Элмирбексиз бир жыл...

Элмирбек Иманалиев.

Кыргыз менен казакка таанымал төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 2020-жылы 20-апрелдин кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Акындын өлүмү анын жакындары жана күйөрмандары үчүн күтүүсүз сокку болгон.

Иманалиевдин төкмөлүк өнөрдөн тышкары да таланттары көп эле. «Айтыш» коомдук фондунда көптөгөн жаш акындардын устаты болгон. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмөлүк акындан сырткары «Манас» айтып, дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган.

Дагы караңыз Кыргыз-казак тең баалаган Элмирбек

Ал ырчы, обончу катары «Аруузатым», «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» сыяктуу эл оозундагы мыкты бир топ чыгармаларды жараткан. Мындан тышкары унутта калган мурда жашап өткөн акындардын айтыштарын эске салып, алардын мазмунун бузбай кудум өздөрүндөй аткара билчү.

Акындын досу Кубат Болотканов Элмирбек Иманалиевди түгөнгүс кенчке теңеген жайы бар.

«Толубайдын тулпарындай болуп кайсыл сайга салбагын кете берген жигит эле. Сөзмөрлүгү бир шумдук болчу. Жумалап жанында жүрсөң да бир айтканын экинчи кайталачу эмес. Улам бир жаңы, керемет окуяларды угуп жүрчүсүң. Мындай тышкары жазма акындыгы да бир башка эле. «Манасты» да өзгөчө обон менен айтчу. Эпосту өзү көркөмдөп, төгүп айтар эле. Көбү биле бербейт, Элмирбек мыкты куудул да болчу».

Дагы караңыз Ким айтат эми ырыңды?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Айтыш» коомун негиздөөчүсү Садык Шернияз акын менен коштошуу зыйнаты учурунда «Азаттыкка» билдирди.

«Элмирбек кыргыздын гана эмес, казактын да салтын, философиясын терең билген, улуу ойчул акын эле. Ал өзү менен айтышкан акындарды эч качан басмырлабай, тескерисинче зоболосун көтөрүп салчу. Элмирбек эки китепке жазылчу ойду эки эле сөз менен берип коёр эле», - деген Садык Шернияз.

Чыгаан акын Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган.

Элмирбек Иманалиев бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору болгон. Акындын артында үч кызы, үч уулу калган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Элмирбек акынды жаштар эскеришти