Конституциялык сот балдардын документиндеги “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздыруу боюнча талашка чекит койду. Мекеме бала 18 жашка чыккандан кийин атасынын же энесинин атына катталарын өзү чечиши керек деген түшүндүрмө берди.
Конституциялык сот бул маселени активист Алтын Капалованын арызынан кийин караган. Ал буга чейин жалгыз бой тарбиялап келаткан үч баласынын метрикасына өзүнүн ысымын жаздырган. Мамлекеттик каттоо кызматы бул мыйзамсыз экенин билдирип, активистти соттон утуп алган.
Конституциялык соттун түшүндүрмөсү
Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын айрым беренелеринин талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы боюнча чечим чыгарды.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, анда “Үй-бүлө кодексинин” 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы келбейт деп табылды.
Мыйзамга ылайык, ысымдар кыргыздын улуттук каада-салты, ошондой эле советтик система боюнча ыйгарылат: өз аты, фамилиясы жана атасынын аты. Кыргыздын улуттук каада-салты менен “уулу, кызы, тегин” деген жазуу менен ат коюуга болот. Конституциялык сот жарандык активист Алтын Капалованын бала төрөлөрү менен энесинин атын фамилия кылып берүү боюнча арызын канааттандыруусуз калтырды.
“Бирок, эрезеге жетип (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 56-статьясына ылайык 18 жашка чыкканда), башкача айтканда турмушка объективдүү баа берип жана өз иш-аракеттери үчүн толук жоопкерчиликти алуу жөндөмүнө ээ болуп, тигил же бул себептерден, же болбосо башынан өткөн оор турмуштук трагедиялардан улам өзүнүн толук атынын элементи катары эркектин атын кабыл албаган жаран атасынын же энесинин атын тандоо укугуна ээ болушу керек. Каралган маселе калктын анчалык көп эмес бөлүгүнө гана тийиштүү болушу мүмкүн. Ошондуктан ушундай жагдайларга дуушар болгон жарандардын укуктарын теңдөө жана жыныстык белгиси боюнча басмырлоого бөгөт коюу максатында мыйзамдар кабыл алынган чечимде көрсөтүлгөн укуктук мүмкүнчүлүктөрдү камтууга тийиш”, - деп айтылат Конституциялык соттун маалыматында.
Конституциялык соттун чечими акыркы жана ал даттанууга жатпайт. Мекеме бул маселеде укуктук боштук бар экенин белгилеп, Министрлер кабинетине тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берди.
Демек, бала жаңы төрөлгөндө эле же 18 жашка чыкканга чейин аны апасынын атына каттатууга болбойт. 18 жашка чыккандан кийин ал кимге катталат, кандай фамилия алат өзү чечет.
Конституциялык соттун чечими кыргыз коомчулугунда кайчы пикирлерди жаратып, талкууга жол ачты. Бири “баланы апасынын атына каттатуу улуттук идеологияга каршы келет” десе, экинчи тарап “баласын бакпаган, аталык жоопкерчиликтен качкан эркектердин аты фамилияга берилбеши керек” дешет.
Активист Алтын Капалова Фейсбуктагы баракчасына буларды жазды:
“Кандай болбосун мен муну жеңиш деп эсептейм. Аялдар балдары жаңы төрөлгөндө ысымын бере алышпайт, бирок бойго жеткен балдар энесинин атын ала алат. Баарын бул жеңиши менен куттуктайм! Бул биринчи кезекте укук коргоочулар, юристтер Айнура Осмоналиеванын, Элвира Тилек кызынын, Евгения Крапивинанын эмгеги. Өлкө адилеттүүлүккө жана гендердик теңчиликке карай эбегейсиз кадам таштады деп эсептейм”.
Окуянын чоо-жайы
Маалыматка караганда, Алтын Капалова балдарын жалгыз тарбиялайт, биологиялык аталары жардам бербейт. Алар алимент да төлөшкөн эмес.
Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын жаздырган. 2021-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы анын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин билдирген. Мекеме документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылып, 2022-жылы бардык инстанцияда утуп алган.
Мамлекеттик каттоо кызматы 2020-жылы ноябрь айында күчүнө кирген жаңы мыйзам боюнча балага энесинин атынан документ берилбей турганын кабарлаган. Кыргызстанда буга чейин балага мындай жол менен документ алган учур катталган эмес.
Алтын Капалова быйыл февраль айында балдарынын күбөлүгүндөгү “атасынын аты” деген графа боюнча Конституциялык сотко кайрылган. Ал мыйзамдарда эненин укугу атаныкынан төмөн болуп калганын, ал бирдей болушу керек деген жүйө келтирген.
“Матроним” маселеси талкуу жаратты
“Матроним” же баланы энеге каттаттуу боюнча мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды. Ал баланы энесинин атына жаздырууга каршы экенин билдирип, “тукум атанын аты менен гана сүрүштүрүлөрүн” деди. Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев “Азаттыкка” пикири менен бөлүштү:
“Демократиянын өзүнүн жолу бар. Биздей аз улуттар үчүн, кыргыздардын каада-салтында “жети атаңды бил” деген жөн жеринен айтылган эмес. Жети атаңды билүү – бул генетиканы, тукумуңдун тазалыгын сактоо болуп эсептелет. Ал эми жети атаңды билүү үчүн атаңды фамилиясы болушу керек. Аты-жөнүң энеңдики болсо сен кимдин баласы экениң билинбей калат. Ошондуктан мунун такыр кереги жок”.
Кыргызстанда балага ат коюу, ага фамилия ыйгаруу “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзам жана “Үй-бүлө кодекси” менен жөнгө салынат. Мыйзамда “атасынын атын өзгөртүү атасынын, асыроочунун, өгөй атасынын же чоң атасынын жана таятасынын аттары боюнча жүзөгө ашырылат. 16 жашка толгон адам атасынын атын көрсөтүүдөн баш тартууга укуктуу” деп белгиленген. Ал эми кодексте “балага ысым ата-эненин макулдугу менен берилет, атасынын ысымы атасынын аты болот, же улуттук каада-салтты эске алып ыйгарылат” деп көрсөтүлгөн.
“Биз коомдо аталык милдетин аткарбаган, балдарын токмоктогон зөөкүр эркектерди көрүп эле атабыз. Бул аялдардын эле каршылыгы эмес. Ал балдардын да жүрөгүндө турган маселе. Бала “ата” дегенге оозу барбай турган кишилер толтура. Анан ушунун баарын эле каада-салтка такап балага каалагандай фамилияны берүүгө каршы чыккан болбойт. Бул жөн эле ашкере улутчулдук. Мурдунан алысты көрбөй эле баарын улуттун наркына байлай берген туура эмес. Алар тескерисинче улутту деградация кылат”, - деди публицист Олжобай Шакир.
Социалдык тармактарда “матроним” менен кошо фамилиядагы “ов, ев, ова, ева” мүчөлөрү боюнча да талаш кызыды. Айрымдар муну Советтер Союзунан калган туура эмес “мурас” деп баалап фамилиядагы мындай мүчөлөрдөн баш тартууга чакырып жатышат.