Элмирбексиз эки жыл

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Белгилүү төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болгондо 17-январда 44 жашка толмок. Анын туулган күнүн утурлай шакирттери Иманалиев өзү түптөп кеткен “Төкмө келсе төр бошот” долбоорунун негизинде эскерүү концертин тартуулашты. Эмгеги менен элдин эсинде калган таланттын өнөрүн урматтап келгендер филармонияга жык толду.