Бишкектин так ортосунда жайгашкан Эркиндик бульвары шаар пайда болгондо негизделген. Тагыраагы, 1898-жылы жаңы гана шаар наамын алган Пишпектин (азыркы Бишкек) тургундарынын демилгеси менен Эмен багы (Дубовый парк) отургузулган.
1902-жылы токой күнүнө карата атайын бакча негизделген. Биз сүйгөн Эркиндик бульварынын тарыхы дал ушул бакчадан башталат.
Андан бери бульвардын аты бир нече жолу өзгөртүлдү. Советтер Союзу учурунда алгач Комсомол көчөсү деп аталса, кийинчерээк революционер Дзержинскийдин ысымы берилген. Кыргызстан өз алдынча эгемендик алгандан кийин Эркиндик болуп өзгөртүлгөн.
Айрымдар бул жерге жөн гана сейилдегени келсе, кээ бир шаар тургундары спорт менен машыгып ден соолугуна кам көрүшөт.
Бульвардан бакыт таап же ишкердик менен электенип үй-бүлөсүн баккандар да жок эмес.
Бульварды бойлой жайгашкан ар бир үй Кыргызстандын түптөлүп, өз алдынча мамлекет болушуна салым кошкон инсандардын ысымы менен аталган.
Эстеликтер, имараттар борбор калаанын тарыхынын күбөлөрү.
Эркиндиктин кышы сүрдүү, жазы менен жайы түркүн гүлгө толуп өзүнчө керемет. Ал эми күзү өтө эле сүйкүмдүү.
Бульвардагы гүлдөр дагы башкача. Бири гүлдөп бүтсө, экинчиси бажыраят.
Бульвардын түштүк тарабында Бишкектин темир жол вокзалы жайгашкан. Баш калаага келген коноктор дароо эле жашыл гүл бакчага түшөт.
Бульварда "Ала-Тоо" кинотеатры жайгашкан.
Эркиндикте күн алыс түрдүү иш-чаралар өтүп турат.