Кантип добуш беребиз?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарында шайлоо участокторунан алыс, тоо башында мал баккандар добуш бере албай калчудай. Ар бир жаран шайлоо участокторуна келип, алдын ала арыз берүү керек деген жобону бетке кармаган жергиликтүү өкмөт маселени кантип чечерин билбей бушайман. Маселен 300 шайлоочу жашаган Кара-Кужур айылы Нарын районунун борборунан 120 чакырымдан ашуун алыс турат.