Жаш дизайнерлердин Бишкектеги таймашы
Сынакка жаш дизайнерлердин 58 коллекциясы тандалып алынган
Кароо-сынак Борбор Азиядагы Америка университетинде өттү.
Дизайнерлердин сынагына катышууга 83 арыз түшкөн. Уюштуруучулар 58 коллекцияны тандап алышкан.
Мода иш-чарасында кийимдер төрт номинацияга бөлүнгөн: этно, мегаполис, авангард жана эксклюзив-чыгармачылык.
Баш байгени багындырган дизайнер Москва шаарында өтө турган “Экзерсиз” эл аралык жаш дизайнерлер сынагына жолдомого ээ болот.
Этно-стилде жеңүүчү болгондор сентябрда Чолпон-Атада өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында мода көрсөтүшөт.