Экологиялык апаат: Каспий тартылып, балык азайды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстанда Каспий деңизинин жээгиндеги мунайга бай Атырау шаары экологиялык оор абалды баштан кечирүүдө. Деңиз тездик менен тайыздап, балык азаюуда. Ал эми мунай өндүрүүчү ишканалар абаны булгап жатат. Бийлик соңку 25 жыл аралыгында Каспий 2 метрге тайыздаганын, суу жээктен 30 км тартылып кеткенин билдирди. Жетекчилер мунун себебин табият көрүнүштөрүнө жана техногендик факторго байланыштырып, суу тартыштыгын жана климаттын өзгөрүүсүн айтып жатышат. Адистер абал өзгөрбөсө, жакында бул аймактын 700 миң калкы экологиялык мигранттарга айланышы мумкүн экенин коңгуроо кагууда.