Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Түркмөнстандын борборунда өткөн 15-саммити ишин жыйынтыктады. Анда ЭКОну динамикалык уюм катары бекемдөө, ага мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын тереңдетүү жана кеңейтүү, жалпы баалуулуктарды жана кызыкчылыктарды түзүү боюнча Ашхабад консенсусу кабыл алынды.
28-ноябрда Ашхабад шаарында ЭКУнун 15-саммити өтүп, ага Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров да катышты. Мамлекет башчы саммиттин алкагында Түркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердимухамедов менен жолугушту.
Иш сапары аяктаган соң, президент Жапаров 28-ноябрда кечке жуук Бишкекке кайтып келди.
Экономикалык кызматташтык уюмуна Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстан мүчө. Кыргызстан уюмдун курамына 1992-жылы кирген.(ZKo)
Дагы караңыз
Бишкек абанын булганышы боюнча индексте алдыңкы катардаШайлоо-2021: Чет өлкөдө шайлоочулардын 8% жакын добуш бердиЖуртташтар: шайлоодо Италиядагы жарандар активдүү"Клооп Медиа": Саат 19:00гө карата 357 мыйзам бузуу катталдыОш милициясына шайлоого байланыштуу 16 арыз түштүСаат 18:00гө карата шайлоочулардын 28% добуш берди Шайлоодо прокуратурага 70тей арыз-даттануу түштү Кара-Сууда төрт аптадан бери изделип жаткан 15 жаштагы кыз табылдыАксыда айрым добушканалардагы эмдөө нааразылык жаратты