президент Назарбаев жылына 3 000 адамды чет өлкөгө окууга жиберет. Алар бир тармак боюнча адистик алып келет. Мисалы, «Болашақ» программасы боюнча чет өлкөлөргө жиберилген стипендианттардын эң үлкөнү Алматы шаарынын акими болду. Андай стипендианттар жетекчи кызматтарда көп. Алар чет тилди билет, элибизди билет. Кыргызстанды айтсак, өмүрүндө прокуратурада иштебеген Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп чыга келди. Андай биздин жаман түшүбүзгө да кирбейт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Проф. Адил Жунусов: Бул биздин жаман түшүбүзгө да кирбейт


Бул эмне деген маскара (кыр.,тамаша). Бир бизнесмен эртеси министр болуп чыга келет. Кечээ эле жөнжай иштерде жүргөн адам Ысык-Көл облусунун акими болуп жүрү. Бул көрүнүш дурус эмес деп ойлойм. Неге дечи. Адам, орус жазуучусу М. Горький айткандай, «жашоо мектебинен» өтүш керек. Ансыз сен кантип жетекчи болосуң? Кантип адамдардын, элдин тагдырын чечесиң. Эгер башкаруу тажрыйбаң жок болсо, эл мүдөөсүн кайдан билесиң? Акчаң бардыр? Бирок акча баарын чече албайт! Ошого ар бир жетекчи бийлик тепкичин басып өтүп, ар бир деңгээлдин иш өзгөчөлүгүн көрүп-билиши керек. Антпесе болбойт.

Билимдүү жаштардын акчасы жок

- Батыш өлкөлөрүндө саясый даярдыгы жок эле адамдар мамлекеттик эң жогорку кызматтарга келип атпайбы... Жаңы мисал, Дональд Трамп АКШ президенти болуп шайланды.

Дональд Трамп.

Проф. А. Жунусов: Кошмо Штаттарда кесиби актер Р. Рейган да президент болду. Сиздер, журналисттер, суроо бергенде бир нерсени унутуп каласыздар. АКШда чиновниктер аппараты абдан кубаттуу. Ошого актер, миллиардер-девелопер бийлик башына келгени менен мурдагы эле такшалган чиновниктер аппаратта кала берет. Мен Францияны мактайм. Себеби биз Франциянын башкаруу моделин өзүбүзгө киргизип жатабыз. Францияда парламенттен өтсөңүз гана министр болосуз. Округдук, кантондук парламенттин элегинен өтөсүз. Адам менен иштөө чоң искусство. Биз кыргыз-казактар мурунтан үйрөнгөнбүз: жалгыз баатыр болсоң, башчы болосуң деп. Жалгыз баатырлардын убагы өттү. Ырас, лидерлик-бул өзгөчө касиет. Мустафа Кемал Ататүрктү алсак, ал армиядан, офицерлердин катарынан чыккан адам. Бирок Осмон империясында офицерлер коомдун алдыңкы бөлүгү- элитасы болгон. Жакшы, акылдуу адамдар Кыргызстанда да көп. Мен Францияда жана АКШда окууну бүткөн эки кыргыз жигитти билем. “Силердей 17 жигит болсо, Кыргызстанды гүлдөтүп жиберүү мүмкүн,”-деп айткам аларга. Бирок азыркы жетекчилик алардай азаматтарга жол бербей жатат. Себеби, баякыда бирөө: “Мен 300 000 доллар берип парламентке депутат болгом,“ дебедиби! Жанагы мен айткан жигиттерде 300 миң доллар жок, бирок алардын акылы, билими, ой жүгүртүүсү мыкты. Мен ушу 5-6 жылдан кийин ошо жигиттер бийликке келет деп ойлойм. «Азия MIX» командасы КВНдин жогорку лигасынын былтыркы жеңүүчүсү болду. Алар азыр 17 жашта. 10 жылдан кийин 27 жашка толот, мыкты жигиттер болот. Алар ушу азыр өз таланты, билими менен Орусиянын башка командаларын утпадыбы! Ошого азыр сырт өлкөлөрдө окуп жүргөн кыргызстандыктарды колго алып, өстүрүү абзел.

Акаев менен Бакиев

- Сиз даярдык болушу керек десеңиз ушу тапта сырт жерде жашаган биздин экс-президенттер эсиме келди.А. Акаев жана К. Бакиев советтик башкаруу мектебинин таалим-табиясын жана бийлик тепкичин көрүшкөн. Ошентсе да, алардын саясый карьерасынын ойрону чыкканын сиз кантип түшүндүрмөксүз?

Курманбек Бакиев.

Проф. А. Жунусов: Аскар Акаев жөнүндө айтсак, ал улуу окумуштуу. Биз, казак-кыргызда «Тоо алыстан көрүнөт» деген макалыбыз бар. Эртең-бүрсүгүнү Акаев жөнүндө дагы сөз кылабыз. Көрөсүң го... Ал илим тармагында жүрүп, демократиянын толкунунда капылеттен бийликке келген. Ал илимпоз-системачы. А турмушта көп нерселер системага ылайык келбейт, сыйбай калат. Аскар Акаев ошол күтүүсүз сыноолорго чыдай алабады. Туруштук бербеди. Бирок Акаев президент кезде «Кыргызстан демократиянын аралы» деп айтылчу. Курманбек Бакиев чарбаны жакшы билген адам. Орусча «Короля делает свита» дейт эмеспи. Бакиевди ошо тегерегиндеги жөкөрлөрү бузду. Ал өзү талантын башка жакка жумшап алды деп ойлойм. Тарых ар бир адамды жасаган ишине жараша өз-өз ордуна коёт. Мисалы, Мао Цзедун өлгөндө ошо замат кытайлар ага тийген жок. Катасы бар, бирок тигини, муну эл үчүн жасады деп айтышты. Ислам Каримов өлгөндө чет өлкөлөрдө ал жөнүндө 12 500дөй макала жарыяланды. Анын 9300ү Каримов дурус иштеген деп чыкты.

Эгер башкаруу тажрыйбаң жок болсо, эл мүдөөсүн кайдан билесиң? Акчаң бардыр? Бирок акча баарын чече албайт! Ошого ар бир жетекчи бийлик тепкичин басып өтүп, ар бир деңгээлдин иш өзгөчөлүгүн көрүп-билиши керек. Антпесе болбойт.

Кыргызстан төбөлсүз болгондон бери 28 премьер-министр алмашты. 28 адамды 25 жылга бөлсөң, ар бири 8-9 айдан иштеген болот. Тогуз айда бала туулат. Бирок ал сүйлөй албайт. Кыргыз-казакта биримдик - бир ооздук деген жакшы сөз бар. Премьер-министр болгон адамга жок дегенде жыл берүү керек, мораторий кабыл алып. «Бу жигити премьер-министр кылып шайладык. Бийликти үч жылга өз колуна берели. Эмне иштесе, иштесин. Үч жылда иштей албаса, ал кетет» деп. А силер, кыргыздар, аны да бербейсиңер. Ушу нерсе жаман.

- Мен бир топ эле чоң кызматта иштеген казакстандыктар менен тар чөйрөлөрдө кездештим. Алар кызматы, мамлекеттик иш жөнүндө бейчеки сүйлөшпөйт; муну билем, тигини билем дебей, сак. Ушундан улам кызматтык этика дегенди бекем сактайт го деген ой кетти. Бул балким ачыктыктан корккондуктур. Өкмөттүк кызматтагы адамдардын кызмат этикасы тууралуу эмне дейт элеңиз.

Проф. А. Жунусов: Бизде Төлө бий деген өткөн. Ал «Билсем тогуздун бирин билем, токсон тогузду билбейм» деген. Баарын билем деген иштей албайт. Этика кай жерден башталат? «Театр кийим илгичтен башталат» дегендей эле этика үйдөн башталат. Жашы өйдө адам адепке сыйбаган бир иш жасачу болсо, психологдор: «Аа, жаш кезинде бир мандем болгон экен» деп айтышат. Этика-бул челдей назик материя. Мисалы, бирөө келип, (Кудай өзү мени кечирсин?!) «Таластыктар адам эмес, эл эмес, ысыккөлдүктөр тигиндей-мындай» деген сыяктуу орунсуз сөздөрдү айтпашы керек! Баары өзүңдүн элиң. Президент болгонуңдан кийин сага элдин баары бирдей: таластыкпы, көлдүкпү, оштукпу, нарындыкпы- бир эл. Элди демократияга үйрөтүү үчүн убакыт керек. Демократия келди, бирок аны бардык эле адамдар түшүнө бербейт. Демократия үчүн мурдагы советтик адамдарга саясый маданият керек. Саясый маданият болсо, адамга этика да, эстетика да келет. Азыр өкмөттүк кайсы мекемеге барба, мамлекеттик кызматчынын этикасы илинип туру. Аны эч ким окубайт! Бирок илип коюшкан. Чиновник сага бир нерсени айтат, башка нерсени ойлойт, үчүнчү нерсени жасайт. Ал дурус эмес. Андай болбош үчүн өкмөттүк программа керек.

Аскар Акаев.

- Мамлекетте саясый маданиятты ким калыптандырат? Ким түптөйт?

Проф. А. Жунусов: Биз экөөбүз азыр Прагада отурабыз. Чехословакиянын биринчи президенти Ян Масарик деген адам болгон. Масариктин көзү өткөндөн кийин анын эстелиги төрт ирет бузулат: бир партия бузат, экинчи партия кайра тургузат. Ошондо чех саясый элитасы Масарикке тийбейли, ага байланыштуу тарыхка мораторий жарыялайлы деп чечим чыгарат. А бизде бийликке бирөө келет да “тигилер жаман, баарын кыруу керек. Ал тигиге жакын болгон, алардын арасында жүргөн” деп чукуй баштайт. Алар бийликке келгенде ант берген го... “Кыргыз элине ант берем ” деп. Ошентип, өкмөттө иштеп жүргөн, Батышта айтылгандай, топ-менеджерлер четке сүрүп чыгарылат. Ушинтип бөлүнүп-жарылуунун кесепетинен улам элибиз артта калууда.

- Өлкөдөгү абал үчүн бийликтин бардык бутактары тегиз жооп бериши керек эмеспи. А биздин чөлкөмдүн элинде, менин баамымда, баарына өлкө президенти жооп берет деген түшүнүк күчтүү. Сиздин пикириңиз кандай буга?

Алмазбек Атамбаев

Проф. А. Жунусов: Орустардын макалы бар: “Жеңиштин автору көп, а жеңилүү үчүн бир адам жооптуу”. Экономика өспөй жатса, президент жаман иштеди дейбиз. А сен өзүң эмне иштедиң? Сен ушу төбөлсүздүк элиңе келгенден бери эмне пайдалуу иш кылдың? Билимиңди өркүндөттүңбү? Чет элден бир технология алып келдиңби? Сен эмнеге тигини жаман дейсиң? Ар бир адам өзүнөн баштоо керек: Мен эмне иштедим деп. Ар бирибиз адамбыз; парламенттин мүчөсү да биринчи кезекте адам да, депутат эмес. Баарын президентке өз ыктыярыңар менен илип койосуңар дагы анан жаман деп айтасыңар. Эгер элибиз өзгөрбөсө, азыркы абалыбыздан чыкпай жүрө беребиз. Ушу бойдон калабыз. Рейтинг чыгарат го, эл аралык агенттиктер... Мамлекеттүүлүгү калыптанган өлкөлөр, мамлекеттүүлүгү калыптана албаган өлкөлөр деп. Ошо боло албайт деген тизмеден чыгыш керек.

- Рахмат маегиңизге.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.