“Эрктүү элдин эгемендиги”: 30 жылдык тарыхты камтыган китеп

“Азаттык” радиосу Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата “Эрктүү элдин эгемендиги” деген китеп чыгарды. Ага 2002-жылдан бери “Азаттыктын” интернет сайтына жарыяланган маанилүү макала, маектер, талкуулар менен иликтөөлөр жана башка материалдар топтолду.

Китепти “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Сагындык кызы менен "Азаттыктын" мурдагы директору, Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы окумуштуу, профессор Тынчтыкбек Чоротегин түзгөн.

11-февралда китептин бет ачары “Азаттык” радиосунун Бишкектеги кеңсесинде өтүп, ага белгилүү саясатчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, тарыхчылар, укук коргоочулар, журналисттер катышты.

Венера Сагындык кызы, "Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору. Китептин бет ачары, 11-февраль, 2022-жыл.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Сагындык кызы:

“Эрктүү элдин эгемендиги” аталышындагы китепке Кыргызстандын 30 жылдык эгемендик тарыхындагы элдин келечеги үчүн маанилүү болгон окуяларды чагылдырган макалалар топтолду. Маселен, 2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005-жылдагы Март окуясы, 2010-жылдагы Апрель, Июнь окуялары жана андан кийин Кой-Таш окуясы менен 2020-жылы дүйнөгө мүшкүл салган коронавирус кризиси, бийлик алмашуу жана башкалар. Мындан сырткары “Азаттыктын” кабарчылары соңку кезге чейинки иликтеген иликтөөлөр шилтемелери менен китепке кирди. 30 жылдык эгемен тарыхты карасак, маанилүү окуялар өтө көп болду. Ошондуктан бул китепке айрым окуялар, каармандар кирбей калды. Келечекте дагы пландарыбыз бар. “Бийлик сырлары” деген көрсөтүүбүздү китеп кылып чыгаргыла деген өтүнүчтөр да болуп жатат. Алдыда дагы китептер чыга берет”.

Өмүрбек Текебаев, Абдыганы Эркебаев, Сүйүнбек Касмамбетов. Китептин бет ачары, 11-февраль, 2022-жыл.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов:

“Окуяларга түзмө-түз катышкан каармандардын пикир айтып отурганы кызыктуу болуп турат. Китептеги сүрөттүк иллюстрациялар болуп өткөн окуяларды таамай чагылдырып, окурманды ойлондурат экен. Бул китеп чыгаруудагы мыкты ыкма. Мен алдыдагы күндөрү китепти окуп чыккандан кийин, ушул эле “Азаттыкка” же коомчулукка пикиримди билдирем”.

Китептин бет ачарына келген коноктор, 11-февраль, 2022-жыл.

Академик Абдыганы Эркебаев:

”Азаттык” Акыйкатты, калыстыкты сактап, жаңы нерселерди жеткирүүгө аракет кылып келе жатат. Мен баса белгилеп кетсем, кээ бир расмий жана жеке маалымат каражаттарынан айырмаланып, качан да болсо биздин улуттук тилди бек сактап, атүгүл анын нормаларын жаңылап, жаңы терминдерди көп киргизет. Бүгүнкү китеп чыгарган демилгеси да колдоого татыктуу. Мен буга чейинки бардык китептерин да колго алып, окуган адамдардын биримин”.

Рысбек Абдылдаев, Айбек Мусаев, Жамиля Бегиева

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова:

“Учурунда далай кыйын күндөрдө элдин арасында жүрүп, өлкөдөгү көп окуяларды баштан өткөрдүк. Анын баары китепте тарых болуп калат. Анан андай күндөрдү эске албай, ар кандай сөз айта беришет. Түрмөдө жаткандар учурунда “Азаттыктан” туугандары менен жардам сурап жүрүшөт. Анан эле кээ бирлери бийликке келгенден кийин башкача сүйлөп калганын көрүп жүрөбүз. Саясий туткун болгондорду да “Азаттык” “абийир туткуну” деп атап, укугун коргоого көмөк көрсөтүүдө. Мен эмнеси менен ыраазымын, ар убак көз карандысыз, элдин баарына бирдей мамиле кылып, эки тарапты тең уга билет. Бул жагынан алганда “Азаттык” жетилген радио”.

“Эрктүү элдин эгемендиги” “Азаттык” радиосу чыгарган бешинчи китеп.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси, саясий ишмер Өмүрбек Текебаев:

“Убагында жарандык коомду байланыштырып турган бир эле альтернативалык массалык маалымат каражаты бар эле. Ал – “Азаттык”! Биз андан шаар, айылдан баштап тоого чейин өлкөдө болгон окуяларды угуп, баа берет элек. Ал кезде маалыматтык таңкыстык бар болчу. Азыр социалдык тармак өнүгүп, маалыматтар болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Мындайча айтканда, океан. Ал эми “Азаттык” дагы деле маалыматтык бороон-чапкындын ичинде кайсы маалыматтар чын-жалган экенин таразалап турат”.

Коомдук ишмер Токон Мамытов "Азаттык" радиосунун жасаган эмгегине токтолду, 11-февраль, 2022-жыл.

Мурдагы вице-премьер-министр, генерал Токон Мамытов:

“Мен “жабык мекемеде” иштеп жүргөндө “Азаттык” биздин жумуштун бир объектиси катары болчу. Биздин мекеме жогорку инстанцияларга мүнөздөмө бергенде силерде жогорку деңгээлдеги адистер, журналисттер иштейт деп айтчубуз. Экинчиден, булар кечээки, бүгүнкү жаңылыкты айтпай, алдыда боло турчу жаңылыкты айтат дечүбүз. “Азаттык” саясий чыңалуунун градусун төмөндөтүп турат. Айрым учурда мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл аларда таасири болгон. Аны акыйкаттык үчүн айтыш керек. Саясатчы болгондон кийин баалаганым, силер болгон окуяны кубалабайсыңар. Бир нерсе болсо, ошол фактылар келечекте биздин элге, биздин мамлекеттин кызыкчылыгына кандай таасир тийгизет деп алдын ала көтөрүп, эксперттер менен талкуулайсыңар”.

Бекбосун Бөрүбашев, Кыяс Молдокасымов, 11-февраль, 2022-жыл.

Белгилүү тарыхчы окумуштуу Кыяс Молдокасымов:

“Бул кыргыз эли үчүн чоң тарых. Бул китепке кийинки 20 жылдык тарых кирип жатат. Ар бир окуяга карата ушундай жакшы китептерди чыгарып, “Азаттыктын” эл арасындагы кадыр-баркын андан ары да көтөрүп жатасыңар. Биз иштеген мезгилде оор жылдар болду, “Азаттыкты” кыйын кырдаалга кептеген учурлар болду, бирок радионун жамааты андан баш тарткан жок. 16 жыл мурун ушул күнү каза болгон кыргыздын чыгаан инсаны Салижан Жигитов “Азаттык” радиосундагы журналисттердин көбүн тарбиялап кетти. Алдыда Аксы окуясынын 20 жылдыгы келе жатат. “Азаттык” ошол мезгилдеги эң татаал окуяларды чагылдырган”.

Руслан Акматбек, Равшан Жээнбеков, 11-февраль, 2022-жыл.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков:

“Мамлекетте болуп жаткан окуяларга ар бир тарыхый этабында бааны эл берет. Бирок, жылдар өткөндөн кийин ошол кезде эмне болгону, саясатчынын, элдин пикири, бул чоң документалдуу материалдар. Жылдар өткөндөн кийин бул абдан баалуу. Эгемендиктин 30 жылында көп окуялар болду. Окуяга түз катышып, элге жеткирип, алыскы айылдарга чейин жеткирген “Азаттык” радиосу болду. Эми жазма түрүндө китеп чыгып жатканы - эбегейсиз чоң материал. Бул мамлекетке, элге, тарыхчыларга чоң пайда алып келет. Бул материалдар абдан уникалдуу”.

Кубат Оторбаев, 11-февраль, 2022-жыл.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.

“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, теле, интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.

Китептин бет ачары, 11-февраль, 2022-жыл.

“Эрктүү элдин эгемендиги” “Азаттык” радиосу чыгарып жаткан бешинчи китеп. Буга чейин маркум Азамат Алтайдын өмүр баянына арналган “Азаттык жана демократиянын жарчысы”, “Үркүн – 100: кылымдар унутулгус кыргын”, “Улан Эгизбаев: Чындык деп жанган өмүр” жана “Айтматовдун элдеги элеси” деген китептер жарык көргөн.

Китептин бет ачарын толугу менен видеодон көрүңүз: