Этно жана электрондук музыканын үндөшү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

20-23-майда Бишкектеги Кино үйүндө немис элчилигинин көмөгү менен электрондук музыканын эл аралык фестивалы өттү. Анын жүрүшүндө немис композитору Морисфон Осфольд менен “Ордо сахна” фольклордук тобу жараткан эксперменталдык музыкалык композиция аткарылды. Үч күнгө созулган фестиваль учурунда Бишкекте ачык асман алдында концерт берилип, бул жанрга кызыгуучуларга устаттык сааттар өткөрүлдү.