«Өзү бизден кетсе да, сөзү жашайт биз менен!»

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз менен казакка таанымал төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелдин кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Акындын өлүмү анын талантын баалаган эли үчүн күтүүсүз сокку болду. Жамы журт сыздап, сөз баккан адамдардын ичи ачышып турган кез.