"Ыктыярчылардын сыны эфирден толук кеткен жок"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 21-июлдагы ыктыярчылар менен жолугушуусун мамлекеттик гана ЖМК өкүлдөрү чагылдырган. Factchek.kg порталынын журналисттери сереп салып, мамлекеттик каналдар бирдей эле маалымат таратканын аныкташкан. Медиасерепчилер “Президенттин аппаратына, жалпы бийлик өкүлдөрүнүн дарегине айтылган сын пикир жарым-жартылай гана чагылдырылды” деген тыянакка келишкен.