Айыл чарба министрлиги сындан арылбады

Кыргызстандын айдоо талаасы.

Айыл чарба министри алмашканына бир нече күн эле болду. Алгачкы жыйында жаңы министр Эркинбек Чодуев ондогон кызматкерге сөгүш жарыялаганы айтылып жатат. Министр алмашканы менен жалпы түзүм оңолуп кетеби? Дыйкан менен бул министрликтин ортосундагы ажырым канчалык?

Өкмөттө былтыртан бери эң көп сын уккан мекеме Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги болуп турат. Сындын арты менен министр да алмашып, жаңысы келди. Орун алмашуудан сумма өзгөрөбү?

Эмнеге 1,7 миллиард сомдук бюджет, 5 миң кишилик кадр менен бул министрлик ишин жөндөй албай жатат? Дыйкан менен бул мекеменин ортосундагы ажырым качан оңолот? Ушул жана башка суроолорго Кыргызстандын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жана ишкер-дыйкан Тилек Токтогазиев жооп беришти.

«Дыйкан менен байланыш жакшы»

«Азаттык»: - Жаныбек мырза, бир нече күн мурда жаңы министр жыйын өткөрүп, ондогон кызматкерге сөгүш жарыялаптыр. Алардын күнөөсү эмне экен?

Жаныбек Керималиев: - Ар бир чарбада, министрликте кеңешмелер болуп турат эмеспи. Ошонун негизинде мурда коюлган тапшырмаларды аткарбаган айрым кызматкерлердин ишине сын айтылып, кээ бир ишти начар алып барып жаткан жетекчилер укуктук, тартиптик жазага тартылды.

Жаныбек Керималиев.

Баарына маалым болгондой, бизге жаңы министр келди. Ал айыл чарбасын жакшы билген адис. Бул тармакты өнүктүрүш үчүн түп-тамыры менен реформа жүргүзүү аракетинде. Эң негизгиси - максаттарды, багыттарды аныктоо болуп турат. «Кандай кылганда айыл чарбасын алдыга жылдырабыз?» деген суроону коюп жатат. Министрлик менен дыйкандардын ортосунда ажырым жок. Себеби биз дыйкандар менен чогуу иштешебиз. «Бюджеттен көп акча алат, аткарган иштери начар» деген дооматтарга мен кошулбайм. Биздеги 5 миң адистин 4 миңи суу чарбасында иштейт. Айыл чарбасына бюджеттен бөлүнгөн акчанын 83 пайызын суу чарбасы алат. Биз көп жерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Абдан көп мураптар бар, суу бөлүштүрчү адистерибиз көп. Түздөн-түз айыл чарбасы менен иштегендер 800 эле адам.

«Сынды туура кабыл алышса...»

«Азаттык»: - Тилек мырза, министрдин орун басары «министрлик менен дыйкандын ортосунда ажырым жок» деп жатпайбы. Сиз ушуга кошуласызбы?

Тилек Токтогазиев: - Мен азыр өзүмдүн сөзүм менен эмес, дыйкандардан укканымды айтайын. «Канча жылдан бери өз алдынча эле иштеп келатабыз, министрликтин бар-жогун билбейбиз» деген дыйкан четтен чыгат. Ушундан улам коомчулукта да «бул министрликтин эмне кереги бар, жоюп эле салыш керек» деген көз караштар болуп жатпайбы.

Тилек Токтогазиев.

Менимче мамлекеттик органдар элдин да сын-пикирин туура кабыл алышы керек. Натыйжа чыкпай жатса ошого көңүл буруп, эл айтканды угуп, ошого жараша түздөнүшү керек го. «Эмне үчүн эл бизди көрбөй жатат? Балким алар менен туура иш алып барбай жаткандырбыз, байланышыбыз начар чыгар? Алар үчүн эмне кылдык?» деген суроолорго өздөрү жооп издесе жакшы болмок. Азыр биздин мамлекеттик органдар элден башка эле бир жанаша дүйнөдө жүргөндөй сезилет. Эл азыр өз турмушун өзү эле жөндөп жатат. Андыктан биздин мамлекеттик органдар жерге түшүп, элдин кандай маселеси болуп жатканын билсе жакшы.

Реформа болобу?

«Азаттык»: - Жаңы министр «мурдагы кызматташым баштаган иштерди улантам» дегендей кылды эле, кандайдыр бир реформаны күтсө болобу?

Жаныбек Керималиев: - Ар бир жетекчи келе жатканда мурдагыны сындабай, анын жакшы жактарын алышы керек деп ойлойм. Азыркы министр эми андан мурдагынын «жакшы жактарын алам» деп жатат. Негизи үч нерсени приоритет кылып жатабыз - экспорт, кайра иштетүү жана санариптик айыл чарбасы. Ошондой эле органикалык дыйканчылык, асыл тукум малчылык, үрөнчүлүк деген багыттарыбызды да кошо ала жүрөбүз.

Айыл чарба министрлиги дыйкандар менен аябай эле жакын. Кээде асманга учуп кеткен жетекчилерибиз болот, аларды жерге түшүрүп, жер менен бастырып жатабыз. Дыйкандын көйгөйлүү маселесин айткан гана жетекчи бизде иштеши керек. Биздин түзүмдөгү бир топ райондук жетекчилерди кызматтан алып жатабыз. Айрымдар «министрликти таптакыр эле жоюп салыш керек» деп жатышпайбы. Буга кошулбайм. Биз агрардык өлкө болгондон кийин мындай мекеме болушу керек да. Ушул эле Тилекти ассоциациянын президенттигине шайлап жатканда да биз катышканбыз.

«Министрлиги жок деле жашаса болот»

«Азаттык»: - Бир топ өнүккөн өлкөлөрдө Айыл, суу чарба министрлиги жок. Бул тармакты дыйкандар, эл өзү башкарат. Бизде да ушул деңгээлге чыгууга убакыт келдиби?

Тилек Токтогазиев: - Сөзсүз түрдө биз да ошого барышыбыз керек. 28 жыл мурда советтик система жоюлары менен айыл чарбасындагы атмосфера да өзгөргөн. Коомду мамлекет жөн эле ыргытып салып, «өз турмушуңду өзүң жөндө» деп койгон. Мамлекеттик башкаруу системабыз советтик бойдон эле калган. Бул система азыр такыр иштебей жатпайбы. 1990-жылдардын башында айыл чарбасынын ички дүң өнүмгө (ИДӨ) салымы 46 пайызга чейин болгон. Азыр 13 пайызга түштү. Бизде азыр миллиондогон киши айыл чарбасында иштесе да эптеп эле ошол 13 пайызды өндүрүп жатат. АКШ баш болгон өнүккөн өлкөлөрдү алсак, ал жакта жалпы калкынын 3-4 пайызы эле айыл чарбасында жүрөт. Бирок ИДӨгө кошкон салымы чоң. Голландияны алып көрөлү, бир жылда 100 миллиард евролук айыл чарба өндүрүмүн сыртка сатат. Голландиянын аянты болсо биздин Ысык-Көл облусунан кичинекей.

​Эмнегедир ушундай чакан өлкөлөр айыл чарба өндүрүмүн 100 миллиард евролоп экспорттосо болорун көрүп жатпайбызбы. Менимче, бул багытта бизде түзүмдук реформа жүргүзүш керек. Азыркы эски система менен иштеген болбойт. Мамлекеттик органдардагы иштеген ага-эжелердин ниеттери жакшы экенин көрүп эле жүрөбүз. Ошол эле убакта ыкмалары, технологиялары эски.

Голландиянын жоогазын талаасы.

Ошону өзгөртүш үчүн туура маалымат чогултуш керек. Айыл өкмөттөрүнөн, райондордон азыр булар алып жаткан маалыматтардын көбү туура эмес. Жалган маалымат менен башкаруу оор болуп калат. Азыр маалымат чогултуунун жаңы технологиялары бар. Космостон эле сүрөт тартып, каякта эмне өстүрүш керек экенин тактап алса болот. Ал үчүн министрликке миңдеген кызматкердин кереги жок. Технологиялык билими мыкты бир нече адис эле бул мекеменин ишин аткара алат.

(Талкуунун толук вариантын бул жерден уга аласыз)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айыл чарба министрлиги сындан арылбады

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.