Эндиктен пайда издегендер көбөйдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Соңку үч жылдан бери Нарын менен Ысык-Көл облусунда эндик чөбүнүн тамырын казып, мүшөктөп ташып жаткандар көбөйүүдө. Тоолуктар тамырдан пайда издегендерге нааразы болуп, жайытты талкалап жатышканын айтышат. Экологдор бул чөптү казууга тыюу салуу үчүн Илимдер академиясына кат жолдогон.

Ал эми экологиялык көзөмөл органдары эндик мыйзамсыз казылып, аткезчилик жол менен сыртка чыгарылып жатканын билдирүүдө.