"Эки айдан бери таза суу жок". Какшыган конуштар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сокулуктагы Орок айыл өкмөтүнө кирген бир катар жаңы конуштарда таза суу тартыш. 3-июлда айылдыктар менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров жолугуп, нааразы болгон элге бир жумада маселе чечилет деп айткан. Бирок жергиликтүү эл бийликтин убадасына ишенбей турат.