Үй-бүлө курууга жеңил карагандар көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ажырашкандардын саны жыл сайын 9 миңге жетет. Ал эми 2017-жылы бул сан 9,5 миңден ашкан.

Эмне үчүн эки ажырым жолду тандагандардын саны арбып баратат? "Азаттык плюс" бул жолу ажырашуунун себептерин талкуулады.

Биринчи Май райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн башчысы Бүзейнеп Иманова жаңыдан түтүн булатам деген жүздөгөн жуптардын никесине күбө болгон. Анын айтымында, жубайлар көпчүлүк учурда "мүнөзүбүз төп келишпей калды" деген себеп менен ажырашууга арыз жазышат:

- Үй-бүлө - кичинекей мамлекет. Ошондуктан ажырашуу мамлекет бузулду дегенди билдирет. Албетте мындай учурда абдан кейийм. Анткени алардын ордуна уул-кызымды коюп көрөм.

Ажырашкан түгөйлөрдүн саны элетке караганда шаарда үч эсе көбүрөөк. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, калктын 60% ажырашуу аял үчүн уят деп эсептейт.

Үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси Чынара Термичикова ата-эненин жүрүм-туруму өспүрүмдөр үчүн абдан маанилүү экенин айтып, үйдөгү зомбулук, уруш-талаш жана башка терс көрүнүштөр алар үй-бүлөлүү болгондо кайталанарын белгиледи.

- Тарбиянын башаты үй-бүлө. Балдар көргөнүн, укканын, туйганын денеси менен кабыл алып жаткан учурду "сезимтал курак" деп атайбыз. Бала кезинде сиңирилген нерсе кырдаалга жараша чыгышы мүмкүн. Негизинен социалдык-психологиялык себептер менен ажырашкандар биринчи орунда. Үйдүн жоктугу, тышкы жана ички миграция, жумушсуздук деген сыяктуу социалдык көйгөйлөр үй-бүлөнүн бузулушуна себеп болот. Ал эми психологиялык жактан айта турган болсок, адамдар бири-бири менен мамиле курганды билбейт. Мамилени эффективдүү кура билиш керек, башка адамдын абалын түшүнө билүү шарт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, ажырашкан түгөйлөрдүн саны жыл сайын өсүүдө. Адистер буга үй-бүлө куруу жоопкерчилигинин жоктугу, ак никенин касиети менен барк-баасынын жоголушу себеп болууда дешет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Оту күйүшпөй ажырашкандар көбөйдү

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.