“Эркин Европа/Азаттык": Тарыхта калчу сүрөттөр
Киев облусундагы Буча шаарынын көчөсүндө талкаланган орусиялык танктар. Орус аскерлери Киев шаарын курчоого ала албай, акыры бул аймактан чыгып кетишкен.
Сүрөттүн автору Сергей Нужненко мындай деп жазат: "Вокзальная көчөсүндөгү орус армиясынын күйүп кеткен оор техникалары. Бул Бучага кирген орус армиясынын алгачкы колонналарынын бири эле. Жакынкы жерде Яблунская көчөсү бар. Ал жерде орус аскерлери шаарды басып алуу учурунда карапайым тургундарга ок аткан. Сүрөт 1-мартта тартылган. 3-мартта шаарды орус армиясы басып алган.
...27-февралда мен Телеграмда Бучада талкаланган орусиялык аскер техникаларынын видеосун көрдүм. Кесиптештеримден кандай жол менен кантип шаарга бара турганын сурап билдим жана 1-мартта биз ал жакка бардык. Вокзальная көчөсүнүн бир бөлүгүндө ондогон адамдар бар болчу. Алар күйүп кеткен орусиялык танктарды аралап, айрымдары өтүп бара жатып чачылган снаряддарга чалынып да жатышты. Баарынын баштары маң".
2022-жылдын 13-февралында Алматыда казакстандыктар кандуу Январь окуясында курман болгондорду эскерүү митингине чыгышты. (Петр Троценко)
2022-жылы январдын башында Казакстанда суюлтулган газдын кымбатташына каршы жалпы улуттук нааразылык акциялары катуу толкундоолор жана ырайымсыз басуулар менен коштолду. Кагылышууда жүздөгөн адамдар, анын ичинде 18 коопсуздук кызматкери каза болуп, президент Касым-Жомарт Токаев коопсуздук күчтөрүнө "ок атууга" буйрук берген.
Мариуполь, 5-февралда. (Амос Чаппл)
"Бул сүрөт тартылган күндөн үч жума өтүп өтпөй Орусия Украинага басып кирип, Мариуполь шаары урандыга айланды. Февралдын башында Мариуполдо болуп, жергиликтүү тургундардын Орусиянын бастырып кириши мүмкүн экенин айтышканын укканда кызыктай сезим жаралды. Бирок жарандар кадимки жашоосун улантып жатышкан. Жээкте жүргөн жергиликтүү тургун Орусиянын кол салуу ыктымалдыгын "50/50" деген оюн айтты. Андан кийин ал аялын жана мышыгын жетелеп, дүйнө менен иши жоктой басып кетти", - деп эскерет сүрөттүн автору Амос Чаппл Мариуполь шаарына болгон иш сапары тууралуу.
25-февралда Харьковго жакын жерде Орусиянын "Град" ракета учуруучу техникасынын күйүп кеткен корпусу жана жерде жаткан жоокердин сөөгү. (Марьян Кушнир)
Путин Украинага чабуулун 24-февралдын таңында баштаган.
5-мартта Одессанын борборунда украин аскерлери менен шаар тургундары кумдан чеп куруп, Орусиянын кургактагы күчтөрүнүн чабуулунун мизин кайтарууга даярданып жатышат. (Мыхайло Штекел)
8-мартта Бишкекте өткөн Аялдардын эл аралык күнүнө карата жөө жүрүштүн катышуучусу. (Гүлжан Турдубаева).
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин расмий статистикасына караганда, соңку эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болду, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылат.
Орусия армиясынын 11-марттагы Киевге жакын жайгашкан Ирпинге жасаган чабуулунун кесепеттери. (Серхии Нужненко)
"Өлүм менен жашоонун ортосундагы чек ара. Горизонтто орус армиясы басып алган, күйүп, өрттөнүп, түтөп жаткан Буча шаары. Согуштан качууга аракет кылып жаткан жай тургундар ак кийим кийишип, ак желектерди кармап баратышат. Мага жакын турган жоокер "Баары ак кийим кийип алып чыгып жатышат. Бучага кайткандарды орус аскерлери өлтүрүшөт" деп кейигенин билдирди", - деп жазган сүрөттүн автору Нужненко.
4-апрелде Тбилиси шаардык сотунун алдында ЛГБТ коомчулугунун символу болгон түстүү желектин өңүндөй беткап тагынган Саломе Баркер журналисттерге зордук-зомбулук көрсөткөн деген айып менен камакка алынгандардын өкүмүн күтүп жатат. Камоолор 2021-жылдын 5-июлунда Грузиянын баш калаасында пландалган ЛГБТ коомунун өкүлдөрүнүн жөө жүрүшүнө каршы митингден кийин уланган. Жүрүш учурунда демонстранттар активисттер менен журналисттерге, анын ичинде "Азаттыктын" эки кабарчысына кол салган. (Мзия Саганелидзе)
"Грузия үчүн эркин маалымат каражаттарына жана жарандык коомго ээ болуусу өтө маанилүү. Анткени алардын бар болушу, бизге адам укуктары, теңдик, эркин сот, демократиянын сапаты жана өлкөнү өнүктүрүүгө жардам бере турган бардык маселелер жөнүндө катуу айтууга мүмкүнчүлүк берет", - деп жазат сүрөттүн автору Саганелидзе.
Пакистан полициясы 26-апрелде Карачи университетинин Кытай институтунун жанындагы жадырылган автоунаанын калдыктарын текшерип жатат. Бул жардырууда үч кытай жараны жана алардын пакистандык айдоочусу каза тапкан. (Ниаз Али Хан, Машал радиосу)
Украиналык танкист Юра, Донецк облусунун Новолуганск аймагында. 11-июнь, 2022-жыл. (Сергей Нужненко)
Черногориядагы Которская булуңдагы көл жээгиндеги ажаткана. Ноябрь, 2022-жыл. (Амос Чаппл)
"Югославиялык деңиз флотунун ажатканасынын бул сүрөтү Реддит социалдык платформасынын колдонуучуларынын арасында чоң талкууга жем таштады. Алар мындай ажаткананын жакшы жана жаман жактарын кызуу талкуулашты. Сибирдеги коомдук ажатканалардын үрөй учурган сүрөттөрүн жарыялап жүргөн Инстаграмдагы сибирдик активист бул сүрөттү жарыялап, "Муну өзүн-өзү тазалоо дейт, мен чечим таптым!" деп жазды", - деп эскерет сүрөттүн автору Амос Чаппл.
18-июнда Киевде журналист Роман Ратушный менен коштошуу зыйнаты. (Сергей Нужненко)
"18-июнда Киевде белгилүү коомдук активист жана журналист Роман Ратушный менен коштошуу зыйнаты өттү. Аза күтүүгө келген элдин арасында көздөрүнөн жаш тегеренген жүздөр көп болду. Орус армиясы басып кирген күнү Ратушный Киевдин жанындагы салгылашууларга катышып, кийин аскерге кеткен. Ратушный 5-июлда 25 жашка чыкмак. Ал 9-июнда Изюмдун жанындагы салгылашта мекени үчүн согушуп жатып каза болгон. Мен Романды жакындан тааныбасам да, Киевде өткөн митинг, акциялардан жолугуп калчубуз", - деп жазат сүрөттүн автору Сергей Нужненко.
Казакстандын Костанай облусундагы Алтын-Дала коругунда окумуштуулар Борбор Азиядан куландардын популяциясын көбөйтүүгө аракет кылышууда. 22-июнь. (Петр Троценко)
Казакстанда куландар 1930-жылдары толугу менен жок болуп кеткен. Өткөн кылымдын орто ченинде бул жандыктарды реинтродукциялоо, б.а. кайра жайылтуу боюнча чоң иш башталган. Беш жыл мурда Казакстандагы биотүрдүүлүктү сактоо ассоциациясынын (КБСА) адистери Казакстандын борбордук чөлкөмүндө, табигый жашоо аймагында куландардын санын көбөйтүү боюнча долбоорду ишке киргизген.
24-июнда Тбилисиде грузиндер евроинтеграцияны колдоо митингине чыккан учур. (Тамуна Чкареули)
Сребреница геноцидинин жаңы аныкталган 50 курмандыктарынын сөөгү салынган табыттар 10-июлда Потокаридеги залдын ичинде жерге коюлар алдында тизилип турат. (Садик Салимович)
1995-жылдын июль айында Босния сербдери Сребреница шаарында 8 миңдей мусулман эркек менен балдарды кырып салган. Ушул убакка чейин 6671 адамдын тек-жайы аныкталган жана кайрадан көмүлгөн. 1992-1995-жылдардагы согуштун соңку күндөрүндөгү босниялык мусулман эркектердин жапырт өлтүрүлүшү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы “эң ырайымсыз кыргын” деп таанылган.
18-июлда Будапешттин Маргит көпүрөсүндө КАТА деп аталган жөнөкөйлөштүрүлгөн салык режиминин өзгөрүшүнө нааразы болгон велосипед курьерлери жол кыймылын бууп салышкан. Алар өзгөртүүлөр чакан бизнеске зыян келтирип, жүз миңдеген адамга таасирин тийгизерин айтып чыгышкан. (Ворос Силард, RFE/RL)
Орусиянын Татарстан Республикасындагы Казан шаарынын Адмиралтейская (татарча Бишбалта) районундагы эски заводдун жатаканасында чирип бараткан советтик символ. 1-август. (Андрей Григорев, "Азаттык")
Бул район 2023-жылы 305 жылдыгын белгилейт. Ал 1718-жылы орус падышасы Петр I тарабынан негизделген. Башында бул завод орус кеме куруучу борбор болгон. Совет мезгилинде район булгары жана медициналык жабдууларды өндүрүп турган. Бийлик тарыхый районду бир нече жолу реконструкциялоого убада бергени менен ал азырынча аткарыла элек.
Украинанын Донецк облусундагы орусиялыктардын соккусунан кийин күйүп жаткан ферма. Орусиянын чабуулу учурунда миңдеген гектарларды ээлеген эгин талаалары өрттөнүп, жок болгон. (Марьян Кушнир)
9-августта Болгариянын түндүгүндөгү токойлордо өскөн трюфель козу карынын жыйноо үчүн чыккан Ивайло Пенев жана анын эки ити. Трюфель жер астында өскөн, чүйгүн тамак-аш саналган баасы кымбат козу карын. Адамдар аны жыйнаш үчүн ит ээрчитип алышат. Анткени бул жаныбар козу карын өскөн жерди жыт аркылуу таап берет. (Амос Чаппл)
Украин аскерлеринин минометтон аткылап жаткан учуру. 10-август, Донецк облусу. (Марьян Кушнир)
Пакистандык он сегиз жаштагы студент Алиша Карачи шаарынын көчөлөрүндө өзүнүн авто-рикшасы менен элди ташып иштеп жатат. Алишага машине айдаганды атасы үйрөткөн. Анын атасы алты ай мурун кант диабетинен каза болгон. Азыр Алиша атасынын ордуна отуруп, окуусун улантуу менен бирге үй-бүлөсүн багып келет. (Радио Машал, Азаттык)
Украин жоокери Денис Орусия Украинага кол салганга чейин археология менен алектенип, мектепте мугалим болуп иштеп жаткан. Эми ал майданда Донецк облусундагы миномет бөлүгүндө согушуп жатат. Сүрөт 29-августа тартылган.
"Биз окопто отуруп алып Денис менен тарых, тарыхый мурастар, Денистин археологиялык экспедициялары, казуу иштерин кантип жүргүзгөнү, жаштарды маданий мурастарды сактап калууга үйрөткөндүгү жөнүндө сүйлөшүп отурдук. Ал азыр Донбастагы окопто археолог экенин тамашалап айтып, күлүп калды. Согуш талаасында аскерлер көп учурда тынч учурда көргөн окуяларын эскеришет", - деп жазган сүрөттүн автору Нужненко.
Изюм шаарына жакын жердеги токойдо адамдардын жана украин аскерлеринин массалык көмүлгөн мүрзөсү. 15-сентябрь, 2022-жыл. (Сергей Нуженко)
Күүгүмдө бараткан үйүр. Үйүрдүн Тушети тоолорунан Грузиянын чыгышына ашып бараткан учуру. (Амос Чаппл)
Баткен районундагы Достук айылы. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин.
"Айылда 70 үй болсо, анын алтымыштан ашыгы өрттөлгөн", - дейт сүрөттүн автору Айбек Бийбосунов.
14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алды. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган куралдуу кагылышта Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. 700гө чукул үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалда калган.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар.
Сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Ак-Сай айылындагы мектепте тартылган сүрөт.
"Баткенде соңку эки жыл ичинде 60 күндөн ашык жүрүп, чек арадагы айылдардын эки жолу талкаланганына күбө болдум. Сентябрдагы кагылышуу былтыркыга караганда масштабдуу болду. Бул сүрөт Ак-Сай айылындагы мектепте тартылган. Анда курал көтөрүп турган жоокердин кызматташтарынын сөөгү ушул билим берүү мекемесинен табылган. Имараттын ичинде жана сыртында жарылбай калган минометтун огу көп болгондуктан жоокер бизге жол көрсөтүп жүргөн. Мектептеги толук өрттөлгөн класстардын бириндеги доскада “15-сентябрь” деген жазуу өчпөй калган экен. Ондогон кишинин өмүрүн алган окуя 16-сентябрда башталган. Ак-Сайда мектептин имаратынан тышкары жүзгө жакын үй толугу менен өрттөлүп кеткен",- деп жазат сүрөттүн Айбек Бийбосунов.
13-сентябрда Тегеранда хижаб кийүү эрежесин бузганы үчүн полиция кармап кеткенден кийин 22 жаштагы Махса Амини аттуу кыздын каза болушу өлкөдө жапырт нааразылыкка себеп болду. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесишкен. Косоводо "Адам укуктары үчүн" деген жаштар кыймылынын өкүлдөрү ирандагы аялдарга тилектештик билдирип акцияга чыгышкан. 12-октябрь, 2022-жыл.(Арбен Хоти, "Азаттык") RL)
Акыркы үч айдан бери Иранда өтүп жактан демонстрацияларды колдоогон акциялар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өтүп жатат. Нааразылык акцияларында ирандык аялдарга тилектештик катары кыз-келиндер чачтарын кесишүүдө.
"Оян Казакстан!" (Ойгон, Казакстан!) кыймылынын мүчөсү 20-ноябрдагы президенттик шайлоо күнү өткөн нааразылык акциясында. Алматы шаары. (Петр Троценко)
Украиналык аскер дарыгерлери курчоого алынган Бахмут шаарында жарадар болгон бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатышат. Ноябрь, 2022-жыл. (Сергей Нужненко)