Деколонизация: Үч өлкөнүн өзүн таануу аракети

Борбор Азиядагы үч мамлекеттин изилдөөчү, тарыхчылары деколонизация темасын талкуулоо үчүн Бишкекке чогулду. Соңку убактарда "деколонизация" деген сөз чөлкөмдө актуалдашып, ар кандай талкууларга жем таштап келет.

"Эсимде" изилдөө аянтчасынын IV Эл аралык конференциянын алгакында өткөн көргөзмө. 

 

Диляра Каипованын Совет доорундагы пахта терүү маданиятын, экологиялык катастрофаны, мажбурлап иштетүү көйгөйлөрүн көрсөткөн "жөнөкөй чапан" көргөзмөсү. 

Иш-чарага күбө болгон Канададагы Британдык Колумбия университетинин антропология боюнча магистранты, изилдөөчү, 24 жаштагы Ильяс Акунов соңку кездери “бул үч мамлекетте советтик аң-сезимден арылуу аракеттери күч алганын, буга айрыкча жаштардын кызыгуусу күч экенин, бирок бул маселеге сергек көз караш зарыл экенин” айтты.

"Пахтакор - бул Совет доорунан калган нарратив сөздөрдүн бири. Ал пахта терген адамдарда берилген каймана ат. Совет доорунда пахта терген бул өтө жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу иш деген түшүнүк эл арасында жайылтылган идеалогиянын бири болгон. Бирок чындыгында ал сөздүн артында элди мажбурлап иштетүү аракети гана турат. Пахтакор бул шахтёр сыяктуу эле жумушчу күч. Азыр эл арасында пахтакор түшүнүгү такыр башкача колдонулуп, айтылып келет. Пахтакор - бул бирөөнү мактап сүйлөп, жагынып, өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн башка адамдын астына чөгөлөй калган кишинин образын түшүндурүп турат. Пахтакор - чындыгында кулчулуктун образы. Биз мунун баарын кайра ойлонуп, түшүнүүбүз керек. Негизи эле көргөзмөнүн максаты өтмүштү кайра ойлонуу, түшүнүү деген максатта өтүп жатат", - деди көргөзмөнүн кураторлорунун бири Максуд Аскаров. 

“Биздин чөлкөмгө дайыма сырттан баа берилип, “Борбор Азия”, “Орто Азия” деп аталып келди. Жакында эле Түркия дагы “Түркстан” деген аталышты сунуштады. Андыктан биз, ушул аймактын изилдөөчүлөрү, өзүбүздү кандай көрөрүбүздү, кандай жалпы баалуулуктарыбыз бар экенин өзүбүздүн призма менен карап, талкуулап алалы дедик", - дейт Эсимде” изилдөө аянтчасынын жетекчиси Элмира Ногойбаева. Көргөзмөгө тогуз изилдөөчү, сүрөтчүнүн эмгектери коюлган. 

Советтик аң-сезимден арылуу аракети үч мамлекетте тең байкалганы менен, алардын жүрүшү, өнүгүшү өз ара айырмаланып турат. Маселен, конференциянын айрым катышуучулары бул багытта Казакстан салыштырмалуу алдыда экенине токтолуп жатышты.

Көргөзмөдө сүрөтчү Эмил Насритдиновдун акварель сүрөттөрү коюлган. Ал сүрөттөр Кыргызстандагы күнүмдук жупуну жашоону, табияты, турмуш-тиричиликти чагылдырат. 

Изилдөөчү Болот Исабековдун "жыртыш" деген эспонаты. 

"Кыргызда каза болгон аялдын кыздары ал аял чогулткан жоолук, материалдарды майда бөлүкчөлөргө болуп, келгендерге таратып берет. Бул кыркындалар ар бир адамга маркум жөнүндө эскерүүнү сактап калгууга мүмкүнчүлүк берет".   

 

Казакстандык тарыхчы, саясат талдоочу Жар Зардыхан:

“Казакстандын башка элдерден айырмаланган өзгөчөлүгү бар. Казакстан Орусия менен чектешкен Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет. Орусиянын расмийлери болобу, депутаттары болобу, медиасы болобу – “Казакстандын түндүк аймагы Орусиянын жери болгон” деген сыяктуу риторика бар. Андыктан, Казакстандын бул жааттагы түшүнүгү Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын көз карашынан айырмаланып турат. Асыресе агрессивдүү согуштук саясатынан кийин ою, сезими өзгөргөндөр көп”.

Сауле Сулейманованын желим пакеттер менен жасалган эмгеги. 

Бул фото документтер советтик армиянын Ооганстандагы согушу учурундагы ооган согушуна арналган компаниянын катышуучусу, медайым Гүлжанар Ишанованын жеке архивинен алынган.

 

Бул Украинадан Казакстанга сүргүнгө айдалып, КАРЛАГ лагеринде тигилген пано. Аны Мария Матуляк аттуу айым тиккен. Бул сайма диний жана маданий эс тутумду сактоо арекетинин бир күбөсү.

Азыр Кыргызстандын контекстинде деколонизацияны “азыркы Орус Федерациясына каршы маанай” деп түшүнөт. Менимче, бул ириде өзүбүздү табуу. Ошону менен азыркы абалыбызды айкалыштырып, гармониядагы инсанды, коомду калыптандыруу”, - Илимдер Академиясынын Тарых институтунун илимий кызматкери Азамат Алагөз.

Иш-чарага келген Ташкенттеги Репрессия курмандыктарын эскерүү музейинин илимий кызматкери Бахром Ирзаев мындай умтулуу “келечек үчүн маанилүү” экенин айтууда:


“Тарыхыбызда байланыш бар. Эми келечек үчүн бул керек нерсе. Жаңы муун бактысын өнүккөн өлкөлөрдөн издеп, өздөрү бир маданияттын алып жүрүүчүсү боло албай калды.

Бул түп нускалуу материалдарды казакстандык изилдөөчү Раушан Абылкасымова тапкан. 

“Деколонизация саясаты мамлекеттик да, коомдук да, интеллектуалдык деңгээлде да жай жүрүп келе жатат. Мамлекеттик деңгээлде ала турган болсок, ошол эле жер-суу аталыштарында, тарых окуу китептеринде, тил маселесинде деколониалдык кадамдар аз жасалууда", - дейт кыргызстандык илимпоз Азамат Алагөз. 

Мунара Абдукахарованын "Бирге даамдуу" экспонаты. 

“Эсимде” изилдөө аянтчасы баштаган бул конференция 17-октябрдан 19-октябрга чейин уланмакчы. Анын жүрүшүндө "Эс тутум жолдорундагы кербен" аталышындагы сүрөт көргөзмөсу да өтүүдө.

Көргөзмө "Ололо Планет" борборунда уюштурулган.

Кыргызстандагы “Эсимде” изилдөө аянтчасы үч күндүк "Посткоммунисттик Борбор Азия - ой жүгүртүү мейкиндиги" конференциясын өткөрүп жатат. Ага Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан келген тарыхчылар, изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер катышты.