Түркияда кыргыз кыз-келиндер беткап тиге баштады

Анталиядагы кыргызстандык мигранттар.

Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинен баштап Түркияда беткаптарды сатууга тыюу салынган. Жергиликтүүлөр өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен келген атайын код менен дарыканалардан жумасына беш беткапты акысыз алышат.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги жергиликтүү бийликтер менен 6-апрелдеги Эрдогандын билдирүүсүнөн кийин элге акысыз беткап тарата баштаган.

Жергиликтүүлөр "электрондук өкмөт" системасына катталган телефон номуруна келген атайын код менен дарыканадан акысыз беткап алууга укуктуу. Мындай жеңилдик Түркияда легалдуу туруктуу жашоого уруксаты бар ар бир чет өлкөлүк жаранга да берилет.

Төрт жылдан бери жолдошу менен Стамбул шаарында жашап, иштеп жаткан Асел Эсенгулова акысыз беткаптарды алуу жолдорун түшүндүрүп берди.

"Телефонума келген атайын код менен дарыканага барып, беткап алдым. Жолдошумдун деле визасы бар, беткап үчүн катталган бирок ага келген жок. Дарыканага барып, визаны көрсөтүп сурасак да беришкен жок. Алар "атайын код келмейинче, бере албайбыз" дешти".

Дагы караңыз Түркиядагы мигранттардын учак убайымы

Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министрлиги COVID-19 пандемиясынан улам өлкөнүн 4 миллион 400 миң үй-бүлөсүнө ай сайын 1000 түрк лирасы же болбосо 143 доллар тегерегинде социалдык жардам көрсөтүүдө. Бирок Түркиядагы чет өлкөлүктөр бул социалдык жардамды алышпайт.

Мындан тышкары жергиликтүү райондук башкаруулар азык-түлүк жана дезинфекция буюмдарын да акысыз таратууну баштаган.

Стамбул шаарынын Фатих аймагында жашап, эмгектенип жаткан кыргызстандык Гүлжан ал жашаган райондук мэриянын кызматкерлери жума сайын беткап жана тазалоочу каражаттарды таратып жатканын айтты.

"Биз жашаган райондук администрациядан эч кандай деле жардам сураган эмеспиз. Бирок ушул илдет Стамбулда күч алгандан бери жума сайын мэриянын кызматкерлери үймө-үй кыдырып, дезинфекция кылчу шаймандарды жана беткапты акысыз таратып жатышат. Мындай учурда "албайм" деген кошуналарымды көргөн жокмун. Мындай жардам кичинекей болсо да жергиликтүү бийликтин жарандарга болгон камкордугу деп ойлойм".

Дагы караңыз Түркиядагы студенттердин түйшүктүү абалы

2020-жылдын апрель айында Түркиянын миграция департаментинде бир миллион 100 миңден ашуун чет өлкөлүк катталган. Эң көп Ирак, Түркмөнстан жана Сириядан келген жарандар туруктуу жашоого уруксат алышкан. Ал эми Түркияда коомдук транспорт жана дүкөндөргө беткапсыз кирүүгө тыюу салынган. Бул мыйзамга ылайык, полиция кызматкерлери беткапсыз жүргөндөргө административдик айыппул салууга укугу бар.

Түркияда чет өлкөлүктөрдүн эң жыш жайгашкан аймагы Анталияда эмгектенген кыргызстандыктардын саны да көп.

Анталияда түптөлгөн "Айымдар коомунун" жетекчиси Периза Асанаалиева бул аймакта жашап иштеп жаткан кыргызстандыктардын беткап көйгөйүнө токтолду.

"Түркияда учурда беткаптар дарыкана же дүкөндөрдө сатылбайт. Саламаттык сактоо министрлигинен келген код менен алууга укугубуз бар. Бирок бул акысыз беткаптарды Анталиядагы кыргызстандыктардын баары албайт. Анткени дээрлик көпчүлүгү мыйзамсыз иштешет. Андыктан "Айымдар коомундагы" кыз-келиндер чогулуп кездеме алып, беткап тиккенге өттүк. Ал беткаптарды Анталиядагы кыргыздарга акысыз таратып ден соолугуна кам көрүүсүн көздөп жатабыз".

Түркияда COVID-19 илдетин жугузуп алгандар алгач 11-мартта катталган. Расмий Анкара апрель айынан баштап өлкөдөн беткап жана беткапты тигүүдө колдонулган кездеменин экспортуна чектөө киргизген. Өлкөдөгү ири текстиль фабрикалары губернаторлук жана мэриялардын атайын буюртмалары менен беткап тигүүгө өтүшкөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​