Келерки аптада Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча мекесинин башчысы Кэтрин Эштон Грузияда жана Борбор Азияда алгачкы маанилүү сапар менен болот. Ал Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан лидерлери менен жолугушмакчы.
“Азаттыктын” Брюсселдеги кабарчысы Рикард Йозвияк сапардын алдынан Кэтрин айым менен маектешип, анын сапарынын максатына кызыкты.
"Азаттык": Сиз алгач Грузияда президент Михаил Саакашвили жана премьер-министр Бидзина Иванишвили менен сүйлөшкөнү жатасыз. Азыр өлкөдө бир топ саясатчылар камалып жаткан чакта өлкөнүн жетекчилигине кандай билдирүү менен баратасыз?
Кэтрин Эштон: Биз Грузиянын үлкөн саясий чечимди кабыл алганын, демократияга карай бет алганын көрдүк. Мен премьер-министр Иванишвили менен жолукканда ал бүт аракетин азыр мамлекеттеги экономикалык проблемаларды жана тышкы саясаттагы айрым маанилүү маселелерди чечкенге бурам дегенин жылуу кабыл алганыбызды айтам. Ал эми соңку соттук иштерде андан биз мүмкүн болушунча ачыктыкты жана акыйкаттыкты күтөөрүбүздү да билдирем.
Президент Михаил Саакашвилиге болсо ал ансыз деле Грузиянын турмушунда чоң мурас калтырганын, алдыда жаңы өкмөт менен тыгыз кызматташтыгын улантып, Грузиянын өнүгүшү үчүн өзү маанилүү деп эсептеген миссиясын уланта беришин суранат элем. Ошол иштердин катарында, албетте, Грузияга жана бизге өзгөчө мааниси бар Евробиримдик менен кызматташтыкты, мамилени тереңдетүү зарылдыгын айтам.
“Азаттык”: Ал эми Борбор Азияда сиз саясий лидерлер менен Европа Биримдигинин бул регион боюнча стратегиясын талкууга алаарыңыз айтылды. Көптөгөн сынчылар азыр Брюсселдин ал стратегиясын “дүкөнгө жөнөгөндө керектүү азыктар жазылчу тизмеге окшош” деп жатышат. Мунун ордуна ийгиликке жетүүнүн конкреттүү чараларын эле белгилеп алсаңыздар болбойбу?
Кэтрин Эштон: Ал ошондой тизмеге окшош көрүнүшү мүмкүн, бирок биз бир топ көйгөйлөрдү бириктирген маанилүү байланышты тапканга аракет кылып жатабыз.
Сиз туура айтасыз, аягында биз ийгилигибизди, өзүбүз алдын ала күткөн жыйынтыкты аныктап алганыбыз оң. Аны кантип аныктайбыз? Мен азыр региондо министрлер менен жолугайын деп жатканым да ошол белгиленген максатка жетүү канчалык реалдуу экенин аныктоо менен байланыштуу болуп турат. Биз, маселен, чек арадагы проблемалар боюнча көптөгөн иштерди жасап жатабыз. Мен билим берүүгө да көбүрөөк көңүл бурууну каалайм.
Биз бул жумурияттардагы жарандык коомду, ал өлкөлөрдү экономикалык жактан алдыга сүрөй турган кыймылды колдогубуз келет. Мунун баарын ал жакта аткарыш үчүн конкреттүү чаралар, жергиликтүү бийлик менен мамиле, байланыш жана ресурсубуз жетишерлик экенин тактап алышыбыз керек.
“Азаттык”: Адам укуктарына байланышкан маселелерди да көтөрөсүзбү? Ал мамлекеттерди адам укуктарынын бузулушу менен байланышкан иштерди дыкатыраак кароого чакырасызбы?
Кэтрин Эштон: Бул дайыма эле менин диалогумдун бир бөлүгү жана биз сүйлөшүүлөрдө сөзсүз ал маселени да тикелей коюп жүрөбүз. Бул аялдарга эмнени билдирет? Алардын адам укуктары жаатында эле эмес, экономикалык укуктарына да кандай таасир этет? Аялдар ишке активдүү катышкан жерде экономика да алда канча активдүү жана ийгиликтүү деп терең ишенем. Бул сүйлөшүүлөрдүн саясий пикирин билдирүүнү каалаган адамдарга, диний эркиндикти самагандарга, майыптарга кандай мааниси жана таасири бар? Мына ушул суроолор мен аталган мамлекеттердин жетекчилери менен сүйлөшкөндө талкуубуздун негизги маңызын түзмөкчү. Анткени Евробиримдик менен иштешүүнүн жолу да ушуга негизделет.
“Азаттык”: Бирок сиз кайсы бир өлкөнүн кайсы бир аракетин “мындай кылганга болбойт” деп айтасызбы?
Кэтрин Эштон: Тигил же бул мамлекет менен иштешкенде аны толугу менен ишке аралаштыруудан тарта катарга кошпой, четке чыгарып коюуга чейинки чек болот. Биз дайыма ошол чектин ичинде жүрөбүз. Изоляция өтө сейрек гана учурда тандалчу жол деп ишенем. Тетирисинче, өлкөнү ишке аралаштырып, бооруңа кыскан - алды канча жемиштүү аракет.
Анткен менен, ошол иш да кандайдыр бир принциптерге негизделиши, анын талаптарына жооп бериши абзел. Мунаса дайыма эле табыла бербейт жана кээде убакытты талап кылат. Көп учурда адамдарды ийгиликке дал ушул гана жол алып бараарына ынандыруу озуйпасы турат, бирок биз ал жерде өзүбүздүн эле ишенгенибиз туура деп, өзүбүздүн эле оюбузду таңуулай бере албайбыз. Анткени алар - өз алдынча чечим чыгарган мамлекеттер. Мунун баары диалог, талкуу жана туура деп эсептелген саясий иш аркылуу чечилет. Биз өзүбүз тандаган жол менен алдыга жылганга аракет кылабыз.