"Оймо" кулач жаюуда

 Оштон келген чеберлер кыргыздардын унутулуп бараткан дүрүя жоолук, же келяп баш кийимин көрсөтүүдө. 

"Оймо-2013" фестивалына быйыл Ооганстандан, Түркмөнстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан келген чеберлер менен кошо кыргыз уз-усталары да катышууда. Сүрөттө: ооган чеберлеринин эмгектери.

Ооган чеберлери булгаарыдан көп буюмдарды жасайт.

Кыргыз кол өнөрчүлөрү майда белек-бечкек, аксессуарлардан тарта эркек жана аялдар үчүн кийимдерди, шырдак жана ала кийиздерди алып чыгышты.

Жарманкеде зер буюмдарды саналуу гана чатырда көрүүгө мүмкүнчүлүк болду.

Жарманке VIII Эл аралык “Оймо” фестивалынын алкагында өттү. 29-июлдан 4-августка чейин ал Чолпон-Ата шаарында уланат. 

Өнөрчүлөр жарманкеде нукура улуттук кийимдерди жана улуттук оймолор менен тигилген заманбап кийимдерди тартуулашты.  

Жарманкеде эң көп кыргыз жана өзбек продукцияларын көрүүгө мүмкүнчүлүк болду.

Өзбекстанда тигилген баш кийимдер. 

Өзбек кол өнөрчүлөрү жараткан баштыктар. 


Самарканддык усталардын колунан чыккан чопо идиш-аяктар.