Элмирбек акын элин таштап кетти

Элмирбек Иманалиев "Азаттыктын" студиясында. 17-август, 2017-ж.

Элмирбек Иманалиев чыгармачылыгынын 20 жылдыгына арналган кечеде. 17-ноябрь, 2013-ж. 

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев чыгармачылыгынын 20 жылдыгына арналган кечеге даярдануу учурунда. 13-ноябрь, 2013-ж.  

Элмирбек Иманалиев төкмө акын Азамат Болгонбаев менен. 13-ноябрь, 2013-ж. Сүрөт "Макал Арт" студиясынын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Элмирбек Иманалиев төкмө акын Токтогул Сатылгановдун образында. 7-апрель, 2014-ж.

Элмирбек Иманалиев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын эмгек жамааты менен Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган гала-концертке даярдануу маалында. 7-апрель, 2014-ж.

7-апрель, 2014-ж.

“Айтыш” коомдук фондунда көптөгөн жаш акындардын устаты. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмөлүк акындан сырткары "Манас" эпосун айтып, дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган. Ал ырчы, обончу катары "Аруузатым", "Булбулум", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" сыяктуу эл оозундагы мыкты бир топ чыгармаларды жараткан.

Элмирбек Иманалиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колунан Кыргыз Республикасынын Эл артисти ардактуу наамын алган учуру. 11-октябрь, 2016-жыл. 

Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.