Өзгөрүүнүн символу: Орусияда "Макдоналдс" ачылган күн

Москвадагы Пушкин аянтындагы узун кезек. 31-январь,1990-жыл.

“Биг Мак” 3,5 рубль турчу. Бирок кымбат экенине карабай узун кезек үзүлгөн эмес. Ал мезгилде бул акчага коомдук транспортто бир ай жүргөнгө болот эле. Орточо айлык 150 рублди түзгөн. 

СССР тарап жатканда "Макдоналдс" башында бир топ көйгөлөргө кабылган. Маселен, Жаныбарларды коргоо уюмдарынын жактоочулары ресторандын алдына пикетке чыгып, өткөн-кеткендерге эт зыян экенин түшүндүрүүгө аракет кылышкан.1992-жыл.

“Макдоналдстагы” тамак-аштын сапаты катаал текшерүүдөн өткөн.1994-жыл.   

McDonald's компаниясына таандык биринчи ресторан Москвада мындан 32 жыл илгери, 1990-жылдын январында ачылган.