Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Чылым менен күрөшүү боюнча конвенциясынын жыйынында ысытылган чылымдын түрлөрү зыяндуу экени тууралуу кеп болуп, “аларды кадимки эле тамекидей тыюу керек” деген пикирлер айтылды.
Бишкектеги ири соода борборлорунда электрондук чылым саткандар "Тамекини таштагыңыз келеби? Анда бизге кайрылыңыз" деген жарнамалар менен турушат. Чылымдын бул суюк түрү жакында эле пайда болгонуна карабай, жаштар менен өспүрүмдөр арасында өтө тез жайылууда.
Тамеки өндүргөн ири компаниялар да буга көңүл буруп, учурдан пайдаланып калуу аракетинде. Бирок дарыгерлер электрондук чылымдын зыяны кадимки тамекиден айырмаланбай турганын айтып жатышат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да түпөйүл
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чылымдын бул жаңы, заманбап түрүн Тамеки менен күрөшүү боюнча конвенцияга киргизип, аны чылымдай эле расмий жайларда колдонууну, жарнамалоону жана жайылтууну тыйыш керек экенин Женевада өткөн тараптардын сегизинчи саммитинде билдирди.
Буга негизинен чылым өндүргөн ири компаниялардын акыркы мезгилде электрондук чылымды жаштар менен өспүрүмдөр арасында жайылткан агрессивдүү жарнамалары себеп болуп жаткан кези.
Алгач электрондук чылымдын курамындагы заттарга токтолсок, адам дем алууга ыңгайлашкан жогорку басымдагы түтүк аркылуу никотин адам организмине кирип, андан чыккан буу ар кандай жыпар жыттуу суюктуктан турат. Жабдуунун ичиндеги ингалятор ысып, тамекинин түтүнүндөй зат бөлүнүп чыгат. Электрондук чылымдын ишин окумуштуулар орто кылымдардагы тамеки түтүгүнө окшоштурушат.
Англисче "Вейпинг" деп аталган электрондук чылым азыр кыргыз жаштарында да өтө популярдуу. Женевадагы ДСУнун чылымга каршы жыйынында дал ушул тамекинин түрүн жактагандар демонстрацияга чыгышты. Алардын айрымдарын кепке тарттык.
Филиппиндик Кларис - чылым чегүүчүлөрдүн укугун коргоочу ENCO уюмунун өкүлү. Ал жөнөкөй тамекиге караганда чылымдын бул түрү ысык эмес, муздак болорун, аны тамекини таштоонун жолу катары тандап алганын айтты:
- Мен тартып жаткан электрондук сигарет чылымга караганда муздак. Соруп жаткан нерсем да, үйлөгөн түтүн да аябай оор, мага жакпайт. Айла жок, бирок көнүп алган адатым да. Таштай албайм. Чеге берем. Жыты да начар.
Кларистин айтымында, Филиппинде чылымдын салыгы жылдан-жылга көбөйүп, элдин көбү азыр электрондук тамекиге өтүп жаткан кези. Азырынча бул тармакты мамлекет көзөмөлдөй элек.
"Чылымды таштай албай жүрөм"
Ал эми жашы алтымыштан ашып калган таиланддык Ассай өмүрүнүн төрттөн үч бөлүгүндө чылым чеккен. Ал бул жаман адатты өспүрүм кезинде эле баштаган. Жаш кезинде спортко кызыкканы менен бара-бара чылым анын басуу, чуркоо жөндөмүн кемитип, кыймылдуу жашай албай калган. Алты жылдан бери электрондук тамеки тартып жүрөт.
- Мен жаш кезимде волейбол, баскетбол, футбол ойночумун, - деди Ассай. - Бассейнге тынбай барып, кесипкөй деңгээлде сууда сүзгөн спортчу элем. Чуркаганды, жөө басканды аябай жакшы көрөм. Бирок ушул тамекинин айынан жашым өткөн сайын кыймылдай албай баратам. Өзүм сүйгөн нерселерди кыла албай калдым. Бат эле чарчап, демиге баштадым. Өпкөм улам чирип, жарабай баратты. Бул мени аябай коркутту. Тамекини таштоого аябай аракет кылдым, сагызын да чайнадым, дарысын да ичтим. Ал тургай ооруканага да жатып көрдүм. Таптакыр болбой койду. Буга караганда аракты таштаган оңой экен. Мындан 6 жылдай мурда досум мага ушул электрондук чылымды көрсөттү. “Никотини аз” деди. Анан ушуну чеге баштадым. Кичине калыбыма келип, басып, чуркап калдым. Ошентсе да баары бир чылым деген чылым да. Баары бир зыяндуу жактары көп. Айла жок, берки тамекиге караганда жеңилирээкпи деп чегип жатам. Бийлик муну таптакыр тыйбай, көзөмөлдөөчү туура мыйзамдарды чыгарганы жакшы го?
Кыргызстанда чылымдын бул түрүн иликтеген эч ким жок
Кыргызстанда да чылымдын бул түрүн азырынча медицина адистери толук иликтеп бүтө элек. Ошентсе да дарыгерлер аны чылымды таштоонун бир жолу катары көрбөш керек деген пикирде. "Тамекисиз Кыргызстан" коомдук кыймылынын дарыгери Жаныбек Ибраимов чылымдын бул түрү тууралуу өз маалыматын берди:
- Мунун курамында деле кадимки тамекидеги никотин бар. Андыктан электрондук чылым тарткандар бул маалыматты так билиши керек. Никотинден кутулуунун жолун электрондук чылымдан издегендер катуу адашат. Курамы кадимки чылымдан айырмаланбайт. Анысы аз келгенсип, никотин ысык чыккандыктан, ооз көңдөйү сыяктуу назик органдарга түздөн-түз зыянын тийгизет. Себеби тамеки организмге ар кандай жыпар жыттар менен кошулуп кирип, өсмөнү (ракты) козгоочу клеткаларды көбөйтөт. Чылым өндүргөн ири компаниялар азыр электрондук тамекини “чылым чегүүнү таштоонун альтернативасы” деп айтып жатышканы - таптакыр жаңылыш маалымат. Тескерисинче, чылым чыгаруучулар кардарларды көбөйтүү максатында жасап жаткан атайын жарнамалык иш десек болот.
Ири компаниялардын агрессивдүү жарнамасы
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Чылымды көзөмөлдөө программасынын директору Кристина Мауер Сендер дүйнөлүк саламаттык сакчылары азыр бул багытта бир топ эрежелерди, чектөөлөрдү иштеп чыгып жатышканы менен кыргызстандык адис айткандай, чылым өндүргөн ири компаниялар электрондук тамекинин көзөмөлгө алып, тыюуга тоскоол болуу аракетинде экенин билдирди:
- Чылымдын бул түрү Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө да кеңири жайылып баратат. Аны таркатууда бир топ чындыкка туура келбеген маалыматтар айтылууда. Маселен, “электрондук тамекиде никотин жок, зыяндуу эмес” деген сыяктуу. Бирок аны биз иликтегенде жарнамадагы “зыянсыз, чылымды таштоого жардам берет” деп айтылгандар жалган болуп чыкты. Алардын көбүн чылым компаниялары чыгарууда. Курамындагы заттар тууралуу так маалымат берилбейт. Ден соолукка тийгизген зыян-пайдасы ийне-жибине чейин иликтениши керек. Бул тамеки айрыкча жаштарды никотинге көз каранды кыларын аны саткандар моюнга алышы зарыл.
Чылым чегүүдөн жыл сайын дүйнөдө 6 миллиондон ашуун адам каза болуп жатат. Адистер 2030-жылга чейин бул сан 8 миллионго чыгарын билдирүүдө. Ал арада Кыргызстанда өпкөнүн, ооз көңдөйүнүн, кызыл өңгөчтүн залалдуу шишиги менен ооругандар жылдан жылга арбып баратат. Тамекинин бардык түрүн чеккен адамда жүрөк талмасы, дем алуу органдарынын өсмөсү, ашказан өсмөсү сыяктуу жугуштуу эмес оорулар козголот.