Кыргыз журналистикасы Уулунан айрылды

Жекшемби күнү Бишкектен Уланбек Эгизбаевдин каза тапканы тууралуу кабар келди. Анча-мынчага жашыбаган менин да көзүмө жаш толду.

Эки жума мурунку жекшембиде Бишкекке баргам. Ошол жердеги кесиптештерим – Элмурод, Хондамир менен күнү бою ар нерсени сүйлөштүк. Сөз айланып отуруп, “Азаттыкчылар” жасаган иштерди талкуулай баштадык. Уланды мактадым. “Мыкты жигит, иштин майын чыгарып атат” дедим.

Бирөөлөр жанын сураса “жок” дей албай, өз жанын берип койгонго кайыл, бирок башкаларды орунсуз мактабаган “кызганчаак” кесиптештерим пикиримди колдошту. Уланды макташты.

Коштошуп атып Бишкектеги бюродо иштеген айрым кесиптештериме салам айтууну сурадым. Бирок “Уланга да салам айткыла” дебептирмин. Эми өкүнүп отурам. Жаманды "жаман" дешке шашабыз, бирок жакшыны дайыма эле "жакшы" дей бербейбиз.

Улан менен жеке тааныш эмесмин. Мен болгону анын күйөрманы, окурманы элем. “Азаттыкчылардын” жаңы муунунун өкүлү болгон бул жигит өтө тез көзгө көрүнүп, тилге алынды. Тайманбастыгы, өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылганы менен таанылды.

Коррупция жана жемкорлор тууралуу көрсөтүүлөрдү даярдады.

Эмне дейсиз, сөз эркиндигинин деңгэли коңшуларынын түшүнө да кирбеген Кыргызстанда башкалар коррупция жана коррупционерлер тууралуу жазбадыбы? Жазгандарды санаганга караганда, жазбагандарды табуу оңой.

Бирок башкалардын жазгандарынан имиш-имиш жыттанып, буюртманын кулагы көрүнүп калчу. Уландыкы болсо илимий иш сыяктуу кемтиксиз болду.

Улан өз эмгектерин фактыларга, фактыларга жана фактыларга таянып жасады.

Улан иликтеп жаткан темасы боюнча топтогон материалдардын маңызын таба билди. Ошол маңызды шурудай бир жипке тизе билди. Улан ошол шурудан жасалган баянын карапайым чабанга, академикке да бирдей түшүнүктүү, жалпак тилде айтып бере алды.

Улан журналисттик иши менен мыйзамсыз аракеттерди ачыкка чыгарып жаткан аткаминерлердин жеке намысына тийбеди, мазактабады, алардын үстүнөн күлбөдү.

Уландын көрсөтүүлөрүн көрүп отуруп, “курсагыңыз тоёт” – кошумча суроолор калбайт. Калса дагы Улан ал суроолорго жооп берүүнү каалабаганынан эмес, балким теманы казып, жеткен жеринен нары өтө албай калганы, нары өтүүнүн айласын таппаганы себеп.

Улан өзүнүн журналистикасы менен кыргыз журналистикасын, коомду тазарта баштады. Жок дегенде ушундай үмүт бере алды.

Уландын журналистикасы САПАТТУУ журналистика болду. Бул баа эмес, бул аталыш.

Уландын канча жашта экени тууралуу чынында такыр ойлогон эмес экенмин. Кечээ ал каза тапканы тууралуу кабарды окуп, эми эле 28ге киргенин билдим. Кичүү балам менен тең экен. Ыйладым...

Улан деген ысымдын өзбекче айтылышы Уул болот. Кыргыз журналистикасы Уулунан ажырады. Мен муну эч кандай пафосу жок, толук ишеним менен айтып жатам.

Уландын үй-бүлөсүнө, “Азаттыктагы” кесиптештеримдин кайгысына шерикмин.

Сарвар Усмон, "Азаттыктын" өзбек кызматынын журналисти.

Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.