Эски аянттагы айт намаз

Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку эки жылда айт намазы борбордук мечиттерде окулбай келген. Ошондон бери алгачкы жолу быйыл Орозо айт жана Курман айт намаздары Бишкектин Эски аянтында окулду.

Курман айт намазын окуу үчүн 35 миңдей адам чогулду.

Курман айт ислам дининдеги маанилүү күндөрдүн бири.

Президент Садыр Жапаров  аянтта эл менен чогуу майрамдык намаз окуду. Аны Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев коштоп келди. 

Бишкекте айт намаз таңкы саат 07:30да окула баштады. 

Курман айтка намазына байланыштуу Бишкекте бир катар көчөлөр убактылуу жабылды.

Муфтий Замир Ракиев. 

Бүгүн 9-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду.