Төкмөлүк өнөрдү жаштарга өткөргөн алтын көпүрө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, төкмө акындын шакирттери катышты. Соңку кезде сыркоолоп жүргөн Үсөнбаев мааракесинде колуна комуз алып, күйөрмандарына ыр төктү.