Экспонатка бай музейлер

“Супара” этнокомплексиндеги интерактивдүү этномузей 2021-жылы 11-мартта ачылган.

Кыргызстанда 67 тарыхый, тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый корук, мемориалдык, көркөм жана адабий музей бар. Алардын көпчүлүгү баш калаа Бишкекте жайгашкан.

Бүгүн 18-майда дүйнө жүзүндө Музейлердин эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул датаны утурлай биз Бишкектеги кызыктуу деп саналган бир канча музейлерди тизмектедик.

Суу музейи

Бишкектеги Суу музейи 2015-жылы ачылган. Кыргыз улуттук агрардык университетинин имаратында жайгашкан. Борбор Азиядагы алгачкы суу музейи болуп саналат.

Суу музейи.

Музейде шаркыратмалар, жер катмарындагы жана жер астындагы суулар, ичүүчү суунун булактан керектөөчүгө кантип жетери көрсөтүлгөн. Ар бир бөлмөдө суунун агымын көзөмөлдөй турган заманбап техникалар бар.

Суу музейинин ички көрүнүшү суу түтүгүнө окшош.

Европалык жаран күнүнө 50 литр суу пайдаланса, кыргызстандык жаран 560 литр керектери айтылып келет. Музейде сууну кантип үнөмдөп, пайдалануу керектиги жөнүндө да билүүгө болот.

Акча музейи

Улуттук банктын Нумизматикалык музейи 1998-жылы улуттук валютанын колдонууга киргизилишинин беш жылдыгына арналып ачылган. Мында кыргыз сомунун өнүгүү тарыхы, анын ичинде банкнотторду жана монеталарды чыгаруудан тартып жок кылууга чейинки маалыматтар коюлган.

10 сомдун үлгүсү.

Музейде Кыргызстандын аймагында, анын ичинде Улуу Жибек жолу мезгилинде табылган байыркы тыйындар, Улуттук банк тарабынан 1995-жылдан тартып чыгарылып келген коллекциялык монеталар, алтын куймалары, белек үчүн даярдалган ар кандай продукциялар коюлган.

Зоология музейиндеги крокодил жана питон

Улуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музейи Кыргызстандагы уникалдуу музейлердин бири.

Мында Кыргызстандын фаунасында кездешкен 1392 жаныбар, курт-кумурска, балык, жөргөмүш, кене жана көпөлөктөрдүн кеби бар.

Зоология музейдеги куштардын кеби.

Музейде башка жактан алып келинген жаныбарлар да бар.

Крокодил.

Музейге кирүү акысы балдар үчүн 10, студенттер үчүн 20, башка көрүүчүлөр үчүн 30 сом. Тилекке каршы, бул жерге көрүүчүлөр өтө аз келет.

Этномузей - Супара

"Шоро” компаниясынын жана “Супара” этнокомплексинин негиздөөчүсү, маркум Табылды Эгембердиевдин элесине арналган бул музейде XIX-XX кылымдардагы кыргыз маданиятына тиешелүү уникалдуу экспонаттар чогултулган.

Музейдин экспонаттарынын арасынан полимер чоподон жасалган майда миниатюраларды көрүүгө болот. "Өнөр айылы", "Улуу көч", "Көк бөрү" деген миниатюралык композицияларды уюштуруучулар музейдин сыймыгы деп атап келишет.

Кыргыз тарыхын чагылдырган этномузей

Музейге кирүү акысы - 100 сом.

Фрунзе үй музейи

Михаил Васильевич Фрунзенин мамлекеттик мемориалдык үй-музейи 1926-жылы курулган. Ал Бишкектеги эски музейлердин бири болуп саналат.

Музейдин 13 миңге жакын экспонаты бар. Алар – түп нускалар: Фрунзенин туугандары жана жакындары тарабынан тапшырылган жеке буюмдар, курал жана документтер, ошондой эле эмерек, идиш-аяк, анын өздүк китепканасы коюлган.

Михаил Фрунзенин эстелиги.

Улуттук олимпиада комитетинин музейи

Улуттук олимпиада комитетинин музейинде Кыргызстандын спортчуларынын Олимпиада жана Азия оюндарына катышканы тууралуу маалыматтар, спортчулардын эл аралык мелдештерден утуп келген айрым байгелери коюлган.

Музейде андан сырткары кыргыз спортунун орчундуу окуялары, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенттеринин, кыргыз спортчуларынын өмүр таржымалдары тууралуу маалыматтар камтылган.

Эл баатырынын эстелик музейи

Кыргыз Эл баатыры, скульптор, сүрөтчү Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм өнөр академиясынын музейи өлкө тарыхына өчпөс из калтырган улуу инсандардын эстеликтерин камтыйт. Бул музейде илим, маданият жана саясат айдыңында баа жеткис эмгек кылган залкарларды жакындан көрүүгө болот.

Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм өнөр академиясынын музейи

Эки кабаттан турган музейдин 12 бөлмөсүндө Тургунбай Садыковдун 200гө жакын эмгеги коюлган.

Тургунбай Садыковдун 1986-жылы жасаган "Ысык-Көл форуму" эмгеги.

Улуттук тарых музейи

Улуттук тарых музейи 1926-жылы Кыргызстандын Борбордук музейи катары М.В. Фрунзенин ата-энесинин мурдагы үйүндө негизделген. Уюштуруучусу жана алгачкы директору - этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон.

Анын негизинде 1936-жылы өз алдынча Мамлекеттик чөлкөм таануу музейи түзүлгөн. 1943-жылдан кийин музейдин базасында Улуттук маданият музейи менен Табият музейи (азыркы Зоология музейи) түзүлгөн.

Дээрлик беш жыл жабык турган Улуттук тарых музейи 2021-жылы 19-ноябрда салтанаттуу түрдө ачылды.

2016-жылы оңдоо иштерине байланыштуу жабылган музей коррупцияга байланыштуу талаштуу жагдайлардан улам жана сот иштерине байланыштуу дээрлик беш жылга чейин ачылбай турган.

Жаңыланган музейге байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп нускалары коюлган.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи 1935-жылы негизделген. Ал КМШ өлкөрүнүн арасында 10 мыкты музейдин бири болуп саналат.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин сырткы көрүнүшү.

Музейдин живопись, графика, скульптура сактоочу, жасалга-колдонмо өнөр бөлүмдөрү, реставрация өнөрканасы, китепкана, фотолаборатория, кинолекторий, методика кабинеттери, экспозиция залдары, скульптура аянты бар.

Музей коллекциясынын негизин С. Чуйков, Г. Айтиев, С. Акылбеков, В. Образцов, А. Игнатьев, О. Мануйлова, Л. Ильина, А. Михалёв, Т. Садыков, Ж. Үмөтов, С. Ишенов ж. б. кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары түзөт. Экспонаттары жаңы табылгалар менен үзбөй толукталып турат.