"Саякбай манасчы" тасмасы тартылууда

Тасмада негизинен Саякбай Каралаев менен Чыңгыз Айтматовдун жолугушуусу чагылдырылат.

"Саякбай Каралаев" фонду каржылаган тасманы режиссер Эрнест Абдыжапаров тартып жатат.

Саякбай Каралаев Тоң районунун Семиз-Бел айылында 1894-жылдын 7-сентябрында туулган. 1917-жылы Кызыл гвардиячылар отрядына өз ыктыяры менен кошулуп, Кызыл Армия менен бирдикте Сибирде, Алматыда, Бухарада Советтик бийликти коргогон.

1921-1931-жылдары Каракол районундагы Маман жана Ырдык айылдык кеңешинин башкармасы болуп иштеген. 1930-жылы С.Каралаевди Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын тил жана адабият ИИИсине иштөө үчүн чакырышкан. Анын айтуусу боюнча "Манас" эпосун жазып алышкан. 1936-жылы аны Кыргыз Мамлекеттик филармониясына «Манас» айтуучу катарында кабыл алышкан.

1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунунун мүчөсү, 1939-жылдан Кыргыз ССРинин Эл артисти наамын алган. Үч жолу «Эмгек Кызыл Туу» ордендери, «Ардак белгиси» медалы, Ардак грамоталар менен сыйланган.
 

1935-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин «Семетей», «Сейтек» жазылып алынган. Мурда белгисиз болгон Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. «Манас» эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн. Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда Саякбайдын "Манасы" көлөмү боюнча Гомердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» 20 эсе, «Шахнамеден» 5 эсе, «Махабхаратадан» 2 эсе чоң.

Каралаев «Манас» эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз аткара алган. Аны XX кылымдын Гомери деп аташкан.

Саякбай Каралаев тууралуу буга чейин Мелис Убукеев, Болот Шамшиевдер да тасма тарткан.