"Эл бийликтин адилетсиздигине каршы чыккан". Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди

Аксы окуясына 22 жыл. 17-март, 2024-жыл.

Алты адамдын өмүрү кыйылып, 20дан ашык киши жараат алган Аксы окуясына 22 жыл толду. Адатка айлангандай эле быйыл да бийликке каршы чыккан элге ок атылган Боспиек айылында окуяда курман болгондор эскерилди.

Алардын жакындары ошол кездеги бийликтин куралсыз элге ок атканына укуктук баа берилген жок деген пикирин айтышты.

Маркум Сатинбай Үркүнбаев 45 жашында Аксыдагы каргашалуу окуяда көз жумган. Жесир калган Бүайша Базарбаева жолдошунун күйүтүн эмдигиче тартып келет. Жалгыз бой эне беш баланы тарбиялап-өстүргөн. Ошол күнкү окуялар бүгүнкүдөй көз алдында экенин эскерди.

Бүайша Базарбаева

“Ошол учурдагы бийликтин күнөөсүнөн жолдошум каза болгон. Ушул ээн талаада атпай деле коюшса болот эле. Мен беш баланы өзүм кыйынчылык менен өстүрдүм. Жолдошум ушул жерде ичине ок тийип, кан толуп, кансырап калганда аны Кербен шаарына өткөрбөй коюшкан. Авлетимге алып барышканда кан көп кетип каза болуп калган. Азыркыга чейин бир да адилетүү чечимдер болгон жок. Бийликтин ачык эле күнөөсү турса да азыркыга чейин жооп берген эч ким жок", - деди ал.


Маркумдун карындашы Гүлсара Үркүнбаева агасын жароокер эле деп эскерип, кандуу окуя үчүн "мурдагы президент Аскар Акаев башында турган бийлик жазаланышы керек болчу" деп эсептейт:

Гүлсара Үркүнбаева

"Аксы окуясында бир тууган агам, үйдүн жалгызынан айрылдык. Мүнөзү токтоо, оор басырыктуу жан эле. Бир топ жыл өтсө да анын өлүмү үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбады".

Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 2005-жылы 24-марттагы элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон бери Орусияда башкалкалап келет. 2022-жылы ал 16 жылдан кийин Кыргызстанга биринчи жолу келип, Кумтөр иши боюнча сурак берип кеткен.

Былтыр майда Акаевдин жубайы менен Бишкекке келгени коомчулукта талкуу жараткан. Бул боюнча президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде түшүндүрмө берип, Акаевдин камалбашына кепилдик берилип Бишкекке чакырылганын, андан Кумтөр боюнча көрсөтмө алынганын, буга чейин ага эч кандай кылмыш иши козголбогонун айткан.

Аксы окуясы. 2002-жыл.

2002-жылы 17-мартта аксылыктар мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөөнү талап кылып, Кара-Жыгач айылынан райондун борбору Кербенди көздөй жөө жүрүшкө чыгышкан.

Боспиек айылында бийликке каршы чыккан элге атылган октон, беш киши, ур-токмоктон алган жарааттан бир киши - жалпы алты киши курман болгон. Алар - Эркиналы Четимбаев, Кадыркул Сапаралиев, Медетбек Бекмуратов, Сатинбай Үркүнбаев, Советбек Тагаев, Элдияр Үмөталиев.

Ошол кезде нааразы тараптын бир тобу Бишкекке чейин барышкан.

Аксыдагы каргаша эгемен Кыргызстандын тарыхында тынчтык жүрүшүнө чыккан элге ок атылган биринчи окуя катары калды. Ал жерде башталган саясий күрөш президенттик үй-бүлөлүк жеке башкарууга каршы жалпы улуттук күрөшкө айланып, 2005-жылы мартта ал кездеги президент Аскар Акаевдин бийлиги кулаган. Ошол учурда элдик жүрүшкө катышып, Бишкекке чейин барган Рысбүбү Камчыбекова азыр 72 жашта. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандар бошотулушу керек деген пикирин айтты.

Рысбүбү Камчыбекова

"Бийликтин адилетсиздигине жана Бекназаровдун камалышына каршы чыгып, Бишкекке чейин барганмын. Акыркы жолу Токтогулда сотто отурганыбызда "Азаттыктан" угуп калдык. "Аксыда элди атты" деп. Ошондо Бекназаров бошотулуп, элибизге келген элек. Азыр да Бекназаровдун камалып жатканы өкүнүчтүү. Анын ишин карап, орозодо чыгарып берсе жакшы болот эле. Үч кемпир бүгүнкү иш-чарага араң эле келдик, - деди ал.

Аксы окуясында 30га чукул киши ар кандай жараат алган. Максат Момуналиев бул каргашада бутуна ок жеп, эки жакын адамынан айрылган.

Максат Момуналиев

"Биз ошол учурдагы бийликтин саясатына каршы болуп, Үзөнгү-Куушту сатпайбыз деп чыккан элек. Ушул жерге Боспиек айылын келгенде спезнац ата баштады. Мен "желим ок экен, коркпогула" деп алдыда бара жаткан элем. Ошондо бутума ок тийип ооруканага кеткем. Ошондо менин жээним жана аталаш тууганым октон каза болгон. Буга чейин улам жаңы келген бийлик Аксы окуясынын күнөлүүлөрүнө жаза берилет деп убада берип, бирок эч жыйынтык болгон жок. Жапаров келгенде кабылдамасында болдук. Ал киши арадан көп жыл өтүп кеткендиктен, ишти кайра жаңы жагдайлар менен караганга болбойт экен деп айтты. Анткени мыйзамда 10 жылдан өткөн иштер каралбайт экен. Ошентип бул ишке тиешеси барларды Кудайга салдык деп отуруп калдык".

Боспиектеги ок атылган жерде азыр курмандыктарга арналган эстелик турат. Маркумдардын жакындары, жөө жүрүштүн катышуучулары жыл сайын 17-мартта бул жерге келип, аларды эскерүүнү адатка айланткан. Маал-маалы менен Боспиекке өлкө жетекчилери да бул күнү барып турат. Быйыл эскерүү иш-чарасы облустук бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда чакан форматта өттү.

Абсаттар Сыргабаев

"2002-жылы ошол кездеги авторитардык бийлик ушул козголоңго түрткү болуп, адилетүүлүктү, эркиндикти сүйгөн биздин эр-азаматтар бийликтин адилетсиздигине каршы чыккан. Бул иш-чара ар жылы болуп турат. Бул тарых болуп калды, андан биз сабак алышыбыз керек. Мен ойлойм ошондо каза болгон жарандардын изги тилектери эми минтип аздан болсо да ишке ашып келе жатат", - деди президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев.

“Шейит мазар”

Президент Садыр Жапаровдун Аксы окуясынын 22 жылдыгына байланыштуу элге жолдогон кайрылуусунда "бийлик бул каргашаны унутпаганы, элдин бакубат жашоосу үчүн кызмат кылып жатканы» айтылган.

“Аксы окуясынын каармандары тарыхый бурулуш катары чоң сабак калтырышты. Бул трагедиядан азыркы жана келечектеги муундарыбыз сабак алып, бакубат жашоого умтулушат деген терең ишеничтебиз. Биз Аксы окуясын жадыбыздан чыгарбай, элдин үмүт-тилегин аткаруу үчүн жан үрөп иштөөдөбүз. Төрт тарабы шай келген, кен байлыктарга бай келген, жаратылышы кооз, суусу мол өлкөбүздү өнүктүрүүгө, кылымдарды карытып келаткан ары нарктуу, ары салттуу кыргыз элинин бакубат турмушун камсыз кылууга бар аракетибизди жумшап жатабыз. Бир катар тармактарда жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизинде орун алган көйгөйлөр четинен чечилүүдө. Албетте, мунун баары “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” биримдиктүү журтубуздун колдоосу астында ишке ашууда", - деп жазылган кайрылууда.

17-март - Аксы окуясынын курмандыктарын мамлекеттик деңгээлде эскерүү күнү деп жарыяланган. Кандуу окуя орун алган Боспиектин кире бериши "Шейит мазар" деп аталып калган.