Атамбаев жана экс-президент макамы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапты. Эми башкы көзөмөл органынын корутундусу парламенттин жалпы жыйынында талкууланып, Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселеси каралат. Бул арада экс-президент Кой-Таш айылындагы үйүнө «элдик штаб» түзүп, Сооронбай Жээнбековдун бийлигин мыйзамсыздыкка жол берип жатат деп айыптады. Студиянын коноктору – саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев жана Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын юристи Нурбек Касымбеков.