Мукай Элебаевдин 115 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Акын жана жазуучу Мукай Элебаев жубайы Бурулча менен. Архив.

Жазуучу, акын жана котормочу Мукай Элебаевдин 115 жылдыгына карата Бишкекте китеп жана сүрөт көргөзмө ачылды.

Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада 28-январда уюштурулган көргөзмө бир айга чукул уланат. Ага Элебаевдин китептери, гезит-журналдагы макалалары, фотодокументтери коюлган.

Кыргыз совет адабиятынын өнүгүшүнө барандуу салымын кошкон жазуучу Мукай Элебаев 1906-жылы 15-январда Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган.

1916-жылы көтөрүлүштө Кытайга качып барып, 1917-жылы өз жерине кайтып келген.

Чыгармачылык жолу 1925-жылы башталып, 1931-жылы алгачкы ырлар жыйнагы чыккан.

Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде “Алыскы тоодон”, “Соңку бир күн” деген аңгемелерин, “Ач көздөр” аттуу көп актылуу пьесаны жазган. Орустун белгилүү акын-жазуучуларынын чыгармаларын кыргызчага которгон.

1943-жылы согушка аттанып, 1944-жылы 15-майда баатырларча курман болгон. Сөөгү Орусиянын Псков районунда Понев тоосуна коюлган. (MJ)

Дагы караңыз

Башкы прокуратура: Дары-дармек департаментинде коррупциялык схема аныкталды Сот Матраимовдордун журналисттерге тыюу салуу тууралуу өтүнүчүн четке кактыСегизбаевдин штабы: кызматкерлер тинтүүгө алындыТашиев: Коррупцияга аралашкандарды жазалоо мөөнөтү эскирбейт (видео)Улукбек Марипов электр тарифин өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынарын айтты Президенттик аппаратка сот, укук коргоо органдары жөнүндө көп арызданышат«Токмоктук граф» атыккан ишкер Алижан Ибрагимов каза болду