Францияда күйөрмандар полиция менен тирешти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Европа чемпионатынын финалынан кийин Париждин башкы проспекти – Елисей аянтында футбол фанаттары полиция менен тирешти. Франс-пресс агенттиги полиция аларга дубинка, жаш чыгаруучу газ колдонуп, суу менен атканын, натыйжада оюн учурунда жана андан кийин 40 чакты адам кармалганын жазды. Күйөрмандар полицияны таш, бөтөлкөлөр жана файерлер менен атып урушкан.