Франция: Макрон менен Ле Пен добуш берди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. Анда борборчул Эммануэл Макрон менен ашынган улутчул Мари Ле Пен ат салышууда. Шайлоо участоктору таңкы саат 8:00дө ачылды. Макрон аялы Брижит менен Ле-Туке курорттук шаарындагы мэриянын имаратына келип добуш берди. Ал өзүнүн тарапкерлеринин колун бекем кысып, алар менен уюлдук телефонго сүрөткө түштү. “Улуттук фронттун” лидери Ле Пен чакан Энен-Бомон шаарчасында добуш берди. Ал коопсуздуктан улам шайлоо участогуна шайлоочулары менен сүйлөшүп жөө басып келүүдөн баш тартты. Ал бир топ сакчылардын коштоосунда машина менен келди. (AP)