Биринчи апрел – тобокел кылып ишен!

Биринчи апрел – күлкү күнүнө байланыштуу дүйнө азилдери.

* * * * *

Александр Лукашенканын басма сөз катчысы жарыя кылды:

«Бүгүнтөн тартып Президент А.Лукашенка өз кызматынан баш тартат».

Байкагандар гана бул жарыянын астындагы окулаар-окулбас чакан текстке көңүл бурушту.

«Бул – 1-апрелдеги азил. Чынында президентибиз дагы бир далай убакытка эл үчүн кызмат кылуусун улантат».

* * * * *

- Биринчи апрел – азил күнү Сталиндин кабинетине чачы сары же кара кишилер кирип, кайра каткырып күлүп чыгып жатышты. Бир таң калычтуусу – чыга келгенде бардыгынын чачтары куу болуп калыптыр!

* * * * *

- Эмне үчүн салык декларациясын 1-апрелге чейин бериш керек.

- Анткени кийин тактап калышса, 1-апрелде толтурган маалыматыңдан “тамашалап койгом” деп баш тартышың ыктымал да!

* * * * *

- Байкебай, бул бөбөктү бир мүнөткө колуңузга ала туруңузчу, - деп жаш келин ымыркайды бир жигитке бериптир.

Ал ымыркайды көкүрөгүнө кысып көтөрөөр замат:

- Апа, мына көрдүңүзбү? Карасаңыз! Жээниңиздин атасы акыры келди!

- Опе-ей, бул эмне провокация?!. – деп жигит чочуп кетсе:

- Шүк туруңуз, бул – 1-апрелдеги апама айткан тамашам! – дептир келин.

* * * * *

- Ай, Моңур! Чапаныңдын артын таң эртең менен бор кылып алыпсың го?

- Бүгүн 1-апрел деп ансыз да окуучулар мага билгизбей аны бор кылганга аракет кылышат. Мен алдын алып койдум да!

* * * * *

- Мен эми билди-им!

- Эмнени?

- 23-февралда эркектер майрамы, 8-мартта аялдар майрамы, ал эми 1-апрелде бардык эле аңкоолордун майрамы болот!

* * * * *