Бишкекте киши азайганда жылан көбөйдү

"Алейне плюс" экологиялык кыймылынын төрагасы Эрик Шүкүров.

Cоңку маалда Бишкектин тургундары социалдык сайттарда шаарда жылан пайда болду деп, ар кай жерден тартылган сүрөттөрдү жарыялашты. Баш калаанын мэриясы эгерде сойлоп жүрүүчүлөрдү көрсөңөр 161 номерине чалгыла деп кеңеш берет.

Бул чындап эле миллиондон ашуун эли бар калаа үчүн адаттан башкача көрүнүшпү же шаарга киргизилген карантиндин таасириби? Бул суроого жооп алуу үчүн "Алейне плюс" экологиялык кыймылынын төрагасы Эрик Шүкүровго кайрылдык.

- Эрик мырза, бул эмне болгон феномен?

- Бул феномен деле эмес, экосистема жана тирүү организмдердин жашоо ыргагынан алып караганда түшүнүктүү эле нерсе. Баш калаада жапайы жан-жаныбарды деги эле көрө албайсыз, анткени шаар тургундары алардын эркин жүрүүсүнө жол беришпейт. Адамдар жан-жаныбар көрсө эле кармап, өлтүрүп же дагы башка кылышат. Андыктан кандайдыр бир экзотикалык жандыктын шаарда пайда болушу деги эле мүмкүн эмес. Бирок калаа өзү тоо этегинде, жарым чөлдө жайгашкандыктан, шаарда пайда болуп калган сойлоп жүрүүчүлөр да ошол экосистеманын бөлүгү.

Карантин маалында шаарга чыккан киши, кыйма-чийме жүргөн машине азайып, көчөлөр ээн калганда жан-жаныбар да көбөйдү. Шаарда бизден башка дагы жаныбарлар, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөр жашарын унутпайлы. Алардын ичинен биз токтоло турган сойлоп жүрүүчүлөрдү шаардын ар кайсы булуң-буйткасынан такай эле кездештире болот.

- Социалдык медиада ар кайсы жерден сүрөттөрдү коюшуп, "жылан көрдүк" деп жазып жатышат. Демек шаардын экосистемасы өзгөрүп жатат деп айтсак болобу?

- Эми карантин үчүн эле эмес, алар негизинен шаардын чеке-белинде, жаңы конуштарда такай эле кездешет. Сүт эмүүчүлөрдөн: суур, коён сыяктуулар көп эле байыр алган. Кирпи шаарда толтура, алар калаанын жашоосуна кадимкидей жуурулушуп кеткен. Андыктан, тиги же бул жерден жыланды же таш баканы көрүп калсаңар, ал бир адаттан тышкары нерсе эмес. Албетте, эки айга чукул шаар бош калып, жан-жаныбарлар ээн-эркин баса баштады. Канаттуулар болсо шаарды такай байырлашат. Алар азайып кетти деп айта албайбыз, ошол эле чыйырчык, ооган кара кучкачы, көгүчкөн, бактек жана башка куштар биз менен чогуу эле жашайт. Кээде шаар үстүндө кара айры куйрук, ителги, майда шумкар, үкү да учуп жургөнүн көрсө болот. Бул канаттуулардын бардыгы шаар турумушуна ыңгайлашып алгандар.

Дагы караңыз Жаныбарларды жакага түшүргөн жагдай

- Демек, карантин маалында шаардыктар жылан, таш бака, кескелдирик көрсө чочулап кереги жок турбайбы.

- Албетте, жок! Жылан, кескелдирик көрсөңүз такыр коркпоңуз, анткени аларга адам баласы менен бетме-бет чыккан сиз чочугандан алда канча күчтүү стресс. Алар өздөрү кол салбайт, дароо бир жакка сойлоп кире качканга, бачым көздөн далдоо болгонго аракеттенишет. Мындай учурда адам көбүнчө туура эмес кадам кылат, өзүн жаратылыштын төрөсүндөй көрөт. Ошол эле жылан капыстан кишини көргөндө тезирээк сойлоп кетүүнүн аргасын издейт. Эгер жылан чагып алса да, ал адамдын ага жасаган одоно мамилесинен улам болот. Жылан адамга өзү капыстан кол салат же чагып алат деген суу кечпеген кеп.

- Ал эми уу жыландар жолугуп калсачы?

- Уу жылан өтө чейрек кездешет. Чүй өрөөнү өздөштүрүлгөндөн тартып андай жылан дээрлик калбай деле калды. Негизинен кара чаар жылан менен калкан тумшук – уулу. Алар тоо-таштуу жерде, аска-зоону байырлайт. Шаарга уу жылан деле келбейт, кимдир бирөө жеке коллекциясынан чыгарып ийбесе эле. Калганы уусуз, мисалы бакыракай соймондун уусу жок. Сары жылан – буту жок кескелдирик, анын да уусу жок. Дагы баса белгилеп айтарым – шаарда кездешкен кандай гана жапайы жан-жаныбар болбосун, алар адамды көргөндө качат, алардан коркуп, коргонуунун эч зарылчылыгы жок. Эгер чындап эле чоочуп кетсеңиз, Өзгөчө кырдаал министрлигине, мэрияга же Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине чалып кабарлаңыз. Алардын атайын кызматы келип, жыландарды көздөн далдоо жерге алып барып коё беришет.

Кыргызстанда Кызыл китепке кирген муунткуч жылан

- Эл ичинде "эгер жылан көбөйсө жер титирөө болушу мүмкүн" деген жоромол бар эмеспи. Бул канчалык негиздүү?

- Андай фактылар белгилүү. Чоң зилзаланын алдында жыландар уюгун таштап, сыртка сойлоп чыгышат. Мындай окуя 1966-жылкы Ташкендеги жер титирөөнүн алдында байкалганы ийне-жибине чейин жазылган. Ошондо аксакалдар шаар бийлигине келип, "жакында зилзала болот, шаар туругундарын эвакуациялоо керек" деп айтышканда - андагы жетекчилер "эмне деген жоромол" деп күлүшкөн.

Аксакалдар эмне себептен көзү ачыктык кылып жатканын сурашканда, жыландар уюгунан өтө эле көп чыгып жатканын, анан да демейдегиден эртелеп сойлоп кетишкенин айтышкан. Апрелдин ортосунда адатта жыландар уюугунда уйкуда болот. Бирок андагы апаатты сезип, алар эрте ойгонуп, тышка чыгышкан. Бул жан-жаныбар зилзаланы алдын ала сезе турганынын айкын мисалы. Жыландан башка үйдөгү эле ит, мышык да андайды сезет. Түштүк Американын бир өлкөсүндө жер титирөөнүн алдында бир маалда эле шаардагы иттер менен мышыктар жок болуп кеткен. Байланган уйлар болсо тынчы кетип, катуу мөөрөй баштаган. Демек, жаныбарлар кандайдыр бир апаат болорун алдын ала сезет десек болот. Мисалы, Жапонияда алтын балыктарды кармашат, жер титирөө же дагы бир дүрбөлөңдүн алдында алардын тынчы кетип, кадимкидей сезишет.

Ал эми азыр Бишкекте жыландар массалык түрдө чыкканы байкалган жок. Бизде "бул жерден, тигил жерден бир жылан көрдүм" деген маалымат эки жума мурун эле тараган. Биздегини шаарга киши чыкпай, калаа бош калгандагы эле байкалган көрүнүш деп айтсам болот.

- Илимпоз адистер жыландардын, үй жаныбарларынын жогорудагыдай адаттан башкача жүрүм-турумуна канчалык маани беришет? Илимий чөйрөдө бул канчалык колдонулат?

- Илимий институттар муну жапырт колдонот дегенден алысмын. Айрым сейсмологиялык мекемелерде, лабораторияларда алтын балыктарды жана башка майда жандыктарды кармашат. Аларды эмнеге жапырт колдонууга болбойт деген суроого келгенде – аягы акчага барып такалат. Көпчүлүк жерде жетекчилик аларды кармоого, багып өстүрүүгө каражат бөлүүгө көңүлдөнбөйт.

Биолог Эрик Шүкүров

- Социалдык сайттардагы реакцияга караганда шаар тургундары жыланды көргөндө дүрбөлөңгө түшпөсө да чочулоо бардыгы сезилет. Бул биздин жыландар жана башка сойлоп жүрүүчүлөр тууралуу билимибиздин аздыгынан эмеспи?

- Бул суроону билим берүүнүн аткаминерлерине да жолдогон туура болмок. Жан-жаныбарлардын, тирүү жаратылыштын өзгөчөлүгүн окуп-үйрөнүү мектеп программсына кирген эмес. Табият таануу курсунда эле үстүртөн окутулат, анда маалымат өп-чап берилет.

Адамдар капыстан сейрек кездешүүчү жандыктарды көргөндө жөнү жок жерден эле корко баштайт. Кишилер жыланды мыкаачылык менен өлтүрүп жатканына өзүм канча күбө болдум. Бир топ киши топтошуп алып, жыланды кармап, көпкө кыйнап туруп, анан ушундай мыкаачылык менен өлтүрүштү.

Мунун баары билимдин жетишсиздигинен, жандуу жаратылыштын сырларын жакшы билбегендигибизден. Кыргыздар көчмөн заманда жан-жаныбардын дүйнөсүн терең түшүнгөн. Алар жашоо-тиричиликке зарыл болбосо максатсыз жан-жаныбарды өлтүрүшкөн эмес. Тирүү табият, бизди курчаган дүйнө - көчмөндүн үйү саналган. Ал үйдө тартип, тазалык, иреттүүлүк өкүм сүргөн. Табият кучагындагы бардык жандуулар ЖАШООГО укуктуу деп саналган.

- Ушуга улай дагы бир суроо берсем. Соңку кезде жергиликтүү эл сейрек кездешүүчү сойлоп жүрүүчүлөрдү аёосуз кармап сатып, алардын тукуму кескин азайып кеткенин билебиз.

- Андай фактылар дагы бар. Бир нече жыл мурун Ысык-Көлдө Кызыл китепке кирген бакаларды өтө көп санда кармашканы белгилүү. Кытайлык ишкерлер үчүн ал жандыктар коммерциялык баалуулук, андыктан алар беркилер сураган акчаны берип, сатып кетишкен. Жергиликтүү эл бакаларды эч нерсеге карабай кармап, кытайыларга сатышкан. Баягы эле акча үчүн.

Дагы бир мисал – медицина боюнча эски жазуулардын биринде "илбирстин кайсы бир органы дартка дабаа" деп айтылганы үчүн алардын канчасын өлтүрүштү. Кыргызстанда жаратылышка болгон соодагерлик мамиле жан-жаныбарларга эле эмес, өсүмдүктөрдү, чөп өсүмдүктөрүн жана карагайды кандай пайдаланып жатышканынан көрүнөт. Өлкөдө арчаны кыюуга мораторий жарыяланганына карабай, аны кыйып, чет элдик ишкерлерге белек-бечкек тартуулап эле жатышпайбы.

Соодагерлер үчүн жандуу жаратылыш деген түшүнүк деле жок, аларга табият пайда табуунун гана булагы. Бул канчалык жүрөк оорутканы менен чындык ушундай экенин моюнга алалы.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​