Мурдагы билим берүү министри, "Сорос-Кыргызстан" фондунун экс-жетекчиси Чынара Жакыпова 17-июнда Улуттук коопсуздук кызматына (УКМК) сурак берди. Ал атайын кызматка аталган фонддун имаратын сатып алууга байланыштуу күбө катары чакырылганын билдирди. Коопсуздук кызматы азырынча комментарий бере элек.
Ушул айдын башында атайын кызматка "Сорос Кыргызстандын" азыркы жетекчиси Шамил Ибрагимов дагы сурак берип чыккан. Бул окуялар коомчулукта түрдүү божомолдорду, талкууну жаратты.
Чынара Жакыпова УКМКга суракка чакырылганын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда атайын кызматтын өкүлдөрү аны күбө катары чакырганын, иш "Сорос Кыргызстан" фонду сатып алган имаратка байланыштуу экенин билдирди.
Жакыпова бул фондду 1994-1998-жылдары башкарганын, имарат 1999-жылы сатылып алынганын, ошондуктан буга тиешеси жок экенин белгиледи.
Дагы караңыз Бейөкмөт уюмдардын жардамы жакшы, өзү жаманбы?Жакыпова атайын кызматтын өкүлдөрү менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө алар “бир-эки купуя суроолору барын” айтышканын билдирип, "Эч ким тууралуу сөз ташыбайм. Баса, Шамил Ибрагимов да ал учурда өспүрүм бала болчу" деп жазды.
"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Чынара Жакыповага юридикалык жардам берилерин "Азаттыкка" билдирди.
Ал Жакыпова сурактан чыккандан кийин Чолпон Жакупова Фейсбуктагы баракчасына "баары жайында экенин, сарсанаа болууга негиз жоктугун, тергөөчүлөр сылык-сыпаалыгын көрсөткөнүн жазды".
Чынара Жакыпова сурактан чыккандан кийин азырынча кандайдыр бир комментарий бере элек.
Ал Орусиядагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. Тарых илимдеринин доктору, профессор. Улуттук университеттин Жаңы жана соңку жаңы тарых кафедрасын жетектеген. Өлкөнүн алгачкы эгемендик жылдарында, 1991-1992-жылдары билим берүү министри болгон жана өзүнүн билдиришинче, кызматтан өз эрки менен баш тарткан.
Дагы караңыз Сорос Путинди жеңип, дүйнөнү сактап калууга чакырды1994-1998-жылдары "Сорос-Кыргызстан" фондунун алгач аткаруу деректири, андан кийин фонддогу башкармалыктын жетекчиси болгон.
2000-2005-жылдары Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) аймактык директору болгон. 2005-2014-жылдары Коомдук саясат институтун, Бишкек пресс-клубун башкарган. Жакыпова 2014-жылдан бери эч нерсе менен алектенбей турганын жазды.
Укук коргоочу Рита Карасартова анын "Сорос" фондуна байланыштуу суракка чакырлышын соңку жагдайларга байланыштырды.
"Жакында эле орусиячыл басылмаларда "Сорос" фонду тууралуу макала чыгып, анан ал кыргызча которулуп таратылып, аябай иштеп жатышат. Мен ошол жак менен эле байланыштуу деп ойлоп жатам. Маселен, Ташиев орусиячыл экенин ачыктан ачык эле көрсөтүп жатпайбы. Президент болсо тең салмактуулукту кармаганга аракет кылып жатат. Фонддун имараты шаардын так борборунда, балким кимдир бирөөлөрдүн көзүн кычыштырып жатат. Азыркы бийликтин тушунда 17-18 жыл мурдагы токтомдор деле жокко чыгып калып жатпайбы".
Президентке караштуу башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев ар түрдүү божомолдорго жол берилбеши керектигин белгиледи. "Сорос Кыргызстан" фондуна байланыштуу соңку сурактарды Орусиядагы кырдаалга байланыштырууга болбой турганын айтты.
"Негизи эле имиштерге, ушактарга жана божомолдорго комментарий бербеш керек деп эсептейм. Жагдайды билбегенден кийин комментарий берүү мүмкүн эмес. Мен Чынара Жакыпованы тааныйм, чогуу иштешип калдык. Биздеги көрүнүштү Орусиядагы кырдаалга салыштыруу болбойт. Бизде бир дагы бейөкмөт уюм жабылган жок. Күчүндө турат, Баш мыйзамда кепилдик каралган. Андай деле чабуул деле жок".
Ушул айдын башында "Сорос Кыргызстан" фондунун учурдагы директору Шамил Ибрагимов дагы УКМКга сурак берген.
Ал "Биздин фонд жайгашкан имарат боюнча маалыматтык жолугушуу болду. Кошумча маалыматтарды билгилери келиптир. Мен бардык маалыматты айттым. Башка маселе жок деп ойлоп турам. Имарат кантип алынган деген сыяктуу суроолор берилди. 24 жылдан бери бир дагы мындай маселе көтөрүлгөн эмес. Эмнеге азыр суроо болуп жатат, түшүнүксүз" деп билдирген.
УКМК анда дагы түшүндүрмө берген эмес.
"Сорос Кыргызстан" фонду Кыргызстанда 1993-жылдан бери иш алып барат. Ошол жылдан тарта фонд жети тематикалык тармакта, коомдук саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук, жарандык катышуу, жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүү, санариптешүү, илимий изилдөө багыттарында жардамдарды берет. Анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат интернетте ачык булактарда жайгаштырылып, эл аралык аудиттик компания жыл сайын текшерип турат.
1995-2021-жылдар аралыгында жогорудагы багыттар боюнча жергиликтүү уюмдарга жалпы 111,45 млн. доллар жардам берген. Анын 40% жакыны саламаттык сактоо тармагына багытталган. 2020-жылы фонд мамлекеттик бюджетке 29,4 млн. сом которгон.
"Сорос Кыргызстан" фонду каражаттын 44,4% же 1 млн. 922 миң 115 долларын коомдук саламаттык сактоого бөлгөн.
Дагы караңыз Грантка үмүт арткан КыргызстанКоронавирус пандемиясы күчөп турган маалда "Сорос Кыргызстан" фонду тарткан каражаттын эсебинен жеке коргоонуучу каражаттар (СИЗ, миң костюм, медициналык беткап, бир жолу колдонулуучу колкап, бутка кийүүчү кап, антисептик), медициналык жабдуулар (өпкөнү жасалма дем алдырчу бир аппарат, кычкылтек концентраторлору, компьютерлер) жана дары-дармек ( гепарин, клексан жана цефепим дарыларын) менен бир катар мамлекеттик ооруканалар, медициналык мекемелер, "Тез жардам" кызматы, Ички иштер министрлиги, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, Билим берүү жана илим министрлиги камсыздалган.
Коронавирус жуктургандарга маалымат берип, бейтаптарга ыкчам жардам берүүчү 118 кызматын түзүүгө каржылык жардам көрсөткөн.
Мындан эки жыл мурда "Сорос Кыргызстан" фондунун ишмердүүлүгүн "Антитеррор" коомдук уюму айыптап, фонд салык төлөбөй, гранттарды туура эмес таратып, өлкөнүн ички саясатына аралашып жатканын айтып чыккан. Фонддун жетекчилиги коюлган айыптарды четке каккан.